«Манас» – болгон! «Манас» – чындык! «Манас» – биздин тарых!»

– Памирбек байке, 1995-жылдары «Манас 1000де» иштеп калдыңыз, жазуучу-манасчы А.Жакыпбеков менен иштештиңиз дегендей, “Манаска” тиешеси бар адамсыз. Эпос тууралуу эмне айта аласыз?

– “Манас” эпосу кайталангыс кубулуш. “Манасты” ар бир жолу уккан сайын, окуган сайын улам бир кырынан ачыла берет, таңгалып бүтпөйм. Айрыкча Саякбайды укканда, Ашым Жакыпбековдун “Теңири Манасын” окуганда, көкүрөгүмдө “Манастын” кайрыктары ойгонуп, өз ичимден “Манас” айта берем. Бир жума-бир жума ошол дем менен жашайм. Турмуштун майда-бараттары унутулуп, жерден бутум үзүлүп, көккө көтөрүлүп кеткендей болом.

 – Ашым Жакыпбеков «Ар бир адамдын көкүрөгүндө Кудай жашагандай, кыргыздын ар бир баласынын көкүрөгүндө өз Манасы бар. Эгер ал сүкүт салып, көзүн жумуп, көкүрөгүн тыүшаса, анын жүрөгүндөгү Манасы ойгонот. Кыргыздын ар бир баласы “Манас” айта алат» дечү эле…

– Ырас, Ашыке чоң манасчы болчу. “Манас – 1000де” чогуу иштеп калдык. Кыргыздын ар бир жаңы төрөлгөн баласы Манасы менен төрөлөт, ар биринин көкүрөгүндө өмүрү өткөнчө Манас жашайт дечү. Мен да ошондой ойдомун. Кеп, көкүрөгүүдөгү Манасты ойгото алабызбы, же көкүрөктөгү Абыке-Көбөш ойгонобу, ал башка маселе. Манас философиясынын маүызы муна ушул жакта. Манасты жашоо образына айланткандар бабабызга окшоп айкөл, кеменгер, баатыр, кара кылды как жарган калыс болушат, алар мекендин кара ташына да кара санашпайт. Абыке-Көбөштү жашоо образына айланткандар ачкөз, нысапсыз, аксым келишет, алардын кара башы аман болуп, кара курсагы тойсо болду, мекендин тагдыры эмне болот, аларга баары бир. Ашыке бизге ушул насааттарды айтып калтырган.

 – Ашыке менен мен да «Кыргыз маданияты» гезитинде чогуу иштешип калдым. Керемет киши эле. Анда «Теүири Манасты» жазып жаткан убагы, «Манасты» бүтсөм, «Семетей» менен «Сейтек» башымда бышып жетилип турат. Отурсам эле бүтүрөм дечү.

– Кайран киши ал тилегине жетпей, “Семетей» менен “Сейтек” жазылбай калды. Бул мен үчүн Манасты жоготкондой эле орду толгус кемтиктей сезилет. “Манас” эпосунун кульминациясы “Семетейде”. Залкар манасчылардын көбү “Семетейге” басым жасап айтышкан экен. Айтылуу Сагымбай Орозбаковдун манасчылыгына караганда семетейчилиги күчтүү болуптур. Көп манасчылар да эпостун “Семетей” бөлүгүн гана айтышкан.

 – А киши «Теңири Манастын» китеп болуп жарыкка чыкканын да көрбөй кетти да?

