Токтогул өз доорунун «Беш каманын» ырдаса мен, мен «Азыркынын камандарынын»ырга коштум

Акын Кадырбек Керимбеков (Саяковский):

 – Кадырбек байке, табият бер-ген талантыңыз, колуңузда калемиңиз бар, жорго сөздөр өзүнөн өзү оозуңуздан куюлуп түшкөн тубаса акынсыз. Акыркы 20-30 жылдан бери жалаң куйкум сөздүү курч ырларды жазып келатасыз. Чыгармачылык тушооңуз качан кесилип, качан ыр жаза баштады элеңиз?

– Кетмен-Төбө – кең өрөөн, кереметтен бүткөн жер. Бул жерде жарык дүйнөгө наристелер ырдап келип, ырдап өтүшөт. Ошонун бири — мен. Торкен деген айылда 1949–жылы төрөлүптүрмүн. Мектептин кереге гезитин чыгарганга 5-классымда менден улуу балдакыздар кошуп алышкан. Ыр жазчумун. Чоң класстын тентектеринен далай муш жедим. “Здачысын” берчүмүн… Тентек болгонум менен, окууну катыра окуп, мектепти жалаң “5” менен бүттүм.

 – Өзүңүз айтмакчы, Кетмен-Төбөдөн, ырдын кенинен эмессизби, бул өнөр сизге аталарыңыздан мураска калса керек?..

– Мүмкүн. Торкенден далай торгой үндүү ырчылар чыккан. Аттигиниң, ыр

менен кошо жаралган Байдылда, Какен, Эсенгул аксакалдар сыяктуу калемимди жаштайыман ушул күнгө чейин түшүрбөй кармасам, менден деле “акын” деп айта турган киши чыкмак окшойт.

 – Албетте, анда залкарлардын катарында турмаксыз, арийне, азыр деле калем таштаганыңыз жаман эмес. Эки сапты уйкаштыра албагандар деле өзүн акынмын деп көкүрөгүн кагып жүрүшөт. Аларга караганда, сиздин ырларыңыз тирүү эмеспи. Жаңы китептериңиз качан чыгат?

– Жыл жаңырса демөөрчүм жазгандарымды эки жыйнак кылып чыгарууга белсенип жатат. Аз болсо да кыргыз элиме менден аманат-белек катары калат. Ошондо ортого коюп окуйбуз, күлөбүз.

 – “Чоң окуу бүткөн эмесмин, чоң тебетейими элеттин. Чоңдоруң менен ойнобойм, Чокойчон элге керекмин”, – деген ыр саптарыңызга караганда, чоң окуу жайынан окубаганыңызды айтыпсыз. Басып өткөн жолуңуздан бир аз баяндап бербейсизби? Башыңыздан бир топ окуялар өткөндөй.

– Тагдыр деген татаал нерсе бар экенин кийин түшүндүк да. Университетке өтпөй калдым. Биринчи эле экзаменден, сочинениядан “кулагам”. Кечки даярдоо курсуна кирип, күндүз иштеп жүргөндө аскерге алып кетти. Аскерден келген соң, ата-энемди карыганда таштап кетким келбей айылда калдым. Турмуш… жашоо… тагдыр… адамды кайра окутуп, адам кылып чыгарат экен. “Беш” менен бүткөн аттестат эмес, дипломдор эч нерсеге жарабай калбадыбы. Союздун уба-гы — жөн эле тиргилик менен алышып, тынч жашап өтөм деген пенделер үчүн сонун эле болгон. Азыркыдай “чачтан көп проблема” болгон эмес. Күчүбүздү аракка чыгарып… кайран өмүр жел менен өткөнүн азыр ойлосом… кара жер катуу… Ичкен арагыма тең болбой далай жыл өлүү-тирүүнүн ортосунда жүрдүм. Оору экен. Оор экен. Бул чындык. Уят! Элге-журтка, башка адамдарга зыяным тийген жок. ¯й-бүлөм азабымды тартты!

