Кара-Балта, Таласта тейлөө борборлору ачылат

Мамлекеттик каттоо кызматы Кара- Балта жана Талас шаарларындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүнүн базасында транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо боюнча калкты тейлөө борборлорун (КТБ) ачууну пландаштырууда.

Маалыматка ылайык, учурда КТБларды ишке киргизүү үчүн имараттарды оңдоо иштери башталды. Бул аймактарда АвтоКТБнын ачылышы мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтөт, алардын сапатын жогорулатат жана процесстерди оптималдаштырат. Буга чейин AвтоКТБ Кыргызстандын борборунда 2020-жылдын 1-сентябрынан баштап иштеп келсе, жыл аягына чейин шаардын батыш тарабында, транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо боюнча дагы бир калкты тейлөө борборун ачуу пландаштырылууда.