«Мен тоолукмун, жөнөткүлө акым бар, Тоо суусуна кошулайын тазарып!»

Мелис Совет уулу 1978-жылы 27-мартта Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Талды-Суу айылында туулган. Кыргыз Улуттук университетинин Физика-электроника факультетин 2006-жылы аяктаган. Ошол жылдан тарта ал журналисткага аралашып, “Жаңы Кылым”, “КТР-Обо”, “Агым”, “Жаңы Агым” гезиттеринде кабарчы, жооптуу катчы, башкы редактордун орун басары кызматтарын аркалап келген. Учурда “Кыргыз Туусу” гезитинин жооптуу катчысы. Мелис Совет уулу чыгармачыл жаштардын Республикалык “Нурборбор” бирикмесинин жана “Калемгер” адабий клубунун мүчөсү. Буга чейин анын ырлары бир нече гезит-журналдарда жарык көрүп, “Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясы” жыйнагына кирген. Анын “Чырак” аттуу ырлар жыйнагын КРнын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы чыгарган.

 

Келем дагы

 

Эчен кылым карыткан эмен багы,

Эрте жазда көйнөгүң, денең жаңы.

Үндөбөстөн сага айтам бар сырымды,

Жарым, досум укпаган энем дагы.

Ууктурган дартымды туя билген,

Учукпастан арманым уга билген,

Улуулугуң сезиндим бабалардай,

Улуу сөзгө көңүлүн бура жүргөн.

Көк мелжиген көркүңдү көрүп алып,

Көр турмуштан өзүмдү бөлүп алып.

Көпкө турдум түбүңдө коштошо албай,

Көөдөндөгү сырымды төгүп алып.

Сен түшүнүп мени уктуң эмен багы,

Сенде сыр бар мен билбес, терең дагы.

Эзилгенде мен эми эч кимге айтпай,

Ээндеп сага акырын келем дагы.

 

Оо курдаштар!

Окуу, оюн менен күндү бүтүргөн,

Ойноок кезим издейм өңүм, түшүмдөн.

Оо курдаштар, отурчу элек класста,

Отуз эки тиштей болуп тизилген.

Ай жылдарга болуп улам жамаачы,

Андан бери жылдар өттү карачы.

Алыстады ортобузда аралык,

Ачылгандай тиштеримдин арасы.

Тирлик кылып, туш тарапта жетилдик,

Тиштей курчуп, тиштей кээде кетилдик.

Түк чыдабай түйшүгүнө турмуштун,

Түшкөн тиштей үчөөң жерге бекиндиң.

Сынып бириң казактарда мал багып,

Сыз абакта дагы бириң каржалып.

Сыноолордон жабыркадың курдаштар,

Сыны кеткен тиштей болуп саргарып.

 

Акым бар

Кээде туруп батинкемдин боосундай,

Чиеленип калат ойлор чечилбей.

Баарын таштап башты оорутуп отурбай,

Көлгө сиңип кетким келет чечинбей.

Кээде бырыш көйнөгүмдөй көңүлүм,

Санаалашым дагы аны жазалбай,

Бүт ааламга баткым келет чөмүлүп,

Таң алдында чакырылган азандай.

Уйпаланган күндөр өтөт чачымдай,

Миң тарасаң ийге келбейт кашайып,

Мен тоолукмун, жөнөткүлө акым бар,

Тоо суусуна кошулайын тазарып!

 

Кантип айтам

Ашып-ташып турган дайым нугунан,

Кош дарыя бир мезгилде соолуду.

Ажал аңдып шумкарларды туурунан,

Аалам кезер кезде неге тооруду?

Өлдү деген суук кабарга көнө албай,

Сыздап турат миң, миллион жүрөктөр.

Өмүр, өлүм экөөнү эки бөлө албай,

Кетти ээрчишип аруу достук, тилектер.

Канда ойногон козгоп кыргыз намысын,

Кашкая ырдап турчу элеңер жалтанбай,

Силердей уул арабызда бар үчүн,

Өткүр, бекем болдук кылыч, калкандай.

Жазганыңар мөлтүр таза булактай,

Туруучу эле көкүрүктөн оргуштап,

Көндүм жашоо көңүлдү эч ынатпай,

Көзүңөрдө турчу муңдуу ой кыштап.

Эл алдына чыгып жүрүп шартылдап,

Элесиңер элде калды сакталып.

Эх, силерди кантип айтам маркум деп,

Эми гана жанган кезде ак жарык.

 

Тирүүлөр тизмесинде толук кылсын

Биз анда ойноок, тентек бөбөк элек,

Көңүлгө көөдөй кара чөгөрө элек.

Чурулдап ойноп жүрүп көчөлөрдө,

Чуу чыгып калган үйдү көрөр элек.

Ал үйдөн күлкү алыс узачу эле,

Анан эл бейит көздөй чубачу эле.

Карылык тушап алган ата, апалар,

“Эмнеден, ким өлдү?” – деп сурачу эле.

Балалык улам бизден алыс калып,

Биз дагы турмуш жолдо арыштадык.

