Жакшы адам, чыгаан окумуштуу

Профессор Мырзабек Жумаев 70 жашта

 Адамзаттын жашоосунда эки дүйнө деген түшүнүк бар. Биринчи дүйнө тирүүлүк болсо, экинчи дүйнө тирүүлүк аяктаган учур. Ошол эки дүйнөнүн бейишине “булактын көзүн ачкан мусапыр жана жаш муундарды окуткан мугалим гана барат”,-деген ишеним эл арасында жашайт. Бул сөздүн чындыгын турмуштун өзү дагы далилдеген сыяктуу.  90-жылдары Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин 1-курсуна кабыл алынып, ал факультетке кабыл алынганбызга сүйүнүп, окуй баштаган күндөн бери Жумаев Мырзабек агайды фамилиясынан угуп, анын лекциялык сабактарынын өзгөчөлүгүн студенттердин сөздөрүнөн баамдап, агай сабактарына жоопкерчиликтүү жана талапты катуу койгон мугалим экендигин угуп келген күндөрдүн биринде, агай биздин группага практикалык сабак өтүп калды. Сабакта агай: “Эмне үчүн Жусуп Баласагындын “Кут алчу билим”дастанында каармандарынын аттарын Күнтууду, Айтолду, Өгдүлмүш, Одгурмуш деп атайт, эмне үчүн биз көнгөн күнүмдүк жөнөкөй адамдардын аттары менен атап берген эмес?”-деген суроо менен баарыбыздын көңүлүбүздү бурду. Группалаш студенттер  ар кандай багыттагы ой жүгүртүүлөрүн айтышып, өздүрүнүн түшүнүгүндө баамдарын билдиришти. Бирок агайдын өзүнүн жообу бизди ойго салды. Агайдын жообунда: “Эгерде Жусуп Баласагын өзүнүн чыгармасындагы каармандарын жөнөкөй аттар менен атап койгондо, анда дастандын негизги идеясы, символикалык маанилеринин көркөмдүгү окурмандар үчүн билинбей калмак. Тагыраак айтканда, дастандагы башкы каарман Күнтуудунун образындагы символикалык маани, бул күн деген жылуулук нурун эч бир тирүү жандан аябайт жана ал баарына тегиз нурун чачат. Ошонун сыңарындай, өлкөбүздөгү президент күндүн нурундай тегиз жана калыс  чечип, элдин ишеничине жылуулук бериши керек. Бирок, аны да акылы менен иш жүзүнө ашырат, ага Айтолдунун символикалык мааниси жооп берерин, акыл менен башкарса, ай толгондой толуп турат, акылы жок башкарса, колдогу муздай агып кетет, кемтик айга окшоп калат”, -деген агайдын дастандагы образдардын символикалык мааниси тууралу айтып бергени дагы эл эсимен кетпейт. Ошондогу агайдын бир эле сабактагы суроосу жана ага өзү жооп бериши келечекте кандидаттык диссертациялык ишимдин  маңызын ачып берүүдө чоң жардам болоорун агай дагы жана мен дагы ал кезде билген эмес элек. Көрсө, сабак өткөн агайлардын устаттыгы окутуп жаткан студенттеринин бирине изилдөөдө чоң бир маселелердин бири катары айланса, бул мугалимдин  чеберчилигиндеги көрө билгендик деп баалоо керек. Агайдын  ошол сабактагы бир суроосу алгачкы изилдөөмдүн бир ачкычы болуп калганын юбилейинде шакирти катары айтып кетүү керек го. Көрсө, агай 1989-жылы “Кыргыз романдарында коммунисттин образынын идеялык – көркөмдүк эволюциясы”деген темада кандидаттык диссертациялык ишин коргоп, ал кездеги Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз адабиятынын кафедрасына бир жылдык сыноо мөөнөтү менен окутуучулук орунга кабыл алынып, ал жоопкерчиликтүү орунду ийгиликтүү аткарып, 1992-жылы аталган кафедрага ага окутуучулук кызматына которулуп, алгачкы мугалимдик кесиптин эмгек жолунун кадамдарын шилтей баштаган мезгили экен. Ошол арада агайдын мезгилдеги басма сөздөрдө “Аялзаттын адабияттагы жүзү”(Ала-Тоо,1987, №5, 156-159-б), “Колго алчу иштер арбын: жаштар арасында адабий, теориялык ой жүгүртүүсүнө жетекчилик кылуу, тарбиялоо иши”(Ленинчил жаш,1987,27-январь),“Ата журттун тузу улук. Акын Калыбай Османалиев 50 жашта” (Кыргызстан маданияты, 1988, 26-май, №22, 6-б) “Изденүү жана даяр жол”(Кыргызстан маданияты, 1989, №26, 29-июнь, 3-б) аттуу макалалары жарыяланып, окурмандарга жаш адабиятчы-изилдөөчү катары таанылган мезгили экен. Көп өтпөй, 1996-жылы К.