Инвестордун баа-баркын кризис далилдеди

2020-жыл – дүйнөнү пандемия каптап, чек аралар жабылып, өлкө экономикасы эңшерилгени менен эсте калат. Бюджет тартыштыгы 40 млрд. сомго чамалады. Мындай каржылык оор кризис алгачкы жолу болуп жатканы айтылууда. Абройлуу эл аралык уюмдар 2021-жылы көп өлкөлөрдө азык-түлүктүн тартыштыгы болорун эскертип жатат. Абалдан чыгуунун айрым багыттары тууралуу Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров ой бөлүштү.

– Элдар Курманбекович, Кыргызстандын жалпы тышкы карызынын ичинен Кытайдын кредиттерин кайтаруу учуру келип жетти. Ушул мүшкүлдүү иш үчүн элден акча чогултуу демилгеси көтөрүлө калып жатат. Кээ бир жарандар зер буюмдарын Кытайдын карызы үчүн берүүгө даярдыгын билдирген учурлар бар. Буга пикириңиз кандай?

– Тарыхта шакек-сөйкөлөрүн чыгарып берген абалга жеткен учур Түштүк Кореяда экономикасы терең кризиске баткан жылдары болгон. Мамлекет башчынын кайрылуусун эли түп көтөрө колдогон. Азыр Кыргызстандын экономикалык абалы чынында оор. Бирок анчалык кургуйга түшүп кетти деп айтуудан алысмын. Өлкө бюджетин көмүскө экономика, туташ коррупция ичтен жеген курттай оюп жеп жатат. Мамлекет жетекчилеринде саясий эрк болсо, абалдан чыгуунун жолу арбын. Мисалы, Бишкекте “Коопсуз шаар” долбоорунун камералары орнотула электе жол эрежесин бузгандар төлөгөн айып пулдун 70-80 пайызы казынадан кыйгап өтүп, МАИнин инспекторунун чөнтөгүнө түшчү. Бүгүнкү күндө эрежени бузган жаран айып пулду өзү барып төлөп жатат. Төлөбөй жүрө берсеңиз унааңызды убактылуу токтотуучу жайга алып коюшат. Цивилдүү өлкөлөрдүн баары адам факторун жоюп, санариптештирүү жолу менен коррупцияны түп орду менен кыскартышууда. Кыргызстанга Кытай,Түркия ж.б. өлкөлөрдүн жүктөрү дээрлик контрабандалык жол менен өтөт. “Автоматташтырып жатабыз” деген сөз иш жүзүндө андай эмес. Ички рынокко кирген товарлардын 12 пайыз кошумча нарк салыгы казынага толук түшпөй жатат. Анын үстүнө базарлар, дүкөндөр жана күркөлөрдүн баары патент менен иштейт. Бажы, салык тармагынын адамдары жана жогорку бийликте отурган чиновниктер үчүн терең тамырлашкан контрабанданы жоюу кызыктырбайт. Ал жерден кыйгап өтүүгө мүмкүн болбогон автоматтык башкаруу системасы орнотулуп, биротоло натыйжалуу иштеши керек. Чырмалышкан контрабандага бөгөт коюлганда өлкө бюджети эселеп толо баштайт. Мыйзамсыз байыган чиновниктер кыскарат. Кытайдын карызын карапайым элден эмес, салык түрүндө мыйзамдуу чогултулган бюджеттик каражаттан төлөп кутулууга мүмкүнчүлүк пайда болот. Бул эң алгылыктуу вариант. Андан тышкары, тыштан алынган карыздар негизинен товар өндүрүп, ички рынокко сатып жана экспорттоп валюта таба турган долбоорлорго жумшалышы керек. Экономикасы өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбасы ушундай. Кыргызстан да ушул жолго түшпөсө болбойт. Инвестор бийликтен көп нерсе деле сураган жок. Президент, Өкмөт, парламент, сот ж.б. баардык бийлик структуралары биригип, өлкөнүн саясий туруктуулугун камсыздап, инвестициянын коопсуздугун коргоп берүүлөрү милдет. Алынган карыздарга ондогон ишканаларды ачыш керек эле. Тилекке каршы, өлкөбүздө инвестициялык жагдай эч оңолбой койду. Өкмөттүн жыл сайын алмашуусу коррупциялык көйгөйлөргө жол ачып берүүдө. Бүткүл дүйнөлүк банк 2012-жылы сурамжылоо жүргүзгөндө Кыргызстандын көмүскө экономикасы 37 пайызга барган. Бүгүнкү күндө бул жагдай 40-50 пайызга чейин жеткенин адистер тана албайт. Менин божомолумда көмүскө экономиканын көлөмү 50-60 пайызга чейин жетти.

