Түгөлбай Сыдыкбековдун үй музейи ачылат

Түгөлбай Сыдыкбеков — ХХ кылымдагы кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө чоң салым кошкон Кыргыз эл жазуучусу, академик, Сталин сыйлыгынын ээси, Кыргыз Республикасынын Баатыры. Т.Сыдыкбеков 1912-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган.

Ал өзүнүн чыгармачылыгын ыр жазуу менен баштаган. 1930-жылы 1-май күнү «Ленинчил жаш» гезитине «Булар кимдер?» – деген ыры жарыяланган. Андан бир аз өтпөй «Чал комузу» аттуу поэмасын жазып, «Чабуул» журналына бастырган. Алгачкы «Күрөш» аттуу ырлар жыйнагы 1933-жылы жарык көрүп, «Баатырлар» (1936), «Акын-булбул» (1938) аттуу ырлар, поэмалар жыйнактары жарыяланган. Поэтикалык чыгармаларында Түгөлбай Сыдыкбеков калемдештери сыяктуу эле ошол учурдагы кыргыз жергесине, элдин турмушуна кирип жаткан жаңылыктарды, социалисттик коомдун артыкчылыгын, жаңы түзүүчүлүк эмгегин, жаңы мамилелерин чагылдырууга аракеттенген.

 Сабыр СЫДЫКБЕКОВ, Т.Сыдыкбековдун уулу:

 «Атам бул үйдү 1949-жылы курдуртуп баштаган»

– Азыркы Аалы Токомбаевдин үй музейинде мурда 4 үй-бүлө жашачу, Касымалы Баялинов, Аалы Токомбаев, Темиркул Үмөталиев анан биз. 1947-жылы ошол үйдөн төрөлдүм, а 1949-жылы атам 37 жашында «Биздин замандын кишилери» деген романы үчүн Орто Азияда биринчилерден болуп, Сталин атындагы СССРдин мамлекеттик сыйлыгын алган. Бул сыйлык Кыргызстанда биринчи жана акыркы сыйлык болуп калды. Алган сыйлыгы үчүн 25 миң рубль эмгек акы алып, ошол акчага ушул үйдү курдуруп, 1953- жылы киргенбиз. Ошол жылы атам 1-май көчөсүнөн орус кемпирдин үй сатуу тууралуу жарыясын көрүп калган экен. Ошол кемпирден алганбыз, мен 3 жашта болсом керек: «Бул үй орус кемпирдики, өзүбүздүн үйүбүзгө кетебиз», – деп ыйлаганым эсимде. Атам бул үйдүн долбоорун өзү чийип ошол кездеги башкы архитектор Альбанскийге алып барып көргөзсө ал, Павел Иванов дегенге тапшырган экен. Ал атамдыкына тууралап чиймелерин чийген. Ошол чиймелер азыр деле бар. Согуштан кийин өкмөт катуу көзмөлгө алчу ошондуктан үй өтө чоң болбосун деген буйрук болгон. Ошолордун баарын эске алып жасалган. Биз төрт бир тууганбыз, ар бирибизге бирден бөлмө бөлүнгөн. Биринчи кабатта конок үйү, жуунучу бөлмө андан тышкары эки бөлмө жана ашкана бар. Ал эми экинчи кабатта атамдын өзүнүн бөлмөсү, уктоочу бөлмө жана китепкана жайгашкан. Ичиндеги бардык буюмдар илгерки жана атамдын өзүнө таандык. Алардын арасынан Гапар Айтиев, Сүймөнкул Чокморов тарткан сүрөттөрдү да кездештирүүгө болот. Өзүнүн чыгармаларынын түп нускалары, кол жазмалары окуган китептери жана Алыкул Осмонов, Аалы Токомбаев, Кубанычбек Маликов, Касымалы Жантөшөв, Касымалы Баялиновдун биринчи чыккан чыгармалары кол жазмалары менен сакталуу турат. Ошондой эле небереси Айнур тарткан уникалдуу сүрөттөр да бар.

 Нурзада ЫШКЫБАЕВА, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси:

 «Бул үй –эң уникалдуу үй»

– Мен Кыргыз Республикасы боюнча музейлердин куратору болом. Бул үй боюнча айтып кетсем, ал маселени маркумдун уулу чечет. Музей катары мамлекетке өткөрүп береби же өз алдынча музей катары калабы, Сабыр мырзанын чечимине жараша болмокчу. Азыркы учурда мыйзамдарды алып келип бердим, кандай тартипте музей боло алат жана кантип сакталат, ушулардын баарын карап чыккан соң, анан чечебиз. Бирок эң биринчиден инвентаризация кылууну сунуштар элем. Бул жактагы бардык буюм уникалдуу жана ар биринде өзүнчө тарых жатат. Бизге калтырган мурас деп кабыл алышыбыз керек. Чындыгында мындай мурастарды сактап калуу оңой эмес, бул үйдө башка атактуу инсандардын да буюмдары бар. Ошондуктан бул үйдү уникалдуунун уникалдуусу деп айткым келет.

 Алихан ИБРАИМОВ, үй-музейди ачуу боюнча демилгечи:

 «Т.Сыдыкбековдун үй музейин ачабыз»

– Буюрса, Түгөлбай Сыдыкбековдун 15 томдук жарыяланган жана жарыяланбаган чыгармаларынын толук жыйнагы 2022-жылы мааракесинде жарык көрүү алдында турат. Ошондой эле өзү акыркы күнүнө чейин жашап өткөн үйүн музей кылуу демилгесин көтөрүп жатабыз. Үчүнчү демилге-эркиндик бульварын Т. Сыдыкбеков атындагы бульвар кылуу сунушубуз бар. Ал үчүн Бексултан Жакиев, Жамин Акималиев, Апас Жумагулов өңдүү кыргыздын белгилүү инсандарынан кол топтоп жаткан чагыбыз. Биз Түгөлбай атабыздын тарыхый мурастарын сакташыбыз керек, даңктап-даңазалап, китептерин кийинки муунга өткөрүп беришибиз керек.

 Асель СҮЙӨРКУЛ кызы,

«Кыргыз Туусу»