– Бул айтып бүткүс арман. “Теңири Манас” 1992-жылы жазылып бүтсө да, Манас – 1000 мааракесине – 1995-жылга чейин китепти чыгарууга мамлекеттен каражат бөлүнбөй же демдүү демөөрчүлөр чыкпай, Ашыке кыйла кыйналды, чайналды. Кол жазмасын өкмөт үйүнүн алдында өрттөөгө да оолуккан кези болду. Акыры, Алишер Ишимов аттуу кыргыздын алгачкы ишкер жигити “Теңири Манасты” 50 миң нускада чыгарууга белсенгенде Ашыкенин баягы түнөргөн кабагы жарк этип ачылганын көргөндө андан кем эмес кубанганыбызчы Тилекке каршы, Ашыкенин бир үмүтү ишке ашканы менен, дүйнөдөн мезгилсиз өткөндүгүнөн улам “Теңири Манастын” китеп түрүндөгүсүн көрбөй калды. Автордун көзү өткөн соң ага эл аралык коомдук Айтматов клубунун лауреаттыгы, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ыйгарылышы жана “Ашым Жакыпбек жазуучу – манасчы” деген элдик атак-даңкка ээ болушу окурман журтун аз да болсо жубаткансыды.

 – Сиз көп жылдардан бери «Теүири Манасты» орус жана англис тилине которуу боюнча демилге көтөрүп жүрөсүз, майнап чыкчудайбы?

– Бул маселе барып-келип каражат маселесине такалат экен. Бул сунуш менен көзү тирүүсүндө Ч.Айтматовго да кайрылдым. А киши “Теүири Манасты” өзүм которсом болор эле” деген аруу ниетин билдиргени бар. Бирок убактысынын тардыгына байланыштуу ал ишти колго ала албады. “Теңири Манасты” ошол көркөмдүк деүгээлде которор адам да таба албады окшойт. Ашыкенин АКШда жашаган уулу Улан менен “Теңири Манасты” англисче котортуу тууралуу сүйлөштүм. Азырынча сөз бойдон калууда. Аттигиниң, Алишер Ишимовдой чыныгы мекенчилдер чыгып калса, “Теңири Манастын” орус, англис тилине которулуп калар күнү алыс эмес. Анан да кеп, эптеп эле башка тилдерге которто коюшта эмес, мыкты которушта…

 – Гүлжигит Сооронкулов байке бар эмеспи. Ал мыкты которот го?

– Ооба, ал которсо болмок, колунан келмек. Ошентсе Ч.Айтматовдун тили менен айтканда, ал биринчи котормочу – манасчы болуп калмак.

 – «Манасты» кара сөзгө айлантып жазбаса да, «Кара кыргызды» жазган Орозобек Айтымбетовду да жазуучу-манасчы десек жаңылышпайбыз го дейм?

– Туура айтасың, убактысы келет, жазуучу-манасчы О.Айтымбетовдун “Кара кыргызы” тарыхтан өзүнүн татыктуу баасын алат. “Кара кыргыздай” залкар эмгекти жазуу үчүн “Манас” айткандай күч керек.

 – Орозобек байке «Кара кыргыздын» биринчи томдугунда акса-калдарга «Манас» айтып бергенин эскерген жери бар го?

