Бизнес дагы бир жыл текшерилбейт

Мамлекеттик көзөмөл органдары тарабынан текшерүүгө карата мораторийдин мөөнөтү 2022-жылдын 1-январына чейин узартылды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду. Мораторийдин мөөнөтүн узартуу COVID-19 вирусунун жайылуу шартында ишкердик субъектилерине кошумча стимул берүүгө багытталган