Эркай БАКТЫБЕК кызы: «Чыгармачыл адам акыл көрөңгөсүн арттырып турушу керек»

Кыргызда: “Булак көрсөң көзүн ач” деген жакшы кеп бар. Биз да ошол накыл кепти туу тутуп мындан ары жаңыдан телчигип келе жаткан, келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш таланттарды гезитибиз аркылуу элге тааныштырып турууну туура көрдүк. Буюрса, мындан ары окурмандарга “Бүчүр” рубрикасынын астында жаш таланттарды тааныштырып турабыз. Бул жолу ушундай жаш таланттардын бири, Т.Эрматов атындагы Музыкалык-педагогикалык окуу жайдын 4-курсунун студенти, булбулдай керемет үндүү, төрт тарабы төп келишкен аткаруучу, ырчы Эркай БАКТЫБЕК кызы менен маек курдук. Анда кеп назары жаңыдан бүчүр ачып келе жаткан ырчы, аткаруучуда болсун.

– Эркай айым, музыка дүйнөсүнө кантип аралашып калдыңыз?

– Менин музыка дүйнөсүнө аралашып калышыма атам себепчи болду. Атамдын атайын музыкалык билими деле жок. Бирок, ал мага туура багыт көрсөтүп, күү чертип, ырдап калышыма түрткү болду. Атам комузду жакшы черткендиктен бала кезимен ага кызыгып жүрүп 5-классымда атамдан комуз черткенди үйрөндүм. Кийин синтезатордо ойногонду өздөштүрдүм. Мектептеги иш-чараларда комуз чертип, ырдаган учурларым да көп болду. Окууну аяктаган соң Бишкектеги Таштан Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык окуу жайынын фортепиано бөлүмүнө тапшырып музыкалык билим ала баштадым. Окуучулук кезимде синтезатордо ойногонумдун жардамы тийип фортепианону жеңил үйрөндүм. Студенттик мезгилимде музыка дүйнөсүнө тереңирээк сүңгүп кирип, ноталарды окуп, обондуу ырларды фортепианонун, комуздун, гитаранын коштоосунда ырдап келем. Кыскасы, менин бул керемет дүйнөгө аралашып калышыма кеңешчим, бир чети устатым атамдын салымы чоң. Анан албетте, апам дагы менин кичинекей ийгиликтериме чейин кубанып, мени дайыма колдоп келе жатат.

– Фортепиано, гитара, комуздун коштоосунда абдан сонун ырдайт экенсиз. Дагы кандай музыкалык аспаптарда ойнойсуз?

– Азырынча ушул үч аспапта гана ойноп, черте алам. Бирок, келечекте ар түрдүү музыкалык аспаптарда ойногон, билимдүү, тажрыйбалуу музыканттардын катарын толуктагым келет.

– Сиздин жан дүйнөңүзгө кайсы таанымал обончу, аткаруучунун ырлары жакын?

– Бул же тигил обончунуку жагат деп кимдир бирөөнү деле кумир тутпайм. Болгону угармандардын табитине жага турган ырларды ырдайм. Ошону менен бирге эле улуу муундагы Ырыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев, Түгөлбай Казаковдун жана агайыбыз Түмөнбай Колдошовдун ырларын сүйүп угам. Ошол себептен алардын ырларын жеткиликтүү ырдаганга аракет кылам. Ал эми дүйнөлүк классикадан Ф.Шопен, П.И.Чайковский, Д.Шостакович, Кэйко Мацуи сыяктуу белгилүү музыканттардын чыгармаларын угам. Заманбап аткаруучулардан Эд Ширан, Аделдин ырлары жакын.

– Сиздин оюңузча обончу, аткаруучу кандай касиет, жөндөмдөргө ээ болушу керек?

– Менимче талант ээлеринде гана эмес бар- дык адам пендесинде көздөгөн максаты болушу керек. Анан чыгармачыл адам өзү аркалаган багытты терең билип, акыл көрөңгөсүн, сөз байлыгын арттырып турганы оң. Мындай касиеттер болбосо чыгармачыл адамда өсүү болбойт.

