Жылкыбай ЖУНУШОВ: “Комузду куштун балапанындай таптап, аздектеш керек”

Бөкөнбаев айлында комуз аспабын чапкан боюнча адис, сүрөтчү, ырчы жана устачылыктын сырын билген замандашыбыз бар. Жылкыбай байке комуздарын Бишкекке алып келип сатып кетет. “Жакындан бери комуздарды ары бери ташыбай, интернеттен вотсап аркылуу жарыялап сатканды үйрөндүм”, — дейт.

 –  Жылкыбай байке, мындай өнөрдү кимден үйрөнгөнсүз?

Сүрөт дагы тартам

– Комуз жасоо биздин ата-бабаларыбыздан калган өнөр. Чоң атабыз ээр чаап, ат жабдыктарын жасаган комузду мыкты чапкан киши болгон. Кыйын күндөргө карабай чоң атабыз устачылыгын бизге үйрөтүп кеткен. Бирок бул өнөрдү өстүрүү үчүн билим алсам деп, мурдагы Фрунзедеги сүрөтчүлөр орто окуу жайынын сүрөтчү-скульптор бөлүмүндө билим алдым. Атам Өмүрбек Жунушов да өнөрлүү киши болгон, комуз менен ээрди чапкан жагынан алдына киши чыгарчу эмес экен, жакшы дагы ырдачу. Ошентип ошол өнөрлөрдүн баары укумдан-тукумга өтүп келе жатат. Менин балдарым дагы бул өнөрдү үйрөнүштү. Сүрөт дагы тартам. Аскерде жүргөндө биринчи комузду чаап жасап көрдүм, ал комузум дагы эле бар. Жакындан бери темир ооз комуз, кыл кыяк жасап баштадым. 

– Бир туугандарыңыздан дагы кимдер комуз чабат?

Туугандарымдын баары комузчу, ырчылар. “Өмүр” тобундагы Рысбек, Камчыбек Жунушовдор сол кол менен комуз чертип таанылышкан менин бир тууган инилерим. Нурлан азыр искусство институтунда музыкадан сабак берет. Үчөө тең комуз чабышат. Кичүү уулум Эрмек комуз менен ээр чапканды жакшы өздөштүрүп калды.

– Кандай жыгачтардан чабасыз, жыгачты кантип тандайсыз?

Көбүнчө өрүктөн, жаңгактан, алмадан жана башка мөмө жемиштердин жыгачынан чабам. Жыгачтарды туура тандай билиш керек. Быйылкы кыйылган жыгач 3 жылдан кийин гана комуз чапканга жарап калат. Биринчи жыгачты сомдоп, чайырын чыгарып, сууга кайнатып, кургатабыз. Бир жыл жакшы кургамайынча тийбейм.

– Жыгачтарды кайсы убакта кыйып аласыз, көктөп турган жыгач жарайбы?

– Жыгачты кыштын күнү тоңуп, кан жүгүрбөй турганда кыюуга болот. Көктөп турган жыгачты кыйганга болбойт, өсүмдүк болгондуктан алардын дагы көз жашын ойлошубуз керек. Азыр жасалма жыгачтардан аспап жасагандар көп, алар үнүнөн эле дароо билинет, андай аспапты черткенге жарабайт. Мен чапкан комуздарды үнүнөн айырмаласа болот. Үндүү кылыш үчүн жакшы сүрүп, таптайм. Жакшы комуздар карагай жыгачтын өзүнөн жасалат.

Табиятынан жакшы жерде өскөн жыгачтан мыкты аспап чыгат. Комузду туюк бойдон, керки колдонуп чапканга үйрөнгөм, клей колдонбойм. Азыр кулагын, капкагын, мойнун өзүнчө клей менен чаптап жасашат экен, андай комуздан жакшы үн чыкпайт. Бүтүн чабылган комуз үндүү болот. Ар бир жыгачтын өз үнү болот, аны сактап калыш үчүн туура жасоонун ыкмаларын үйрөнүү керек.

Комуз жасагандан ырахат алам

Комуздун эң азы үч күн үнүн чыгарам, ал үчүн бир жума чертип күүсүн табам. Ар биринин үнү ар башка болот, бири-бирине окшобойт анан үндөрүнө жараша баасын коем. Кыргыз комузун жасап жатканда сулуу, койкойтуп, көркүн чыгарып жасаганга аракет кылам. Мен чапкан комуздарды Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан келип сатып алышат, азыр таланттуу кыздар-балдар көбөйдү, үйгө издеп келишет чаап берүүнү суранып.

Комузду илгертеден аталарыбыз кандай аздектешчү эле ошондой камкордук менен кургак жерге коюп күтүп алыш керек, анан таза кол менен чертип, куштун балапанындай таптап аздектеш керек. Комузду чертпей койсо дудук болуп калат, анын тилин түшүнгөн адам түшүнөт.

– Бир комуз канча турат, азыр канчасын даярдап койдуңуз?

– Комуз жасагандан ырахат алам, жакшы комуз чыгып калса, баркын билген адам сатып алса дейм. Комузду арзан сатпайм, себеби комуз ыйык, баалуу, сулуу, кылымдап өмүр сүргөн улуу аспап. Бир комуз 15 миң сом. Домбура менен комузду айкалыштырып дагы жасагам, ал кымбатыраак турат. Азыр 10дой комузум чабылып даяр болуп калды. Комуз жасоочу устаканамды жаңыртайын деп каражат издеп жүрөм, аны айыл жеринен оңой эле таба албайсың, комуздан түшкөн акчасын кайра өзүнө жумшайм.

Жылкыбай ЖУНУШОВ: “Комузду куштун балапанындай таптап, аздектеш керек”: 1 комментарий

Комментарии запрещены.