Дөөлөт СЫДЫКОВ, манасчы: «Манас» менен кыргызды бири-биринен ажыраткан күнү кыргыз жоголот»

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Гиннестин китебине кирүү жана элге ынтымак, туруктуулук каалоо максатында, 12-ноябрда борбордук «Ала-Тоо» аянтында эртең мененки саат 9.40тан, түнкү 00.27ге чейин тынбай “Манас” айтты.

– Дөөлөт, дагы бир жолу куттуктайбыз. Деги эле, узак убакытка «Манас» айтып Гиннес китебине кирүү идеясы качан, кантип пай- да болгон?

– Бул идея үй-бүлөбүз менен дасторкондо отуруп эле сөздөн-сөз чыгып отуруп пайда болгон. Жубайым Ырыс Окенова тележурналист, режиссер катары “Манасты”, манасчылыкты дүйнөгө даңазалоо идеясын көп көтөрөт. Бирок иштин баары эле барып каржы маселесине такалат эмеспи. Бирок идеябызды ишке ашыруу үчүн ишкер Азат Исакуновго кайрылсак, дароо эле колдой турганын билдирди. Буга чейин деле эч кимге жарыя салбай, муктаждарга жардамы тийип, айрыкча, пандемия учурунда элге он беш миллион сомун берген мекенчил уул: “Мени жардам кылды деп айтпай эле койгула”, – деп суранган. Бирок иш-чаранын соңунда элдин батасы тийсин деп, айтууга туура келди. Эл ыраазы болду. Ылайым эле элдин алкышы, батасы кабыл болсун.

– Кечке маал кар да жаап жибербедиби, дегеним, аянтта эмес, маданий мекемелердин биринде уюштурсаңар болот беле?

– “Манас” бийик жерде айтылыш керек деп, аянтта – беш метр бийиктиктеги боз үйдүн ичинде айтуу идеясын бизге журналист Элнура Кулуева сунуш кылды. Биз туура көрдүк. Ал эми эл көрүп, ачык, күбө болуп турсун үчүн боз үй атайын айнектен жасалды.

– Бул күнгө канча убакыт жана кантип камындың?

– Негизи, бул иш-чара күздөгү парламенттик шайлоо бүтөрү менен башталмак. Шайлоону тааныбоо тууралуу ызы-чуу чыгып кеткенден улам, кийинки жылга калтырсакпы деген ой кеткен. Бирок кайра: “Манастын” деми менен элибизге тазалануу болсун, кут, жакшылык орносун, эртеңдерге ишеним артылсын”, – деген жакшы ниет менен токтотпоону туура көрдүк. Аз эле убакыт камынып, эң алгач Чеч-Дөбөгө – Манас атанын, Алмамбет, Кошой аталардын рухуна, Ысык-Көл энебиздин, биякта Байтик ата-быздын, Балык ооз, Саякбай атабыздын алдыларына барып, Кудайдан жол сурадык.

– Айтуунун алдында апкааруу же коркуу сезими болдубу?

– Апкааруу, коркуу сезими болду. Ашыраалы Айталиев атабыздын 80 жылдыгында: “Сахнадан сүрдөйсүзбү?” – десе: “Сүрдөйм. Сахнадан сүрдөбөгөн, толкундана албаган талант – талант эмес!” – дегени эсимде.

– Ошол айтуу учурунда же ага чейин кандайдыр аяндар болдубу?

– Болуп жатты. Баарын элге жакшылык болот экен деп жоруп жаттым. Атүгүл, эл бүркүттөрдүн келгенин айтып жатышат. Айрыкча күн ысып, анан жамгыр, кар жаап, бир эле убакта төрт мезгилдин болгонун да: “Элибизге, жерибизге кут төгүлүп, ынтымак-ырыс орнойт экен”, –деп жакшылыкка жорудум.

– Кандай кыйынчылыктар болду?

– Угуп, көрүп тургандар, жалпы коомчулук: “Кыйналды го, эми кантер экен?” – деп бушайман болушкан экен. Бирок биз айтуу учурунда өзүбүз да дем-күч алып, элге да ошондой энергия берүү менен кубаттанабыз да. Анын үстүнө элдин батасы, сүрөөсү, бабалардын жолу бар эмеспи. Эч кандай кыйынчылык болгон жок, өзүмдү абдан жакшы сезип отурдум.

– Он төрт саат 27 мүнөт болгондо барып токтотушпаганда, дагы канча убакыт айтат элең?

– Токтотушпаса таң атканча деле айта берет болчумун. Кийин билсем, окумуштуулардан турган эксперттер ушундай чечишкен экен. Айтылчу эпизоддор айтылбай, алымсынбаган эле абалда калдым чынында.

– Менимче, он төрт сааттан ашканда эки сутка деп белгиленет. Эми ушул убакыт ичинде, болжол менен эпостун канча пайызын же кайсыл эпизоддорун айттың?

– Манастын ата-бабаларынан башталып, кытайлардын чапкыны, кыргыздардын Алтайга барып отурукташканы, Манас атабыздын төрөлүшү, бала кези, алгачкы эрдиктери, андан кийин Манас атабыздын хан шайланып, бата алганы Кошой атабызга келатып, көлгө жеткен жеринен токтоду.

– Эксперттер тобунда кимдер болду?

– Иш-чарадан илимий тыянак чыгаруучу окумуштуулар тобунун төрайымы – филология илимдеринин доктору, манастаануучу Жылдыз Орозобекова, ошондой эле окумуштуулар – филология илимдеринин доктору, доцент Гүлнара Айтбаева, КУИАнын “Манас” бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин доктору Мээрим Көлбаева, философия илимдеринин кандидаты, манастаануучу Гүлзат Алиева болду. Ушул окумуштуулар ишчара учурунда түз эфирде болушуп, элдик медиа каналында улам сыпаттама берип турушуптур. Бүгүнкү күндө да Лондон менен түз иштешип, “Манас” тууралуу маалымат берип жатышат.

– Ал эми мамлекет башчылары тарабынан көңүл бурулдубу?

– “Манас” айтылган күндүн эртеси эле Садыр Жапаров кабыл алып, эл дайыма кыйын учурда Манаска кайрылганын эске алып: “Ушундай оор мезгилде “Манас” айтылып, элди жакшылыкка чакыруу абдан жакшы иш болду”, – деп ыраазычылык билдирди. Маданиятка көңүл бөлүү максаттарынын бири экенин сөз кылды. Мен дагы: “Борбор калаабыздын аты –“Манас” шаары болуп өзгөрсө жакшы болот эле”, – деген көптөн берки көтөрүп жүргөн маселемди ортого салдым. Келечекте “Манастын” атындагы бир шаар куруларын айтты.

– Гиннес тизмесине качан кошулабыз, буюрса?

– Мунун жыйынтыгы үч айлап барып чыгат экен. Азыр уюштуруучу топ иштеп жатат.

– Коом жана “Манас”, учурда бул экөөнүн байланышы, бири-бирине таасири кандай?

– Биздин байыркыбыз да, келечегибиз да – “Манас”. Кыргыз менен “Манасты” ажыратып караганга болбойт. Бул экөөнү бири-биринен ажыратса, анда кыргыз жоголуп кетет. Ошондуктан аны ар бир кыргыз баласы көздүн карегиндей сактап, дайыма туу кылып кармап жүрүшүбүз керек.

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”