Координациялык кеңеште эмне кеп болду?  

Кечээ, Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Башкы прокурор К. Зулушевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы туруу маселелери боюнча жергиликтүү өзүн өзү башкаруу, укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдарынын Координациялык кеңеши болуп өттү. Анда саламаттык сактоо системасындагы, анын ичинде коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү коррупция; ишкерлердин укугун коргоодогу мыйзамдуулуктун сакталыш абалы; контролдоо жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүндө коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө; кызматтык кылмыштарды (коррупция) иликтөө боюнча (мамлекетке келтирилген зыянды ордуна койдурууну эске алуу менен) укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүндөгү абал; 2020-жылдагы соттордун актоо өкүмдөрүнүн себептери жана негиздемелери; ошондой эле Координациялык кеңештин мурдагы чечимдеринин аткарылышы боюнча маселелер каралды. Ага Жогорку Кеңештин, Президенттик аппараттын, Коопсуздук кеңештин катчылыгынын, Өкмөттүн аппаратынын, Эсеп палатасынын, Жогорку соттун, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышышты.

 Жергиликтүү органдар жетиштүү иштебей жатат

“Коррупцияга каршы күрөш улантылат”, – деген Коопсуздук кеңештин катчысы Р.Мусаев буларга токтолду: “Биз кайсы гана кызматты ээлеп отурбасын, ким гана болбосун, коррупционерлерге каршы күрөшүбүздү уланта беребиз. Белгилей кетүүчү нерсе жергиликтүү органдар начар иштеп жатышат. Эгерде бардык жерде чиновниктер жакшы иштесе, эл дагы арызданып жүрүшмөк эмес. Ошол эле учурда бардыгыбыз мыйзамдын чегинде иштешибиз керек. Ошондо гана мына ушундай жыйындарда жакшы сөздөрдү айтат элек”.

 Мен министр болуп келгенде…

Саламаттык сактоо системасындагы коррупция жана КОВИД-19 инфекциясынан улам келип чыккан кыйынчылыктар боюнча Координациялык кеңешке маалымат берген Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жыйындын жүрүшүндө бери болгондо үч жолу сөзүн “мен министр болуп келгенде” деп баштады. Анын айтымында бул системадагы сөз болгон коррупциялык көрүнүштөр ал кызматка келгенге чейин болуптур. Анткен менен Коопсуздук кеңешинин катчысы Р.Мусаев “Семетей” обсерваториясын качан талапка ылайык даярдайсыңар, буга чейин маалымат каражаттарына “толук даяр” деген маалыматтар да чыгып кеткен. Барып көрсөк, ал жерге соо адам барса ооруп калчудай абалда экен”,– деп жарга такады. Ал эми Башкы прокурор К.Зулушев эки жылдан бери Улуттук госпиталдын жетекчисин эмне үчүн дайындабай келе жатышканын министрдин эсине салды. Министр А.Бейшеналиев Улуттук госпиталдын мурдагы башкы врачы Динара Сагинбаевага байланыштуу сот иштери улантылып жаткандыктан маселени чечүү кыйын болуп жатканын, ошол эле учурда башкы врачтын милдетин аткаруучу болуп Тилек Үмөталиев иштеп келгенин, бирок ооруканадагы кезек күтүүнү сактабагандыгы, оорулуу жатуучу орундарды сатуу фактылары боюнча кызматтан алынганын, прокуратура бул маселени билээрин айтты. Министр бүгүнкү күндө КОВИД-19 оорусуна каршы күрөшүүнүн алкагында, Бишкек шаарында 100 орундуу оорукана салынганын, Ош шаарында жугуштуу оорукананын имараты бүткөрүлгөнүн, Нарында 75 орундуу оорукана курулуп, анын 85 пайызы бүтүп калганын кошумчалады. Ошондой эле А.Бейшеналиев атайын эксперттик топ тарабынан аталган министрликте 84 коррупциялык тобокелчилик аныкталганын, учурда саламаттык сактоо тармагында ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн лицензия берүүнү автоматташтыруу иштелип жатканын билдирди.

 Сыймык ЖАПЫКЕЕВ:

 “Финполду текшертип бериңиз”

Координациялык кеңеште Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финпол) жетекчиси Сыймык Жапыкеев учурда тергөө иштери үйүлүп калганын, үйүлгөндө да бир тергөөчүгө 60-80, кээде 100гө чейин иш туура келип жатканын айтты. Ошондой эле катышуучулардын оозун ачырып Башкы прокурордон Финполдун тергөө жана ыкчам кызматынын өзүн текшерүүнү өтүндү. “Текшертип бериңиз. Мен болсо тергөө иштерине кийлигише албайм. Анткени, ал жакта далил базалары, толтура заттык далилдер бар”, – деди ал. Башкы прокурор К.Зулушев Финполдогу тергөөчүлөрдүн саны жетиштүү эле экендигин, кептин баары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине аныкталып-такталбаган иштердин кирип кетип, иштин санын көбөйтүп жатканын билдирди.

«Кыргыз Туусу» Темирбек Алымбеков