Бир кезде атам куран окуучу эле,

Эми ага Куран калды багышталып.

Кемитип адамдардын асылдарын,

Кетти ажал алып далай жакындарым.

Узартып Куран түшчү тизмелерди,

Суук өлүм турат аңдып азыр дагын.

Токто ажал, токто, жүрөк согуп турсун,

Тойлордо аксакалдар болуп турсун.

Тирүүлөр тизмесинде жакындарды,

Жараткан жүз жылдарга толук кылсын!

 

Чырагым

Чырагым, чынарым, тумарым,

Чын дилден чыйырым уларым.

Чын дүйнө тарапка узасам,

Чыңырып боюма куларым.

Көлөкөм, берекем, көчүрмөм,

Көөдөндөн кайгымды өчүргөн.

Көз өтүп кетсе эгер балам бар,

Көп ыйлап аталап өкүргөн.

Жарыгым, жарымым, бөлүгүм,

Жалганда экинчи өмүрүм.

Жашоодо ичер суум бүткөндө?

Жанында турарым сөөгүмдүн.

Данегим, боор этим, туягым,

Дартымды дарылап тураарым.

Дарыя болсоң да таза аккын,

Денемден бөлүнгөн булагым.

 

Жалгыз жалбырак

Күзгү бакта жалгыз жалбырак,

Күтөт кимди билбейм жалдырап.

Санаа тартып саргайса дагы,

Сабыр кылып карек талдырат.

Кээде ажал салып укурук,

Кете жаздайт ажал учуруп.

Жаз алдында жаштыгын эңсеп,

Жан дүйнөсү кетет тытылып.

Жамгыр жааса үшүп чыйрыгат,

Жамынчы жок бою жыйрылат.

Жалгыздыктан жаны кыйналып,

Жашоо, үмүт, күтүү суй жыгат.

 

Эмнеден ооруйт жүрөктөр?

Барабыз кайда, баштаган башчы, багыт жок,

Байлыкты сыртка агызган колдор, арык көп.

Бийликке болгон ишеним өлгөн, мунарык,

Бийиктен чыккан үмүттүү шоола, жарык жок.

Кемтилип Мекен, тартылып барат картабыз,

Кейиштүү бүгүн алдыбыз дагы, аркабыз.

Атылып жатса кыргыздар эли, жери үчүн,

Кечирим сурап, моюнга камчы артабыз.

Жемсөөсү кенен, баарысы баткан таш кудук,

Жемкорлор жешет темирди дагы аш кылып,

Эл үчүн эмес мен үчүн гана дегендер,

Эки жүздүү, эпчил, кошоматчы анан жаш туруп.

Жакшылап окуп, тереңдеп алган билим жок,

Жаштардын көбү умтулбайт илим, билим деп.

Санаанын баары сары алтын, акча, мансапта,

Салмактуу ойлор чачылып кеткен бириндеп.

Чындыкты айткан кас душман болуп таланат,

Чымыр бет наадан бийликке оңой бара алат.

Чынчылмын деген прокурор, соттор уялбай,

Чым этпей туруп чындыктан дагы пара алат.

Сойкулар чыкты сомго иштеп, жанын багышкан,

“Соткалар” чыкты сол колго дайым жабышкан,

Сорулуп ушул замандын жаман сазына,

Соо адам калбай, кур жалак калдык намыстан.

“Кул болбойм”, – десе атага кыздар, – “чай сунуп”

Кумсалар чыкты “укугун” коргоп айкырып,

Кыз эрге тийбей, эркеги тийген эркекке,

Кыргыздан чыкты келечек муунду маң кылып.

Баркталбай бала, ар жерде калды буюмдай,

Бакыттай бизге бөбөктөр калды туюлбай.

“Ата”, “апа” деген алтындан кымбат ыйык сөз,

Арабөк калды айтылбай, дагы угулбай.

Миллиардды жеген миллион менен акталып,

Милиция болсо байкушту тоноп акча алып,

Мамлекет ишин бекемдейт деген кызматкер,

Мандикер болду байлардын ишин аткарып.

Иритип барат илдеттүү оору – ичкилик,

Ирденбей кыргыз ырысын шыпкап ичти бүт,

Миңдеген ата, миңдеген апа, кандаштар,

Запкысын жешип арактын жүрөт үшкүрүп.

Интернет баарын башкарып алып билинбей,

Интимдик дүйнө азгырып турат күлүңдөй,

Итче да болбой ыргытса ымыркайларын,

Ит турмуш үчүн жүрөктөр калды тилинбей.

Эзелки өчү барчылап уруп балдарын,

Ээлигип сабап, эзилип сүйүп алганын,

Эркектер жүрсө эки сом таппай күрүлдөп,

Энелер эми кимге айтат барып арманын.

Эмнеден ооруйт жүрөгү десе кыргыздын,

Айта албай турам армандын улап калганын.

Элмирбек, Зайыр эзилип жүрүп мындайдан,

Ээрчишип кетти жаап салып ушул Жалганын.

«Кыргыз Туусу» Мелис Совет уулу