Карасаев атындагы БГУнун кыргыз адабияты кафедрасына которулуп, ал жерде кафедра башчылыгына чейин көтөрүлөт. Бул кызматты аркалаган учурда, 2002-жылы И.Арабаев атындагы педагогикалык университетине которулуп, 2008-жылдары ошол эле университеттин алдындагы Мамлекеттик тил жана адабият институтунун директору болуп иш алып  барат. Бул тууралу агайдын ошол эле жылы, Жаңы жылдын алдында “Кут билим” гезитинин кабарчысы Чолпон Кийизбаева менен болгон  маегинен кабарлайт. Агайдын мугалимдик милдетинин эң башкы принциби: “Студент билгенди окутуучу билбей турса, андан өткөн шылдың жок”, -деген сөзүнүн маанисинен эле байкалып турат. Чындыгында, агай ушул принципти негиз кылуу менен чыгармачылык жана кесиптик ишин аркалап келди. Агайдын билимге жана илимге жоопкерчиликтүү, ушак айыңдан алыс, өзүнүн ордун билген, суроо берсең, күлкүсү менен коштоп, ар дайым жообун аябаган устат экендигин баамдап келебиз. Мындай сыпаттуу мүнөзү менен эл аарсында кадыры бар жана эмгекчил илимпоздугу менен айырмаланып, акыркы мезгилдерде көбүрөөк илимий эмгектерин жарыялады. Маселен, агай авторлош катары “Кыргыз адабиятынын тарыхы. VI китеп.”(Бишкек-2002), “Түрк дүйнөсү адабияты.1-2-китеп”(Анкара-2002), “Азыркы кыргыз адабияты. 1-том” (Бишкек-2005) аттуу китептерди жазса, өзүнчө авторлогу менен орус тилинде “Образ и время в киргизском романе”(2004) монографиясы, “Адабият дүйнөсү.1-бөлүк”(2006) окуу куралы, “Жаңы мезгил жана адабият”(2012)  монографиясы жана “Адабият теориясынын негиздери”(2012)аттуу типтүү программасын билим чөйрөсүнө жарыялаган. Аталган илимий эмгектериндеги изилдөөлөрүн иликтөө жана маанисин аныктоо келечектин иши. Бирок агайдын  изилдөөлөрүндөгү дагы бир негизги принцип,  “Өткөнгө камчы үйрүсөң, келечек сени таш бараңга алат”, -деген сөзүнүн маанисинде жатат. Агайдын ар бир изилдөөдөсү жана көтөргөн проблемалык маселелери бир эле учурду, же бир эле мезгилди камтыбай, бир нече убакыт аралыкты камтууга негизделген. Адабиятчы – изилдөөчүлөрдү өткөн муунага көз салууда далилдүү фактылары менен чечмелеп берүүнүн жолдоруна салат. Маселен, 2001-жылы “Озимителевские чтение”аттуу макалалар жыйнагына киргизилген “Кыргыз романдарынын көркөм камылгасы.80-жылдар” аттуу макаласын окуп чыксаңар, дароо эле 80-жылдары жарыяланган романдарынын тематикалык жактан көп түрдүүлүккө ээ болгонун, нравалык, психологиялык чыгармалардын  стуртурасында орун ала баштаганын жазса, аны улай “Жаңы мезгил жана адабият”(2012)аттуу эмгегинде дагы тереңдетип, аңгеме, повесттер, романдарында көркөм-тематикалык кубулуштарын, алардагы мазмундук, формалык, идеялык көркөм маселелери тууралу айтып, жанрдык жана идеялык жактан жаңылануулар жаралгандыгын ырааттуу илимий-теориялык багытта анализдеп бергени, окурмандар үчүн келечекте керектүү окуу китеби болуп калаары шексиз. Ошону менен катар бир убакыттардан кийин 80-жылдардагы жана бүгүнкү күнгө чейинки прозалык жанрында жаралган чыгармалардын обзордук, маалыматтык өнүгүшүнүн аныктоого жардам берет. Дагы бир  Мырзабек агайдын изилдөөсүндөгү