Референдумдун датасы аныкталды

11-декабрда Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган. Анда 2021-жылдын 10-январына референдум дайындоо каралган.Референдумга Кыргыз Республикасынын төмөндөгүдөй башкаруу формаларын тандоо маселеси чыгарылат:

— президенттик республика;

— парламенттик республика;

— бардык варианттарга каршы.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.