Бишкекте доллар арзандай баштады

Бишкекте доллар менен евронун баасы кайрадан төмөндөдү.

Бүгүн саат 10:00дө акча алмаштыруучу жайларда доллар 82,11 сомдон сатылып жаткан. Эки сааттан кийин америкалык валютанын баасы 81,06 сомго түштү.

Акыркы кезде чет элдик валюта экинчи ирет арзандап жатат. Буга чейин бир ай бою доллар 84,9 деңгээлинде кармалып турган.

«24 kg»