айырмачылык, ал Кыргызстандагы прозалык чыгармалардын өнүгүшүнө гана сереп кыла бербестен, Ала –Тоонун ар жагындагы, Жуңгодо жашаган кыргыздардын, же боордош туугандарыбыздын адабиятындагы аңгеме, повесттерине чейин өз баасын берген “Шинжаң кыргыз адабияты 30 жылда же жолду жүргөн арбытат” деген көлөмдүү макаласын окурмандарга сунуштайт. Аталган макала 2015-жылы Жуңгодогу кыргыздардын белгилүү “Шинжаң кыргыз адабияты” аттуу журналынын №4-санында араб графикасында кыргыз тилинде жарыялаган. Макаланын көлөмү 20-бетке чукул жазылган. Бул макаланын жазылышынын себеби, Кыргызстанга “Шинжаң кыргыз адабиятынын” түптөлүшүнө 30 жыл толгондугуна байланыштуу орус криллицасына салынган 2 томдон турган жыйнак келген. Жыйнактын түзүүчүсү Толкун Турду. 2011-жылы “Шинжаң илим-техника басмасы” тарабынан жарыяланган. Мазмуну 2-том менен түзүлүп, 1-томун прозага, 2-томун поэзияга арналып түзүлгөн. Бул жыйнак менен таанышкан Мырзабек агай дароо прозанын изилдөөчүсү катары 1-томундагы камтылган 27 аңгеме, 4 повесть, 4 адабий сындык жана теориялык макалалар камтылгандыгын белгилеп жазып, жыйнактын жарыяланыш мазмунуна негизги үч дооматты койгон. Биринчиден, жыйнактагы киргизилген чыгармаларды жарыялаган жылдын ирети менен жайгаштыруу керек эле. Экинчиден, жыйнактагы иргелген чыгармаларды жанр боюнча жайгаштырып жарыяласа болмок, себеби аларды өз ара салыштырууга кыйла жеңилдик жаратмак. Үчүнчүдөн, жыйнактын мазмуну менен анын ичиндеги автордун аты, чыгармалардын аталыштарынын ортосунда айырмачылыктар кездешет. Агайдын мындай дооматтары эң туура жана өз учурунда айтылган. Себеби, Жуңгодогу кыргыздардын “Шинжаң кыргыз адабияты” аттуу бараандуу журналдын 30 жылдыгына карата араб жазуусунан кыргыз криллицасына оодарылуу менен жарыяланып жатса, жыйнактын негизиги милдети техникалык байкоочулукту жана хронологиялык ырааттуулукту сактоо менен изилдөөчүлөрдүн талаптарын эстеринен чыгарбашы керек эле. Агайдын баамында Жуңгодогу кыргыздардын адабияты 50-60-жылдарында сыпаттамалык же фактографиялык баяндоо ыкмаларынын колдонулушу көбүрөөк байкалат. Мындай ыкма 1983-2002-жылдар аралыгында жарыяланган Абдыкадыр Токторовдун “Тоо бүркүтү” (1986), Алымжан Акандын “Балапан короз”(2002), Амантур Жүсүбакундун “Ажар чоң эне”(1984), Турсун Мырзанын “Бөрү минген бала” (1992), Каалык Макештин “Айыл арасында” (1983), Ырысбек Абыкандын “Аюу терисин” (1991), Мамбеказы Турдумамбеттин “Дайраны айланган тагдырды” (1995) аттуу чыгармаларда да сыпаттамалык, фрагменттик ыкмалар дагы эле сакталып келгенин айтып, анан ар бирөөнө кеңири токтолуп өтөт. Жогоруда аталган чыгармалардын хронологиялык багыты туура жайгаштырылбаганы байкалып турат, себеби жарыяланган жыйнактын мазмуну да ушундай берилген. Агай алардын жарыялоо багыты менен анализдөөгө алган. Ошого карабай Кыргызстандык окурмандарга өздөрүнүн адабиятын таанытып койуга жасаган алгачкы кадамдары кубандырарлык. Эмне үчүн ушундай жарыяланып калганы да суроо жаратат. Жуңгодогу кыргыздардын жазуучуларынын өмүрү, чыгармачылыгы тууралу хрестоматия түрүндө 1992-жылы “Кыргыз калемгерлери”, 1994-жылы “Унуталбас адамдар”аттуу жыйнактар жарыяланып, ар бир жыйнакка Жуңгодогу кыргыздардын акын-жазуучуларынын бирден тандалып алынган чыгармалары жарыяланган. Аталган жыйнактар хронологиялык тартиптин негизинде жайгаштырылган. Ал эми агай белгилеп өткөн жогорудагы