Көмүскөдөн чыгара албай келе жаткан дагы бир жагдайга токтолоюн. Кытай тараптын маалыматы боюнча ал жактан Кыргызстанга жылына 5 млрд. доллар көлөмүндө жүк өтөт. Ал эми Кыргызстандын чиновниктери 1,5-2 млрд. доллардын тегерегиндеги санды айтып, жанын жеп жатышат. Товарлардын көлөмү боюнча эки тараптын маалыматында 600 миң тоннага жакын болуп бирдей чыгып жатат. Бирок “иттин өлүгү” жүк ташыган унаалардын ичиндеги товарлардын баасында. Компьютердик видео камералардын, заманбап жабдуулардын “акылдуу программалары” аркылуу жүктүн баасы ачыкталышы керек.Унаалардын ичиндеги товарлардын рентген сүрөтүн чыгарып, салмагын кошо аныктап берүүчү жабдуу системасын үзгүлтүксүз иштетүү керек. Бюджет толтуруучу ири көлөмдөгү каражат ушул жерде жатат.

Социалдык тармактагы бюджет толтуруучу мүмкүнчүлүктөргө токтолоюн. Расмий катталып, ачык иштеп жаткан жарандын 10000 сом маянасы бар дейли. Анын киреше салыгы, кызматкери үчүн жумуш берүүчүнүн соцфондго төлөмдүк которуусу бар. Медициналык камсыздоо фондуна, профсоюзга төлөмдөр жүргүзүлүп жатат. Бир адамдан орточо 3725 сом төлөнөт. Жарандын колуна 6500 сомдун тегерегинде айлык тиет. Мамлекеттик мекемелерде, ири компанияларда иштегендер бул төлөмдөрдү жашыра алышпайт. Ал эми жеке менчик ишканаларда, айрыкча чакан жана орто бизнес чөйрөсүндө бул төлөмдөрдү жүргүзүшпөйт. Маданият тармагында 40 жыл иштеген бир эже менен сүйлөшсөм 5000 сом менен пенсияга чыкканын айтып ыйлактады. Ал эми айрым мамлекеттик структураларда аз жыл иштесе дагы 15-20 миң сомго чейин пенсия алгандар бар. Мындай социалдык теңсиздик пенсиялык реформаларды жүргүзүү менен четтетилиши керек. Ар бир жаран төлөм жүргүзгөн каражатына жараша пенсия алган система орносо элибиз ачык төлөм жүргүзүүгө кызыкдар болот. Менин эсебимде Кыргыз- станда иштегендердин 70-80 пайызы социалдык төлөмдөрдөн качып жатышат. Өлкөдө 6,3 млн. калк бар. Анын 2,5 миллиондон ашыгы жумушка жарамдуу элдин бөлүгүн түзөт. Мунун ичинен 1 млн.дон ашыгы миграцияда. Ушундан улам бери дегенде 1,5 миллионго жакын адам социалдык төлөмдөрдү төлөшү керек болчу. Бирок Социалдык фонддун расмий маалыматы боюнча болгону 500-600 миңге жакын эле адам социалдык төлөмдөрдү жүргүзүп жатат. Андан тышкары 500 миңге жакын дыйкан жылына 1 гектар жери үчүн болгону 300 сом жер салыгын төлөйт. Абал ушундай.

Мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы абдан чоң. Аны жоюунун дагы бир алгылыктуу жолу — чыгашаларды азайтуу. Азыркы учурда мамлекеттик органдарды оптимизациялоо жүрүп жатат. Менин байкоомдо мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин 25-30 пайызы натыйжалуу иштегендер. Кызматкерлердин кеминде 50 пайызы жөн эле убакыт өткөрүп жүргөндөр. Ошондуктан максималдуу кыскартууга барууну колдойм. Мамлекеттик кадрлардын иштөө сапатын арттыруу максатында кыскартуунун эсебинен натыйжалуу иштегендердин маянасын көтөрсө болот.

