Абай Кунанбай уулунун 175 жылдык юбилейи Бишкекте Кыргыз-Казак маданий  борбору ачылды  

Алыкул Осмонов атындагы КРнын Улуттук китепканасынын директору Жылдыз Бакашова Абай Кунанбай уулу атындагы Кыргыз-Казак маданий  борборунун Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги жана Кыргызстан Эл Ассамблеясынын тутумундагы Кыргызстан казактары ассоциациясы менен Улуттук китепкананын тыгыз кызматташуусунун натыйжасында ачылганын белгилеп, элчи Кайрат Нурпеисов мырзага, ассоциациянын төрайымы, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаевага, колдоолорун көрсөтүшкөн өлкөбүздүн Маданият, маалымат жана туризм, Тышкы иштер министрликтеринин жетекчилерине ыраазычылыгын билдирди.

 Максаты Казакстандын жана Кыргызстандын маданиятын, искусствосун, үрп-адат салттарын жана тарыхын кеңири жайылтуу болуп саналган борбордун китеп текчелерине китепкана фондундагы казак адабияты менен маданиятынын көөнөргүс мурастары, анын ичинде Абайдын чыгармалары жана анын чыгармачылыгы тууралуу изилдөөлөр, Казакстан элчилиги борбордун ачылышына байланыштуу белекке тартуулаган 500дөй китептин коюлганын; окуу залы, конференц-залы, маектешүү бөлмөсү окурмандарга жана келүүчүлөргө ыңгайлуулук үчүн тиешелүү жабдуулар жана эмеректер менен камсыз болгонун, окуу залына Абайдын айкели орнотулуп, дубалдарга Абайдын, казак агартуучуларынын, Чыңгыз Айтматовдун портреттери жана учкул сөздөрү жазылып илингени борбордун көркүн гана ачпай, таалимдик мааниге ээ болуп турганын атап өткөн Ж.Бакашова борбордо ар түрдүү маданий иш-чараларды, жолугушууларды өткөрүп турууга жакшы шарт түзүлгөнүн маалымдады.

– Кыргыз менен казактын бир туугандыгы, бирдей маданияты жана бир тилде сүйлөгөнү – чоң дөөлөт. Бүгүн боордошторубуз менен гуманитардык, руханий жана интеллектуалдык кызматташууга дагы бир жол ачылды. Байлык, бийлик келет, кетет, ал эми акыл, рух байлыгы калат. Абай борбору – рух, акыл ордосу, эки элдин ынтымагын чыңдаган борбор болсун. Китептерди чаң баспасын, келип окуп туралы, — деди куттуктоо сөзүндө КРнын маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков.

– Казак адабиятынын классик акыны, улуу ойчул Абай Кунанбай уулунун 175 жылдык юбилейин быйыл Казакстан гана эмес бүткүл дүйнө эли чоң салтанат менен белгилөөдө. Кыргызстанда мааракеге арналган онлайн конференциялар өттү, Кыргыз-Казак университетинде Абай аудиториясы ачылды, таанымал кыргыз жазуучусу Айдарбек Сарманбетовдун которуусунда кыргыз тилинде «Абайдын кара сөздөрү» жарык көрдү. Эми бүгүн Казакстан Республикасынын Көз карандысыз күнүн утурлап, Кыргызстандын Улуттук китепканасынын имаратында Абай борбору ачылып жатат, анын төрүнөн Абайдын айкели орун алды. Борбордун ишмердиги эки өлкөнүн руханий-маданий карым-катнаштарынын өнүгүүсүнө чоң таасирин берет деген ойдомун. Ошондой эле кыргызстандык окурмандарга, жаштарга казак адабияты жана өнөрү менен кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү, – деди бет ачар аземде сүйлөгөн сөзүндө Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук укуктуу элчиси Кайрат Нурпеисов. Ал Казакстандын маданият жана спорт министри Актоты Райымкулованын куттуктоо катын аземдин катышуууларына окуп берди. «Абай маданий борбору жаш муундун казак менен кыргыздын тамырлаш экендигин терең туюнуусун өбөлгөлөп, келечекте алардын бир тууган элдерибиздин алакасын бекемдөөгө өз үлүштөрүн кошууга данакерлик кызмат аткарат деген ишенимдемин», — деп белгиленген куттуктоодо. Элчи Абай Кунанбай уулунун 175 жылдыгын эл аралык деңгээлде өткөрүүнүн алкагындагы бул долбоордун жүзөгө ашырылышына чын дилден жардам беришкен казакстандык инвесторлорго жана Казакстандын Кыргызстандагы ардактуу консулдары Б.Абилдаевге жана С.Жумабековго алкоо сөздөрүн айтып, элчилик тартуулаган китептердин топтомунда Казакстандын тарыхы, философиясы, адабият таануусу жана искусствосу боюнча басылмалар, ошондой эле классикалык жана азыркы заман адабияттары төрт тилде – казак, кыргыз, орус жана англис тилдеринде экендигин кошумчалады.

Кыргыз-казак кызматташтыгы ар тараптуу бекемделип жатканын, Абай борборунун ачылуусу маданий байланыштагы чоң окуя экенин баса белгилеген КРнын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев эки өлкөнүн карым-катнашына байланыштуу алдыдагы жылдарга белгиленип жаткан иш-чараларды кабарлады. Анын айтымында, 2021-жылы Казакстанда Казак-кыргыз маданий күндөрү өтүүгө тийиш. 2022-жылы эстафетаны өлкөбүз алып Кыргыз-казак маданий күндөрү уюштурулат. Бишкекте Абайдын эстелигин, Нур-Султан шаарында Манастын эстелигин тургузуу мерчемделүүдө.

Борбордун ачылыш аземинде Кыргызстан эл Ассамблеясынын төрагасы, академик А.Эркебаев, КРнын эл акыны А.Рыскулов, УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик А.Акматалиев, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Абай Кунанбай уулунун чыгармачылыгы, кыргыз-казак алакасы тууралуу ойлорун ортого салышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө КРнын Улуттук китепканасы менен Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин ортосунда кызматташуу Меморандумуна кол коюлду.

Назарбек БАЙЖИГИТОВ,

«Кыргыз Туусу»