Темирлан СУЛТАНБЕКОВ: «Мен биринчи орунга элдин кызыкчылыгын коём»

Темирлан Султанбеков 1998-жылдын 12-сентябрында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. 2016-жылы №1 Лев Толстой атындагы мектеп-гимназиясын аяктап, андан кийин Москвадагы Улуттук изилдөө университетинин дүйнөлүк экономика жана дүйнөлүк саясат факультетин бүтүргөн. Кыргыз, орус, англис, немис, испан, корей жана араб тилдерин билет. Парламенттик шайлоого карата өткөн теле дебаттарда Темирлан жаш болсо да өзүнүн саясий эркин көрсөтө алды. Азыркы учурда “Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү.

– Эң эле алгач Кыргызстанды кантип өнүктүрсө болот? – деген суроодон баштагым келип турат…

– Кандай гана орчундуу маселе болбосун, кандай гана жагдай болбосун бүт баарын кадрлар чечет. Ошондуктан, Кыргызстанды келечекте өнүккөн өлкөлөрдүн катарында көргүбүз келсе, өз өлкөбүздө адамдык ресурстун сапатын жакшыртыш керекбиз: билим берүүгө, калктын саламаттыгын сактоосуна, маданият тармагына көбүрөөк маани бериш керек.

– Сизге саясат системасын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү берилсе кандай кылып өзгөртмөксүз?

– Кыргызстанда классикалык президенттик да, парламенттик да системалар жарашмак, 30 жыл ичинде биз парламенттик да, президенттик да системаларда жашаган эмеспиз, үй-бүлөлүк кландар болгон, достордун бийлиги болгон, бирок системалык түрдө накта президенттик да, парламенттик да системалар болгон эмес.

– Салттуу билим берүү системасын кантип өнүктүрсөк болот?

– Билим берүү системасын өнүктүрүш үчүн биринчиден, саясий эрк, бийликтин каалоосу, экинчиден, чоң каражат керек: жаңы инфраструктура, мугалимдерге татыктуу маяна, замандын талаптарына жооп бере турчу окуу-жайлардын жабдыктары.

– Карапайым эл саясий системаны толук түшүнбөй жатат, укуктарын билгендер аз. Парламенттик шайлоодо добушун саткандар да болду. Бул нерсени кантип жойсок болот?

– Добуштар көбүнчө айыл жергесинде сатылды – ошол эле чоң шаарларда оппозициялык партиялар акчасы жок эле көп добуш алышты. Эмнеге? Анткени, шаарларда жашоонун шарттары жакшыраак, адамдар добушун 2000 же 5000 сомго сатууга муктаж эмес, демек айыл жергесинде көбүрөөк жумуш орундарын түзүш керек, альтернативдүү маалымат болуш үчүн жеткиликтүү интернет керек.

– Келечекте өзүңүздүн партияңызды түзүү оюңуз барбы?

– Партия эч качан бир адамга тийиштүү болбош керек, биздин партия бүт партиялаштардыкы, биз бүт чечимдерди кеңешип, чогуу кабыл алабыз.

– Улуттук кызыкчылыкты биринчи орунга коёсузбу?

– Улуттук кызыкчылык деген термин кыргыз тилине орус тилинен кир- ген – «национальные интересы», өз учурунда орус тилине англис тилинен кирген – «national interests» – «national» деген сөздү англис тилинде көбүнчө өлкө деп которсо болот. Мамлекеттин кызыкчылыгы элдин кызыкчылыгына кээде карама-каршы келип турат, ошондуктан бүгүн улуттук кызыкчылык деген эмне? Мамлекеттин (өкмөттүн) кызыкчылыгыбы же элдин кызыкчылыгыбы? Мен биринчи орунга элдин кызыкчылыгын коём.

– Чыныгы лидер кандай сапаттарга ээ болушу керек деп ойлойсуз?

– Чыныгы лидер чечкиндүү, билимдүү, бир мүнөздүү, авторитеттүү, бетке айткан, адамдык сапаты бийик болуш керек.

Асель РАМАНКУЛ кызы, “Кыргыз Туусу”