Таш ыргытса эле Илмияновго барып тийгени эмнеси?  

УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаев «Азаттыкка» берген маегинде «Атамбаевдин учурунда, же тагыраагы 2011-2017-жылдарда Бажы жана Салык кызматындагы коррупциянын башында Икрамжан Илмиянов турган. Ал саясий фигура катары ана башы болгон» – деп билдирди.

 Бул өтө олуттуу билдирүү. Ошол эле А.Атамбаев убагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде төрага орун басары жана төрагалык милдетти аткарган адам мындай айыптоолорду жөн жеринен айтпаса керек. Ал азбы-көппү улуттук коопсуздук боюнча жетекчилик кызматта жүргөндүктөн көп сырларды билет жана кези келгенде мындан башка да жабылуу аякта келаткан сырларды ачыкташы ыктымал. Андыктан, экс-төраганын билдирүүсү мамлекеттик күч органдарынын кулак сыртында калып кетпей, асыресе УКМКнын коррупцияга каршы күрөш кызматы жана финансы полициясы бул өңүттө тыкыр иш алып барышы керектиги айтпаса да түшүнүктүү. Учурда Молдовановка айылындагы №26 жатак абакка жаткан И.Илмияновго карата Башкы прокуратура «жеке компани-ялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деген айып тагып, Жазык кодексинин «өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. 2019-жылдын 30-октябрында Бишкектин Октябрь райондук соту жети жылга кесип, 1600 эсептик көрсөткүчтө (160 миң сомдун тегереги) айып салуу, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу өкүм да чыгарган. Ал эми үстүбүздөгү жылы Бишкек шаардык соту бул ишти карап көрүп, И.Илмияновдун жаза мөөнөтүн бир жыл алты айга кыскартып, беш жыл алты ай деп чегерди. Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырды. Бирок, айыптоолорго карабай И.Илмиянов күнөөсү жок экенин айтып келатат. Эми минтип, И.Илмиянов сыяктуу эле А.Атамбаевдин ишенимдүү адамдарынын биринен болгон А.Сегизбаев аны бажы жана салык кызматындагы коррупциянын башында турган деп билдирүү жасаган тушта, Жогорку Кеңештин транспорт, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында СДПК фракциясынын депутаттарынын бири И.Илмияновду Суусамыр-Талас-Тараз жолун реконструкциялоо боюнча тендерди утуп алган “Чакыр Япы” компаниясына тендерди утууга жардам берген деп айыптап чыкты. Депутаттын айтымында, ªзбекстандын аймагында бир топ жоболоң жоруктарды жасап, Интерпол тарабынан издөөдө жүргөн “Чакыр Япы” компаниясы Кыргызстанда да кылгылыктарды кылып, 22 млн. долларлык тендерди утарын утуп алып, жолду реконструкциялоого келгенде 15 млн. долларга субподрядчик жалдаган. Ортодо абадан 7 млн. доллар жасаган. Учурда анын эсептери камакка алыныптыр. Ошентип, Суусамыр-Талас-Тараз жолунун 3-фазасынын үч жылдан бери баланска алынбай келатканынын сыры транспорт жана жолдор министринин орун басарынын билдиргенине караганда генералдык подрядчик менен субподрядчиктин ортосундагы чарбалык чырга такалат экен. Финполдун маалыматтары боюнча, КРнын территориясында автожолдорду куруу долбоорлорун ишке ашырууда айрым кызмат адамдарынын мыйзамсыз жана алдамчылык аракеттери боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган. Бул кара тизмеде бир катар мамлекеттик мекемелердин жетекчилеринин ысымдары катталган. Бажы жана салык тармагында олчойгон суммалар бюджеттен тышкары өтүп, коррупциялык схемалар кеңири жайылганы, бийлик “коррупцияга каршы күрөштө эч кимге аёо болбойт деген сайын, коррупциялык схемалар андан да тереңдеп, “жолдук” (взятка) көлөмү ошончолук көбөйгөнү эч кимге жашырын эмес. Ал эми тендерлердеги коррупцияны айтпай эле коелу. Бюджети 180 млрд. сомго жетпеген өлкөдө жолдук (взятка) көлөмү 500 миң долларды түзөт деген эмне деген шумдук. Бюджети триллиондорду түзгөн Россияда 1 млн. долларга чейин пара беришип, кармалышкандарын угуп жүрөбүз. А Россиянын бюджетинин жанында Кыргызстандын бюджети арзыбаган эле нерсе эмеспи. Ал эми пара берүүгө келгенде, Россия менен атаандашуунун өзү балык башынан сасыганынын далили жана октябрь айындагы элдик толкундоонун төркүнү да ошол жакта жатат десек эч жаңылышпайбыз. Андай болгондо, азырынча 2021-жылдын 10-январынан кийин мына коррупциялык схемаларга чекит коюлар бекен деп илгери үмүт кылууга туура келет. Болбосо, жаңы бийликтин өз Айдарлары, Максимдери, Илмияновдору болбойт деп айтканга эч кепилдик жок

«Кыргыз Туусу» Болотбек Таштаналиев