Өкмөт башчы чек ара маселелерин угат

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кечээ Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен жөнөп кетти.

Артем Новиков иш сапардын алкагында өндүрүш объектилеринин иши менен таанышып, Исфана шаарындагы аэропорттун ачылыш аземине катышат жана Кадамжай шаарындагы оорукананын курулуш ишинин жүрүшүн көрөт. Ошондой эле ал жумушчу сапардын алкагында ушул жылдын 8-декабрында Өзбекстандын Фергана шаарында өтө турган кыргыз Өкмөтүнүн чек арага чектеш облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен Өзбекстандын чек ара аймактарынын акимдери катышуучу жыйынга катышат. Иш сапардын соңунда Артем Новиков «Иркештам» көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышат.