Мыктыбек ТАШМАТОВ, обончу: “Кызыбыз тасмада Сезимдин ролун мыкты аткарды”

Обончу Мыктыбек Ташматовдун кеминде 50дөй обондуу ыры болсо, анын төртөө гана элге жетип, ырдалып жүрөт. Мисалы, Бакыт Сейталиевдин аткаруусундагы “Сен мени” аттуу ыры өткөн жылы “Санжыра” радиосунун угармандары тарабынан “Жылдын мыкты ыры” деп табылып, байгелүү орунду жеңип алган.

– Мыктыбек, чыгармачылык менен дем алып, эргүү менен азыктанып жашагандайсың. Бирок эмнеге эл алдына чыкпайсың?

– Чынында эле, эл алдына чыкпай жүргөнүм менен бассам-турсам ичимден кайрып, обондордун деми, керемети менен жашайм. Бирок шартка байланыштуу, азыркы учурда үй-бүлөмдү багыш үчүн, башка эле иштер менен алектенип жүрөм.

Үй-бүлөсү менен

– Азыр ыр куржунуңда катылып жаткан канча обонуң бар?

– 50дөн ашык обонум бар. Биринчи обонум 2008-жылы «Ак жоолукчан» аттуу ырга чыккан. Ошондон баштап обон чыгарып калдым. Ырчылар ырдап жүрүшөт.

– Эмне үчүн өзүң ырдабайсың?

– 2010-жылдары жакшы эле чыгармачылыкка аралашайын деп төрт ырыма аранжиров-ка жаздыргам. Тилекке каршы, ал ырларым тар чөйрөдө гана жаңырып кала берди. Себеби, чыгармачылык менен алектенүү үчүн биринчиден чоң каражат, экинчиден тааныш керек экен. Өзүңүз билесиз, үй-бүлө деген чоң бакыт. Тапкан каражатымды жалаң гана чыгармачылыкка жумшап койсом, үй-бүлө эмне болот? Ошого байланыштуу, азыр бала-бакыраны чоңойтуп, башка маселелерди чечип коюп, андан кийин кеч болсо дагы чыгармаларымды элге тартуулайм дегенге токтолгом.

Элиза- Акшоола кино тасмасында

– Чыгарма деген сакталып жата бербей, жарыкка чыгыш керек го. Өзүңдүн убакыт-саатың келгиче, эмнеге башка ырчыларга бербейсиң?

– Башкаларга, албетте, ырдап чыгам дегендер болсо берем. Айрымдары ырды сурап алат деле, чыгара албай жүрө беришет. Анткени, анын себеби деле барып каражатка така-лат. Экинчиден, мен көшөгөнүн артындагы обончу болгондуктан, көптөрү тааныбайт. Ошол эле убакта айрым ырчылар белгилүү, таанымал акындар менен обончулардын ырларын ырдагылары келишет. Бизге көңүл да бурушпайт. Өзүмдүн бир тууган кайним Бакыт Сейталиев: “Жезде, сиздин обондорунуз жагат, мага бир обонунузду бериңиз”, – деп сураганынан “Сен мени” деген ырга жазылган обонумду бергем. Кудайга шүгүр, эл абдан жакшы кабыл алып, радиолордон улам сурап угуп жүрүшөт. Ушул ыр чыккандан кийин белгилү¿ бир топ ырчылар: “Сонун ыр экен. Мен ырдасам болобу?” – деп Бакытка кайрылышкан. Болбосо, ырды мен адегенде ошол эле ырчыларга өзүм сунуш кылган болчумун.

Кыздары-Элиза, Аиза

– Эмне дешти эле?

– “Жаккан жок” дегендер да, жөн эле жоопсуз калтыргандар да болгон.

Кино тасмада

– Жана үй-бүлө тууралуу кеп кылып калбадыңбы. Өткөндө “Акшоола” теле-сериалына үч балаң тең катышты?

– Ооба, жубайым Гүлиза экөөбүз эки кыз, бир уулдун ата-энесибиз. Жубайым Таластын Кара-Буурасынан болот. Колунан көөрү төгүлгөн уз деп мактанып коеюнчу. Негизи элекайын журтум да чыгармачылыкка жакын болгондуктан го, Кудай буюрса, балдарыбыздын баары таланттуу. Улуу кызыбыз Элиза он үч жашка чыгып калды. Жакшы ырдайт, жакшы окуйт. Ырыс Окенова тарткан телесериалда Ынак менен Акшооланын кызы –Сезимдин ролун жогорку чеберчиликте аткарды. Андан кийинки кызыбыз Аиза, уулубуз Баястан да бирге толуп-толо элегинде көркөм тасмага катышты. Аларды ар бир жолу кинодон көргөн сайын менде бир башкача толкундануу, сыймыктануу болот. “Демек, жашоодо жөн эле жашап жүргөн эмес экенбиз. Маданиятка өз эмгегибиз менен, балдарыбыз менен кандайдыр бир деңгээлде салым кошуп жаткан экенбиз” деп ойлоп, өзүмдү жубатып коем. Айтмакчы, кинонун кээ бир сериялдарында Сезимдин абдан эмоциялдуу учурлары бар. Кудум жашоодогудай кейип, ыйлап жатса жүрөгүм кадимкидей “зырпылдай” түшүп, күлсө– кошо күлүп, ошол эле убакта башка эле бирөөлөрдү “ата, апа” деп эркелеп жатышса ичим тызылдап ачышып кеткен.

Азыркы учурда музыкалык студия ачайын деп аракет кылып жатам. Кудай буюрса, тилегим орундалып калса, жакын арада жакшы чыгармалар менен эл алдына чыгабыз.

Оңдо-Аиза Ташматова

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”