Эми Өзбекстандын тажрыйбасына келели. Өзбекстанда антикризистик фонд түзүлгөн. Ага бюджеттен 1,5 млрд. доллар көлөмүндө каражат которулган. Мындай фондду мамлекеттин бюджетинен же болбосо мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк мыйзамынын негизинде инвестор тартуу менен түзүүгө болот. Кризистик кырдаалга карабай, зарыл учурда жаңы ишканалар ачылып, жумуш орундар түзүлүп, бюджетке киреше түшө баштайт. Фонддун каражаты ооруканалар, жолдор, гидроэлектр станциялар, мектептер, бала бакчалар ж.б. сыяктуу кечиктирилбей курулууга муктаж болгон инфраструктурага жумшалышы керек.

– “Манас” аэропортунун мамлекет жана жеке өнөктөштүк мыйзамы менен инвестиция тартып иштөөсүнө каршы чыккандар инвесторду кетирип жиберишти. Азыркы күндө аэропорт эл аралык талапка жакындабаган абалда турганына эмне дейт элеңиз?

– Көп өлкөлөрдө мамлекет жана жеке өнөктөштүк мыйзамы ийгиликтүү иштеп жатат. Бирок Кыргызстанда анын бактысы толук ачылбай келүүдө. Аэропорттун инфраструк- турасын заманбап талапка келтирген курулуштар түшөт болчу. Самолёттор учуучу тилкелерди кеңейтүү керек эле. Аны иштетүүдөн түшкөн киреше инвестор менен мамлекетке 50:50 пайыздан бөлүнүүсү макулдашылып жаткан. Айрым күчтөр ири капитал сала турган инвесторго аэропортту жаңылоону чырылдап жатып бердиртпей койду. Туруктуу иштебеген өкмөттөр аны заманбап шартта жаңыртуусу кыйын. Анткени, аталган чоң долбоор бир жылда бүтө койчу иш эмес. Стратегиялык объект болгондуктан жеке менчикке биротоло берилмек эмес. Чет элдик инвестор аэропортту 25 жылга башкарууга алып иштетмек. Азыркы күндө бюджетке аэропорттон 1 млрд. сомдун тегерегинде киреше түшүп жатат. Жылына 3 млн. жүргүнчү кирип жатат. Ал эми мамлекет жана жеке өнөктөштүк шарты менен аэропорт жаңыланса бир жылда болжол менен 10 млн. жүргүнчү кире баштамак. Туризмдин өнүгүшүнө шарт түзүлөт. “Эч кимге иштетүүгө бербейм, өзүм да иштетпейм” деп отура берүү мамлекетти курута турган жорук.

– Ат-Башыда соода-логистикалык борборун куруу жергиликтүү элдин каршылыгы менен токтоду эле. Бул маселе жакында кайра көтөрүлө баштады.

– Эч качан кыргыз жери чет мамлекеттик жеке инвесторго сатылбайт. Ага Кыргызстандын мыйзамдары жол бербейт. Ушул нерсени абдан жакшы түшүнүп алганыбыз оң. Ал жерде эң чоң соода логистикалык хаб курулушу керек. Келген жүктөрдү түшүрүп алып сактап, сорттой турган жай болот. Кайра иштетүүчү ишкана ачылып, көптөгөн жумуш орду түзүлөт. Жаңы жумуш орундарынын 95 пайызына жергиликтүү элдин өкүлдөрү иштей турганы шек жаратпашы керек.

– Бийлик түшүндүрүү иштерин жергиликтүү элге жеткиликтүү жүргүзө албай койду деген пикирлерге кошуласызбы?

– Толук кошулам. Өкмөт инвестор менен түзүлүүгө даярдалган келишимди элге көрсөтүп, далилдүү маалымат бериши керек эле. Долбоордун ар бир пунктун элге окуп берип: “Логистикалык борбор силердин турмуш-шартыңарды көтөрүү үчүн курулуп жатат”, деп ачык-айкын айтышы керек болчу. Кышкысын карандай суук болуп, климаты катаал аймакка инвестордун дегеле барышы кыйын. Ал эми логистикалык борбор аркылуу ЕврАзЭСтин аймагынан Кытайга, ошол эле учурда Кытайдын өзүнөн биз тарапка, Кытай аркылуу башка мамлекеттен товарлар келүүсү шарт эле. Логистикалык борбордон республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге салыктар төлөнүп турушу шарт.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”