 – Коомдук-саясий тематикадагы ырларды жазып калганыңызга заман себепкер болгондур. Айтылуу Максим Горькийдин “Бороон кабарчысы тууралуу сөз”, “Эне” ж.б. чыгармалары, В.Маяковскийдин “Стихи о советском паспорте” аттуу ыры, Блоктун “Кара кишиси” ошол доордогу революциялык духтагы Россиянын жашоосун чагылдырат эмеспи.

– Ошондой десе да болот. Саясий темадагы ырларды Байдыкемдин “Буйруса Мидин жазбаганды, мен жазбаганды сен жазасың! Эми бизге окшоп “табышмактуу” тамсил жазбай аты-жөнүн атап, бетке чапкандай жаза берчү заман келди. Сенин тилиң ошого ылайык экен”, — дегенден кийин биротоло саясат, саясатчыларды жазып кеттим. Ага чейин эле Акаев өзүн “президент”, облус башындагыларды “губернатор” атап алганда жазганым, эгемен кыргыз ажосуна жазылган азил чыны аралаш алгачкы ыр болду.

 – Ага чейин жазган жок окшойсуз?

– 1993-жылга чейин ыр жазбаптырмын. Жазгандарым жоголгон блокноттор менен кошо жоголуп кетти. Жабалактап жайнаган гезиттер чыга баштаганда, ыр мени багарын түшүндүм… Беш-алты гезитке “заказына” жараша жараша жазып, тыйын таап жүрдүм. Кыс ка мөөнөттүү журналисттик курста эки жолу окудум. Бала кезимен ушул күнгө чейин көзгө көрүнгөн китеп, гезит, журнал, жөн эле бир барак болсо да окуган адатым бар. Ошол адаттын пайдасы кийин тийди. Азыр карылыкка алдырып баратам, болбосо бир окуганымды оңой менен унутпаган “өнөрүм“ бар эле. Саясатка да бала күнүмдөн кызыкчумун. Кайсы карапайым жумушчу “Капиталды” калтырбай окусун, мага окшогон “жинди” болбосо.

 – Кетмен-Төбөдөн жалаң демократ акындар чыккан. Алардын ичинен эң көрүнүктүүсү, хандан-бектен жалтанбаганы сиз болсоңуз керек деген ойдомун. Токтогул өз доорунун “Беш камандын” ырдаса, сиз “Азыркы камандарды” жаздыңыз. “Беш каман” менен “Азыркы камандардын” айырмасы бар бекен?

– Эл тагдыры чечилип жаткан кыйын күндөрдө эсирген манаптарды эсине келтире турган саптарды жаздым деп айта алам. Дооронбек Садырбаевдин сунушу боюнча биринчи жана экинчи ыр жыйнактарым “Чыр дептер” аталды. Кийинки чыгармаларымдын бирин Жогорку Кеңештеги беш фракцияга арнап, Токтогул атабыздын 150 мааракесине арнап “Беш каман” атадым. Булар басмадан расмий чыккандары. “Беш каманды” Кетмен-Төбөдөн 200 сомдон саттырбай, Бишкектен 1000 сомдон жардамчыларынан өздөрү алдырышты.

 – Укканыбыз бар. Ар ким ар кандай айтат, ушул окуяны өз оозуңуздан уксак?