– Ал эң алгач жолу “Манасты” семетейчи Тентимиштен уккан экен. Ошондон көп өтпөй кайтыш болду дейт. Кийин атактуу манасчы Саякбайдан “Манасты” бир нече жолу угуптур. Сары-Камышта Саякбайдын Токтом деген күйөө баласы узак жылдар бою мектепте директор болуп иштеген экен. Ошондон улам, ары-бери өткөндө Саякбай манасчы Сары-Камышка түшпөй кетчү эмес тура. “1957-жылы “Манас” жарыкка чыкты. 1958-жылы экинчиси, анан үчүнчүсү (“Семетей”), төртүнчүсү (“Сейтек”) жарык көрдү. “Манас” чыккан жылдар майрамга айланды. Айылдагы карыялар бир үйгө чогулуп, Токонго “Манас” окутушаар эле. Током кадимки семетейчи Тентимиш менен манасчы Саякбайды туурап, так ошолордун үнүнө, ыргагына салып, “Манасты” так эле тигилердин обону менен кырааттап, күпүлдөтүп окуп берер эле. Карыялар бирде жашып, кээде кубанып, алды өксүп же сүйүнүп, кези келсе чексиз арманга батып, угуп отурушчу. Ошондой күндөрдүн биринде Токон ооруп калды. “Манас” окуй турган киши жок, абышкалар ары кетип, бери кетип атып, мени “сен окуп көрчү” дешти. Ал кезде алтынчы класстагы кезим. Токондун ордуна келип, малдаш уруп, китепти алып, окуй баштадым. Адегенде сүрдөдүм, бирок отургандар: “Оо, жакшы окуйт турбайсыүбы, обонуна сал.. обонуна…” деп, шердентип жиберишти. Адегенде окуу мен үчүн өтө кыйын болду. Обонуна салган менен Токондой шыдыр окуй албай, кээде мүдүрүлө, бөгөлө калып, аным карыялар тарабынан кечиримдүү болуп, айтор эки- үч күндөн кийин гана обон менен окуганга көнүп, а бир жумадан кийин так эле Токондун өзүндөй “тытыраттым” дейсиң… Ошондогу, карыялардын мага айткан алкыш-ыраазылыктары ай! Азыр да жадымда. Аны азыр эстесем азыр, эртеү эстесем эртеү, дене боюм так ошондогудай чымырап, так ошондогудай элбе-делбе болуп, толкунданып, жан дүйнөмдү не бир чексиз сыймык уялай калат”, – деди эле кайран Орозобек Айтымбетов. Адамдын асылы эле, жаткан жери жайлуу болсун. “Манас” эпосунун күнүндө залкар манасчылар менен кошо Ч.Айтматов, А.Жакыпбеков, О.Айтымбетовго окшогон жазуучу-манасчыларды да эстей жүрөлү.

 – “Манас – 1000” мааракесинин 25 жылдыгы да өтүп баратканда айтар кебиңиз бардыр?

– Ооба. Эркин Кыргызстан макамы эл аралык деңгээлде таанылгандагы эң биринчи саясий-маданий иш-чарабыз дал ушул улуу сөзүбүздүн деми менен башталганына басым койсок. Элибиз жабыла түндүк көтөрүп, ааламдын ар тарабынан келгендерди жарык маанайда жадырай тосуп алганына ыраазы болгондордун чын дилинен айткан алкыш сөздөрү, таңдануулары кєптєгєн чет элдик басма сөз каражаттарында кеңири чагылдырылды. Эпос боюнча тасмалар тартылды, аны которуу, манастаануу жаүы нукка багыт алды дегендей… Саякбай залкардан кийинки аксакал манасчылар Каба, Шаабай, Уркаш, Назаркул, Сапарбек, Асанкан, семетейчи апабыз Сейдененин өнөр дараметин өргө тарткан азыркы жаш манасчылардын Таланталы, Рыспай, Дөөлөт, Улан сыяктуу жаүы мууну чыкканына кубанбаган кыргыз жок. “Манас – 1000” дирекциясын көзү өткөнчө жетектеген Ш.Шаршеев, жооптуу кызматкерлери А.Зулпуев, А.Акматалиев, А.Жакыпбектин жаткан жерлери жайлуу болсун. Б.Жакиев көркөм жетекчи, М.Шаршенбаев, А.Асанканов, Ж.Чынаев долбоор башчылары ж.б. кызматкерлердин да мээнети зор болгон. “Манас- 1000де” демөөрчүлүк кылгандардын бардыгына, өзгөчө А.Ишимовго, эпос боюнча көркөм образдарды жараткан сүрөтчүлөр Б.Жумабаев, Т.Герцен, Ж.Кадыралиев жана Т.Курмановго кыргыз журту ыраазы. “Акыркы манасчы” даректүү тасмасын тарткан режиссер-манасчы М.Убукеевдин ой жоромолу жокко чыгып жаткандыгын жакында эле 14 саат тынбай “Манас” айткан Дөөлөттүн таланты тастыктады. Демек, маегибиздин урааны бекеринен чакырылбаганы чындык. Бар бол! Бар бол!

«Кыргыз Туусу» Болотбек Таштаналиев