Акжолтой БЕКБОЛОТОВ, Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын директору: «Мамлекет режиссерлорго рахмат айтса болот»

– Эмне үчүн Кыргыз киносунун абалы опера, драма театры сыяктуу маданий тармактарга салыштырмалуу кыйла жакшы? Же бул тармакка мамлекет көбүрөк көңүл бөлүп жатабы?

– Жок, тескерисинче, ошол эле театрлар мамлекеттик камкордукта туруп, азбы, көппү, бюджеттен айлык алып жатышат. Өз алдынча кое берсе, “Өзүм дегенде өгүздөй күчүм бар” деп, аларда деле кандайдыр жылыштар болмок деп ойлойм. Кино тармагынын “эки чылбыр, бир тизгини” эгемендик алгандан бери эле өзүнүн колунда. Союз маалында дүйнөнү дүңгүрөтүп, “кыргыз кереметин” жараткан кино тармагы кантип таптакыр жок болуп кетпей, өзүн сактап калды? Бул үчүн мамлекет Темир Бирназаров, Садык Шер, Актан Арым, Эрнест Абдыжапаров сыяктуу, ж.б. режиссерлорго рахмат айтса болот. Анткени, ошончо жылдан бери эч кимден бир тыйын сурабай, мына бул имаратты талатып-тонотуп жибербей “кайтарып”, ошол эле убакта инвестиция тартуу менен кинолорун тартып, биздей жаш муундарды өстүрүп, ээрчитип келатышат.

– Ошол отуз жыл ичинде тартылган кино тасмалардын эң мыктысы кайсы?

– Ар биринин өз артыкчылыктары бар. Эч кандай “кыргызчылыгы” жок караган эл аралык калыстардын, кино фестивалдардын баасы менен караганда Темир Бирназаровдун “Түнкү авариясы” дүйнөлүк мыкты шедеврлердин катарына кошулду, ошондой эле улуттук жана тарыхий баалуулуктарды камтыган мыкты кино тасма катары Садык Шердин “Курманжан даткасы”, эгемендик алгандан кийинки эң алгачкы мыкты тасма катары Актан Арымдын “Бешкемпири”, Эрнест Абдыжапаровдун ошол тартылган күндөн бери эле актуалдуулугун жоготпой келаткан “Айыл өкмөтүн”, андан кийинки Айбек Дайырбековдун “Дарак ырын”айтсак болот. Айтор, кыргыз киносу дагы деле кереметин жаратып жатат.

– Өзүңдү киного кайсы керемет жетелеп келди?

– Менин журналист болгум келчү. Нарындан орто мектепти аяктаганданкийин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин телерадио жана кино бөлүмүнө келип, экинчи курстан кинону тандап кеттим.

– Студент кезиңде Темир Бирназаровдун “Парз” деген кино тасмасында башкы ролго тартылбадың беле. Балким,белгилүү болуу жагып калгандыр?

– Ал кезде маалымат айдыңында азыркыдай өз алдыңча, өз багытыңа жараша иштеп кетүү мүмүкүнчүлүгү азыраак болчу. Сөзсүз бир басылманын, же телерадионун, агенттиктин курамында иштеш керек эле. Андайда, сөзсүз нан таап жеп жаткан чөйрөңдүн кетменин чабууга туура келет. Демек, жеке көз карашың, жеке позицияң жок болуп кетиши мүмкүн. А кинодо болсо андай эмес, оюңду эркин чагылдыра аласың. Менин журналистикадан баш тартуума ушул жагдай себеп болду го. Ал эми Темир Бирназаровдун “Парзына” кинону тандап, практикага келген кезде тартылгам. Образды кандай жаратканымды айта албайм, бирок бул менин чыгармачылык тушоомду кескен тасма болду. Ошондон бери эле оператор, монтажер, үн оператору, режиссер катары кино тармагында келатам. 2015-2020-жылдары “Айтыш фильм” киностудиясынын директору болуп иштедим. “Камсанабаңыз”, “Аяз атага кат” деген эки кино тарттым.

– Ийгилик каалайбыз, Акжол. Кыргыз киносу кереметтерди жарата берсин.

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”