– “Беш каманды” көтөрүп алып, Кетмен-Төбөмө, Токтогул атамын тоюна бардым. Ж.Оторбаев баш министр, “Ата-Мекен” аркылуу келген, Т.Сарпашов вице-премьер-министр, Ак үй, көк үй бүт эле көчүп барганбы… Кадимки эле китеп саткан күркөгө: 200 сомдон мага бер, канчадан сатсаң өзүң бил” деп 20 китеп таштап, акимчиликке кирип кеттим. Ал жакта тааныш-билиштер менен сүйлөшүп, кайра чыктым. Акимчиликтин маңдайындагы китеп күркөнүн алдында он чакты адам бар экен. Тааныш, “союздан” калган менден улуу эски кызматкерлер эле,саламдашуу га кайрылып калдым. Ошондо эле алардын алды жетимиштерди таяп калган.Аттарын атабай эле коёюн. “Кадырбек катуу чыгыпсың, Токтогул атабыздан сен өтүп кеткен турбайсыңбы? Ал кичине бир аймактын манаптарын ырдаса, сен эгемен кыргыз мамлекетиндеги элитанын эч кимисин калтырбай мазактап салыпсың го. Кечээ эле арактан башың чыкпай сандалып калбадың беле?, – деп бирөө баштады эле, калганы “жиреп” ит талагандай кылышты. Каршы сөз айтыш пайдасыз эле. Күркөдөгү аял беш китебимдин акчасын берип,калган  китептеримди колума карматып, акырын: “саттырбай жатышат”, – деп шыбырап кетти. Кимдер кылганын билсең да моюндарына коё  албайсың.Ачык эле “мен саттырбай койдум” десе, колумдан эмне келмек?.. Той өткөн көл жээгинде да үч-төрт жерде китеп сатуу уюштуруптур, алар да албай коюшту. 50 китеп алпарып, 30дайын Бишкекке кайра көтөрүп келдим. Баарынан акын-жазуучулар үчүн көтөрүлгөн өргөөгө зайбым экөөбүздү киргизбей коюшту. Карапайым момун эл “чоңдордун” айтканын кылат. Аларга таарыныч жок. Кийин Бишкекке келгенде, жардамчыларын жиберип, бир китепти 1000 сомдон алышты.

 – Чыгармаларыңыз элге алынып кеткен соң, элдик акынболгонуңуз ушул  эмеспи?

– Ооба, ал жагы да бар. 2016– жылы студенттердин тобу: “Сиз руксат берсеңиз, жеке адамдарга жазылган азил-тамашаларыңыз көп экен, ушулардан бир топтом жыйнак чыгаралы”, – деп келишкенинен, руксат берсем, чыгарып сатыпжүрүштү. Заманга жараша ырларым ”өтүмдүү товар” катары бааланганына сыймыктандым

 Уялбайм

Саясаттын акыны, – дейт эл мени,

Сайратпайбы бул турмуштун көйгөйү.

“Кыйындары” кыйнап жатса кыргызды,

Кыйраткансып жазат элем эмнени?

Эшек деле кызматтагы чоң тура,

Эл баккандан элди алдаган “оң” тура

Атпай журтту адаштырган акылдан,

Акшакалдар, дүжүр чалдар толтура.

Аралашмын өзүмө тең эл менен,

Алданганын түшүнүшпөйт… эмне дейм..?

Алым жетпей, тилим менен теңелип,

Ак үйгө анык душман болдум өңдөнөм.

Поэзия лөктөрүнө теңелбейм,

Боз торгоймун бир кыштоодо төрөлгөн.

“Шизиктерге” тебелетип калкымды,

Лирик болуп жыргап кетет белем мен.

Ыр сызылат толтосунан жүрөктүн,

Ыр “жасайм” деп сөздү келбейт жүдөткүм.

Уялбаймын акынмын деп айтыштан,

Ураандарын жазсам деле күрөштүн.

Чокоюмдун жыртыгынан уялбайм,

Чоңдоруңа кошоматты кыла албайм.

¯стүмдө үйүм, астымда атым жок дебей,

¯мүтүмдү үзбөй жашайм Кудайдан.

 Элимдин

эрке сарысы

(Байдылдага)

Таш жарып учкан данканы,

Талаага таштап канчаны.

Тандап чапкан Мидикем,

«Таластан чыккан Тайсары».

Сабына сан ой чөгөргөн,

Саналуу чыгат чеберден.

Ырыстуу адам экенсиз,

Ыр эле болуп төрөлгөн.

Ырынан кыз, гүл жыттанып,

Ыр жандуу кыргыз суктанып.

Күйдүргү кермек жагдайда,

Күлкүнү кеткен кыстарып.

Калпакты кийип кардан ак,

Калеми ырын саймалап.

Учкулу Шумкар-Уянын,

Улуу Тоо башын айланат.

Отчеттун бардыр жаңысы,

Ашуудан ашкандагысы.

Кылымдык өмүр тилеймин.

Кыргыздын Эрке сарысы!

«Кыргыз Туусу» Болтбек Таштаналиев