жыйнактын мазмуну хронологиялык багытты сактабай, атүгүл чыгармалардын аталыштарынын ортосунда да айырмачылыктар кездешип жатканы, албетте, иштин шашылып иштелген деп түшүнүүгө өбөлгө түзсө, экинчи жагынан редакторлор тагыраак текшербей, алардын көбү орус криллицасын жакшы биле алышпаганын  кесепети болсо керек. Негизинен, агайдын талдоосундагы жана баамындагы ийгиликтер менен кемчиликтер туура талданган. Агайдын баамында Жуңгодогу кыргыздардын чыгармаларында эпистолярдык форманы  Бүбүажар Пыраттын  “Шордуу сүйүү”аңгемесинен байкалат, бирок ал форманы да аягына чейин колдонбой, ыктуу жерден бяндамачылыкка өтүп кетекенин да таамай аныктаган. Бул агайдын белгилөөсү да теориялык адабиятчынын баамындагы көз караш деп айтууга болот. Мындай теориялык базасы түзүлгөн адабиятчынын көз карашына Абдырахман Азиздин “Соңку кыштак”(2002), Амантур Абдрасулдун “Эшекчен абышка”(2003), Аскар Жаңыбайдын “Кош булак”(2008), Бактыяр Календин “Кыраан куштун тукуму”(2009), Нурдун Жунустун “Томотойлор”(1989), Турганбай Кылычбектин “Тоолор аппак мелтирейт”(1985) ж.б. аңгемелерди талдоодо да байкалат. Аталган чыгармалардын мазмундук жактарын чечмелөө менен жазуучунун баамындагы сүрөттөлүп жаткан окуялардын маңызы эмнени туюндурат, мааниси эмнеде экендигин, атүгүл салыштыруу аркылуу ар бир жазуучунун өздөрүнө таандык калемгерлик сүрөттөөлөрүн ырааттуу анализдейт. Албетте, буга агайдын профессионалдык дарамети жооп берет. Негизинен, Жуңгодогу кыргыз адабиятындагы аңгемелерди анализдөөгө алган агайдын аталган көлөмдүү макаласы алгачкы Кыргызстандагы белгилүү адабиятчынын фундаменталдуу талдоосу катары окурмандарга таасирин бербей койбойт. Жалпы жонунан адабияттын, анын ичинен проза жанрындагы аңгемечилердин өкүлдөрүнүн жараткан чыгармаларынын маанисин аңдоодо жардам берет.  Мындай агайдын фундаменталдуу макаласы Жуңгодогу кыргыздар тарабынан бааланып, эч бир чанбастан, ал туура эмес баамдаптыр деп сөз кылбастан, Кытайдагы кыргыздардын окурмандарына жарыяланып, Жуңгодогу кыргыздардын жазуучуларынын андан-ары дагы өнүгүүсүнө жана теориялык, практикалык тажрыйбаларды үйрөнүүгө жасаган кадамдары катары баалоого болоор эле. Агайдын талдоосундай макалалар көп эле жарыяланса, иштин пайдасына гана чечилмек.      2012-2015-жылдары Жуңгодогу кыргыздар менен түзүлгөн байланыштар агайдын макаласынын жарыяланышына шарт түзүп, илимий изилдөөлөр менен жакшы жыйынтыктарды берди эле. Бирок Кытайда түзүлгөн саясий кырдаал жергиликтүү майда улуттардын, анын ичинен кыргыздардын тарыхый, маданий, адабий өсүштөрүнө кан буугандай жол тосуп салды. Бирок, агайдын илимий изилдөөлөрү Кыргызстандагы адабиятчы окумуштуууларга жана  окурмандарга кеңири таанымал. Анын талбай изденүүсүнүн негизинде кыргыз адабиятында жаралган аңгеме, повесть, роман сыяктуу жанрдагы чыгармаларды анализдөө көп мээнетти жана түйшүктү талап кылат. Прозаны окуп түшүнүү убакытты гана жейт. Агай чарчабастан, ар бирөөнү окуп, ага өз баасын берип, адабиятта өз үнүн кошуп келе жатканы менен айырмаланат. Мындай түйшүктүн баба дыйканы билинбей юбилейлик 70 жашка келип калганы бизди кубандырат. Агай кутман курагыңыз кут болсун! Калемиңиз курчуп, кыргыз эли үчүн кызматыңызды аркалай бериңиз!

Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филологиясы   факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын профессору    Назгүл Турдубаева.