– Мыкты аткаруучулар үнгө камкордук көрүп, үндү дагы багышат эмеспи. Сиз үнүңүздү кантип багасыз?

– Ар бир адамга табигаттан өзүнө тиешелүү үн берилет. Бирок, ырчы, аткаруучулар үнүн дайыма тарбиялап турушу керек. Мисалы, биздин окуу жайдын вокалдык бөлүмүндө үндү кадимкидей тарбиялайбыз. Сольфеджио деген сабакта үндү таптап, жатыктыра турган атайын көнүгүүлөр бар. Аларды жакшы ырчы болом деген ар бир талант дайыма жасап турушу керек.

– Фейсбук баракчаңызда атаңыздын ырларын жарыялапсыз. Өзүңүз ыр жазасызбы?

– Мен ыр жазбайм. Бирок, кыргыз, орус поэзиясын сүйүп окуйм. Көркөм окуу, диктор болууну жан дүйнөмдө жактырам. Эгер диктор болууга шарт түзүлүп же сунуш болуп калса ал ишти алып кете аларыма ишенем.

– Акын, жазуучулар кайгы, кубанычын чыгармасына чыгарып бугун жазып алышат. А сиз ички бугуңузду кантип чыгарасыз?

– Керемет обон, ырлар жеке мен эле эмес ар бир адамдын жарпын жазат эмеспи. Андай учурда мен дагы өзүмдү музыка менен жубатам. Жанга жагымдуу ырларды угуп, жаман ойлордон арылып, келечектеги жакшы ой-максаттарымды элестетүүгө аракет кылам. Мугалимдерибиз үйдө канчалык талыкпай машыксаң эмгегиңдин үзүрүн ошончолук көрөсүң дешкендиктен турмуштагы капалуу учурларымды музыкалык аспапта ойноо менен да жазам.

– Келерки жылы окуу жайды аяктайт экенсиз. Алдыда кандай аруу тилек-максаттарыңыз бар?

– Мен үчүн азыр эң негизги нерсе-билим. Бул окуу жайды аяктагандан кийин да музыкалык билимимди андан ары жогорулатып, татыктуу аткаруучу болуу тилегим бар.

– Атаңыздан сырткары сиздин ушул деңгээлге жетишиңизге окуу жайдагы мыкты мугалимдердин да эмгеги себепчи болсо керек?

– Биздин окуу жайда вокал, өзүбүз тандаган негизги музыкалык аспап, хор дирижерлугу боюнча индивидуалдык сабактар өтүлөт. Окуу жайдын хор жетекчиси Геннадий Рогозин, концертмейстери Александр Шульга, вокалдан сабак берген Осмонкул Асанкулов, фортепианодон берген эжейим Динара Буржуева жана окуу жайдын директору Түмөнбай Колдошов агайларыбыздын биз үчүн кылган эмгеги тоодой десем болот. Бул агайлар өз ишинин майын чыгара иштеген илимдүү музыканттар. Түмөнбай агай бизге жетекчи болуп келгени мен сыяктуу таланттуу студенттерин колдоп, социалдык тармактарга жарыялап жатат. Мындай колдоолору үчүн эже, агайларыма терең ыраазымын.

– Үй-бүлөңүздөрдө сиз сыяктуу музыкага шыктуусу барбы?

Атасы Бактыбек Тойгонбаев, апасы Элмира Абдраимова

– Үй-бүлөбүздө беш кызбыз. Мен эң кенжесимин. Тилекке каршы, менден башкасы музыкага жакын эмес. Бирок, бир эжем Бегимай Бактыбек кызы мурда СТВ каналында иштечү. Азыр ал Казакстандын АО “Хабар” агенттигинин алдындагы «QAZAQ ТV» телеканалында редактор-диктор болуп эмгектенет. Учурда үй-бүлөбүз менен Бишкекте жашайбыз. Кыргызстандын керемети болгон Ысык-Көлдүн кызы болуп калганыма абдан сыймыктанам.

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”