Өлкөдөгү экономикалык оор абалга пандемиянын эле эмес, 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун да кесепети тийди

2020-жылдын декабрына карата өлкөнүн экономикасынын төмөндөшү 8,1%ды түзүп, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө өлкөлөр арасында эң кедей мамлекет аталды.

Улуттук статкомдун маалыматына таянсак, алдын ала эсептөөлөр боюнча ИДП 2020-жылдын январь-ноябрь айында 511 млрд. сомду түзүп, 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,1% азайган. Кумтөрдү эске албаганда, үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрындагы ИДП 453 млрд. сомду түздү жана 8,6%га төмөндөдү. Терс тенденция: курулушта 15,9%; дүң жана чекене соодада 15,6%, айыл чарбасында 0,9%ды түзөт. ¯стүбүздөгү жылдын январь- ноябрында керектөө баалары 2019-жылдын декабрына салыштырмалуу жалпысынан республика боюнча 7,2%га өскөн. Тамак-аш жана алкоголсуз ичимдик баалары 13,2%га; алкоголдук ичимдик жана тамеки буюмдары 6,2%; калкка кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтер 2,2%; азык-түлүк эмес товарлар 1,2%га жогорулаган. Керектөө бааларынын жана тарифтердин максималдуу өсүшү Талас облусунда байкалган, азык-түлүктөр жана ичимдиктер 20,1%га өскөн. 2020-жылы Кыргызстандан инвестициянын сыртка чыгып кетүүсү 320,7 миллионду түзгөн. Улуттук статкомдун маалыматы боюнча 2020-жылдын январь-сентябрь айында чет элдик түз инвестициянын агымы 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30,9%га кыскарып, 398,4 млн. доллардык көрсөткүчтү көрсөттү. Чет элдик түз инвестициянын негизги көлөмү (90%) кайра иштетүүчү өндүрүш ишканаларына, пайдалуу кендерди иштетүүгө, геологиялык чалгындоого, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, ошондой эле маалымат жана байланышка келген. Геологиялык чалгындоо иштерине багытталган инвестициянын көлөмү 3,5 эсеге, маалымат жана байланыш чөйрөсүнө 21,3%; финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу 8,9%; пайдалуу кендерди иштетүү ишканаларына 9,5%; кайра иштетүүчү өндүрүш 3,7%га азайган. КМШ өлкөлөрүнөн тышкары өлкөлөрдөн чет элдик түз инвестициялардын келүүсүнүн көлөмү 2019-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 1,5 эсеге азайып, негизинен Канаданын эсебинен 24,5% (кайра иштетүүчү өндүрүш), Улуу Британия – 3,3 эсеге (геологиялык чалгындоо), Кытай – 1,9 эсе (пайдалуу кен байлыктарын иштетүү, геологиялык чалгындоо) төмөндөгөн. Швейцариядан келген инвестиция (пайдалуу кен байлыктарды казуу, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу) 4 эсеге, Кореядан (курулушка) 2,1 эсеге жана Түркиядан (курулушка) 8,7% эсеге көбөйгөн. ªлкөгө келген түз инвестициянын 28,5% Кытайга, 21,7% Канадага, 11,9%ы Нидерландыга, 7,1%ы Швейцарияга, 6,9% Түркияга жана 5,8% Улуу Британияга туура келет. КМШдан келген түз инвестициялар 1,4 эсе азайып, Россияныкы 2,5 эсеге, өзбекстандыкы 1,8 эсеге кыскарган. Чет элдик түз инвестициялардын КМШ өлкөлөрүнөн тышкары өлкөлөргө чыгарып кетүүсү 2019-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 1,4 эсе көбөйүп, булл Швейцария (85,5 эсе); Корея (18,9 эсе); Улуу Британия (3 эсе); Германия (2,7 эсе); Түркия (1,6 эсе); Канада (1,6 эсе); Кытай (1,2 эсе) эсебинен болгон. КМШ өлкөлөрүнө чет элдик түз инвестицияны чыгарып кетүү 11,1%га өсүп, бул Россиянын (2,2 эсе) эсебинен болгон. Ошол эле учурда Казакстанга инвестициянын чыгып кетиши 2,2 эсе азайган. 2020-жылы тигүү өндүрүшүнүн көлөмү жана экспорту 50%га төмөн түштү. Булл тууралуу «Жеңил өнөр жай» ассоциациясынын президенти С.Асанов GTEX программасынын байкоочу кеңешинин онлайн форматындагы кеңешмесинде билдирди. Анын айтымында буга пандемия терс таасирин тийгизген. Учурда сырьену ташып жеткирүүнүн кармалуусу 30%га, продукцияныкы 50%га төмөндөп, өндүрүш 45%га иш менен камсыз болгон, кампалардагы продукция мурдагыдан 50%га көп. Бир сөз менен айтканда, экономикадагы абал оор. 2021-жылы медиктердин базалык эмгек акысы көтөрүлбөйт. Бул туурасында 2021-жылга карата республикалык бюджетти талкуулоо учурунда айтылды. Ошондой эле 2021-жылы бюджете пособие жана жеңилдиктерди көбөйтүүгө каражат каралган эмес. Жогоруда биз сөз кылган улуттук экономикадагы кыйчалыш абалга жогоруда айтылгандай быйылкы жылдагы пандемия себепкер болгону талашсыз. Пандемия кесепетинен улам, бюджет 30-40 млрд. сомдун тегерегинде зыянга учураганы эч кимге жашырын эмес. Какаганга муштаган болуп, 4-октябрдагы өткөн парламенттик шайлоодогу туташ мыйзамсыздыктардын кесепети да Кыргызстандын экономикасына катуу сокку урганын жашыра албайбыз. Укук коргоо, фискалдык, жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешмесинде ИИМ министринин орун басары Эркебек Аширходжаев 5-6-октябрдагы окуяларда жалпы зыян 1 млрд. 122 миллионду түздү деп билдирди. ªз кезегинде 5-6-октябрдагы окуяларга 4-октябрда белгиленген парламенттик шайлоонун таза эмес, мыйзамсыз өтүшү бюджетке келтирилген зыянга гана эмес, өлкөнүн эл аралык имиджине доо кетишине себеп болгон. Натыйжада, мыйзамсыз шайлоого дээрлик 800 млн.го жакын сом сарпталды, 5-6-октябрдагы башаламандыктар жалпы зыян 1 млрд. 122 миллионду түздү, анын соңунда сырттан келе турган 100-200 млн. долларлык жардамдар келбей калды. Анын баары С.Жээнбековдун унчукпаган макулдугу менен жасалып, бул мыйзам бузуулардын башында «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары турат. Демек, экс-президент жана аты аталган партиялар мамлекетке келтирилген чыгымдын ордун жана шайлоолорго кеткен чыгымдын ордун толтурушу керек. Албетте, азыркы парламент аларды мыйзамдуу жоопкерчиликке тарта турган мыйзам кабыл алууга эрки жетпейт, бирок 10-январда шайлана турган президент жана келерки парламент мындай чечимди кабыл алууга кудурети жетет деп ойлойбуз. Дегеле, мындай демилге президенттикке талапкерлердин программаларында, эл алдында сүйлөгөн сөздөрүндө камтылат деген ишенич бар. Жогоруда эринбей фактылар менен терип-тепчип сөз кылганыбыздай, экономикалык абал өтө оор. Алдыда оор жыл күтүп турат. Демек, ал абалдан чыгуу үчүн өлкө бюджети күнөөкөрлөрдүн эсебинен толтурулушу керек. Болбосо, алар канчага чейин эркелей беришет?

Болотбек Таштаналиев «Кыргыз Туусу»