Конфедерациялар Кубогу: Германия менен Чили бирден упайга ээ болушту

Орусияда өтүп жаткан Конфедерациялар Кубогунда «В» тайпасында 2-турдук оюндар орун алды. Анда Дүйнө чемпиону Германия менен Чили кез келди. Эки мыкты команданын оюну кызуу өтүп, көрүүчүлөргө кызыктуу футбол тартуулашты.

Оюндун 6-мүнөтүндө Алексис Санчес эсепти ачканга үлгүрдү. Чабуулун күчөткөн немис футболчулары эсепти 41-мүнөттө теңешти. Ларс Штиндль айырмаланды. Экинчи бөлүктө эсеп өзгөргөн жок. 1:1, эки команда упай бөлүштү.

Тайпалык оюндардын экинчисинде Камерун менен Австралия да 1:1 эсебинде тең чыгып, бирден упайга ээ болушту.