Анаркалый САМАРБЕКОВ, жаш акын: “Алып салса жүрөгүмдү эгерде, Аял затын боорум менен сүймөкмүн…”

Жаш акындардын катарында окурмандардын купулуна толуп, келечектен үмүттөндүргөн жаш акын Анаркалый Самарбеков 1996-жылы Токтогул районуну Чоңко айылында туулган.  Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин магистранты.

-Анаркалый, курулушчу адистигин тандапсың. Поэзия анда хоббиң болсо керек?

-Ыр жазуу – бала чагымдан бери мени менен келатат. Адегенде кыздарга ыр менен кат жазуудан башталган. Анчалык деле этибар алган эмесмин. Бирок барган сайын хобби катары эмес, жандүйнөм менен жашоомдун бир маңызы ушул сыяктуу сезилип, жакындыгыбыз улам артып келет.

-Социалдык торчолордон уккан баалар, алкоо менен мактоолордон улам, балким, белгилүү болгуң келгендир?

-Жок. Борборго келгени жаш акындар менен чоң акындардын жолугушуусу, ыр кечелер, мыкты китептер менин ыр ышкымды ого бетер ырбатып жиберди окшойт. Ыраматылык атам да ыр жаза койчу экен.

Бир ырды канча убак ойлонуп, толгонуп жүрүп жазасың?

-Кээде бир уйкаш, маанилүү саптар өзүнөн-өзү келе калганда, калганын ирээттеп, улап кетүүгө туура келет. Кээде саптар дароо эле биринен-бири озунуп, жарышып келе берет.

-Өзүң теңдүү калемдештериңдин арасында атаандашың ким же кимди баалайсың?

-Токтогулдук Карабин Мирлан уулунун ырлары абдан курч, дагы Болот Мамбетказиев деген баланын ырлары жакшы. Оштогу Жигер чыгармачылык клубунда да Камчыбек Узакбай уулу, Самаган Молдояров, дагы бир топ мыкты калемгерлер бар.

-Эмнеге сени армандуу махабаттын атаманы дешет?

-Жетпей калган сүйүүлөр бардыгында эле болсо керек. Ошондой кезде жазылган ырларымдан улам балдардын ыйгарган ысымы. өзүмө да жагат.

-Ал эми өзөгүнө бир терең ойду камтып, уйкаш саптардан турган учкул сөздөр менен кара сөздөн куралган философиялык ойлорду да жаза коюп жүрөсүң, аларды кайдан аласың?

-Жашоо-турмуштан алынган же өзүмдөгү ой дүйнөдөн капилет калкып чыга калган саптар…

Анаркалый САМАРБЕКОВ:

Алып салса жүрөгүмдү эгерде,

Аял затын боорум менен сүймөкмүн.

***

Себелеп тээ бийиктен жамгыр жааса,

Сени ыйлап жатабы деп чоочуй берем.

***

Шарпылдап көк деңиздин толкундары,

Тынчтыктын өкүмүнө каршы чыгат.

***

Жан экенсиң,  мөлтүр,  таза, булактай,

Арууланткан жан дүйнөмдү кирдеген.

***

Ай жамынган жайдын салкын түндөрү,

Сен жанымда болушуңа көз жетпейт,

Тереңдикке көз жетпеген сыяктуу.

***

Жакшысыңбы жарыгым, алыңкандай,

Көздөрүм көпкө көрбөй сагынгандай.

***

«Кызым жок»- деп кайгырбаңыз апа көп,

Буйруса келет төрт кыз сизди «апа»-деп.

***

Бактылуу күндү көрүп дагы нечен,

Бакытка балкытайын макул десең.

***

Кайда кеткен шайырдыгым, шоктугум,

Кайгыга салат эстүү жаным,жоктугуң.

* * *

Сүйөмүн…бирок сенден кетет окшойм,

Күүгүмдө күн уясына баткан сымал.

***

Чөптөр дагы сагынуудан бозоруп,

Чымчыктар да сагынычтуу  үн катат.

***

Дүйнөнү тааныбай туруп дүнүйө дегендерге боорум ооруйт.

***

Жеңилип калганың үчүн чыйрал.

Жеңилип калуу бул күчтүү болууга эң жакшы мүмкүнчүлүк.

***

Ар бир кадамыңдын багытын бил. Пайдалуу кадамдарды эмес пайда алып келчү кадамдарды жаса.

***

Сааттын жебесинин үнүн угуп жатып, убакыт өтүп жатканына кайгырбай, жашоо жүрүп жатканына шүгүр келтир.

***

Баары караганды кээ бирөөлөр көрүшөт,

Баары сүйлөгөндү кээ бирөөлөр айтышат.

Чындыгында кароо эмес –көрүү, сүйлөө эмес –айтуу керек.

***

Ишке аша турган иш акыры болот.

Болбой турган иш канча аракет кылсаң деле болбойт.

***

Кыялдарым орундалбай калды деп кыжаалат болуунун эч пайдасы жок.

Кыжаалат болуу, кайгыруу менен эч нерсе өзгөрбөйт.

Болбой калды деп кыжаалат, болуп калды деп таң калба.

***

Ар бир жеңилүүгө шүгүр келтирсек, жеңиштин даамын татабыз.

***

Жашоодо тарых жасагың келсе, айланадагыларыңдан башкача бол.

Ар бир кылган ишиңде же жасаган кадамыңда өзгөчөлүк болсун.

***

Элдер сенин өзгөчө экениңе карап күлүшсө, баардыгы окшош болгондугу үчүн сен аларга жылмайып кой.

***

Адамдарды ээрчигенге эмес ээрчиткенге көбүрөөк тырышалы.

***

Идеялдуу болуш кыйын, идеялуу болгонду насип этсин.

***

Кайсы деңгээлде экениңди айланаңдагылардан байкасаң болот.

Бир адамдын ийгиликти көздөй аракет кылганын байкасаң, анда сен да аракеттин үстүндөсүң.

Кимдин канчалык билимдүү экенин, ошонун дэңгээлине жеткенде түшүнөсүң.

Эмгекчил адам, жалкоолор менен биржүрбөйт. Мыктыларды мыктылар гана билип алышат.

***

Азыркы убакта жүрөктөрдүн сүйүүсү болбой эле,

сүрөттөрдүн сүйүүсү болуп барат.

***

Эч качан бирөөгө ишенбе.

Өзүңө гана таян, өзүңө гана ишен жана өзүңдөн гана жардам күт.

***

Адамдарга не бир сонун,  не бир аруу сөздөрдү айтыш үчүн алардын жакшы түшкөн сүрөттөрүн же багындырган ийгиликтерин себепчи кылбайлычы. Күн сайын жакшы сөз айтып, көңүлүн көтөрүп койгонго эмне жетсин.

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”