АКШ долларына байланган жакырчылык же укмуштарды ойлоп тапкан Улуттук статком  

АКШ долларынын сомго карата курсунун өсүшү өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүүгө оң таасирин тийгизет имиш. Ушундай укмушту уктуңар беле? Социалдык түйүндөрдүн бириндеги түз эфирде Улуттук статкомдун статистикалык изилдөөлөр институтунун эксперти: «Доллар курсунун жогорулашы түштүк облустардагы жакырчылык деңгээлин төмөндөтөт. Биз муну акча которуулар менен байланыштырабыз. Акча которуулардын көлөмү канчалык көп болсо, жакырчылыктын деңгээли ошончо төмөндөйт» — деп билдирди.

Анын айтымында, бир эле фактор Кыргызстандын аймактарындагы жакырчылыктын деңгээлине ар кандай таасир этет. Маселен, өлкөнүн түндүк аймактарына сырттан келген акча которуулар сезилерлик таасир этпейт. Тескерисинче, доллар курсунун жогорулашы жакырлар категориясына кирген адамдардын санын көбөйтөт. Улуттук статкомдун экспертинин айтымында, Нарында мал санынын көптүгү каратаман элдин бардарчылыгынын негизги фактору болсо, Таласта төө буурчак баасынын жогору болгону жакырчылыктан чыгууга таасир этет. Кыскасы, ар бир облуска таасир этүүчү факторлор ар кандай. Кыргызстанда доллар курсу да, тамак- аштын баасы да таасир эте албай турган бир көрүнүш бар. Ал коррупция жана контрабанда. Бажы кызматынын басма сөз кызматы мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 2020-жылдын 11 айында 1097 бажылык укук бузуу фактылары аныкталганын кабарлады. 865 факты Бузуулардын бирдиктүү реестрине, 232 факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Зыяндын жалпы көлөмү 397,2 млн. сомду түзөт. Бул миллиондор Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевге сунуш кылынган 300 миң евро, 100 миң долларлык машинанын жанында шоона эшпей калат. Интернет сайттары мэрдин милдетин аткаруучунун ким бирөөлөргө кайрылып: «…Крышаларыңарды» укпайм, ачыгын айтып коёюн. Таза, түз иштесеңер иштегиле, болбосо орунду бошоткула. Ушул жерден ачык эле айтып коёюн, бир директорлук кызмат ордуна мага 300 миң евро сунушташты. 300 миң евро! Доллар дагы эмес. Жүрөгүм түшүп кетти. Азыр атайын кызматтарга бердим, териштирип жатышат. Ал кызмат ордунун айлык акысы ашып барса 15-20 миң сом. Дагы бир кызмат үчүн 100 миң долларлык унаа сунушташты. Булар эмнеге коркпойт, эмнеге баарын акчага сатып алса болот деп таң калдым» – дегенин таратып жатышат. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу өз ыйгарым укуктарын кандай аткарып жатат, ким билет, арийне өзүн пиар жасаганды кыйын билет. Ал шаардын түмөн түйшүгүн аткарбай эле социалдык түйүнд өрд үн биринде отургандай сезилет. Болбосо, шаардын түйшүгүнө баш ооруткан адамдынинтернетке кирүүгө бир мүнөт убактысы болмок эмес. Ош шаарынын мэрин карагылачы. Социалдык түйүнгө отуруп алып ким канча пара сунуштаганын жарыя кылбай эле, унчукпай иштеп жатат. Акыркы үч жылда Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси, азыр Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп иштеп жатат Ушул жылдардын аралыгында Бишкекте төштү каккан ашөпкө мактаныч, жалган кыйкырыктан башка эч нерсе болгон жок. Дегеле Бишкек шаары акыркы 25 жылда мыкты шаар башчысына жарыбай койду. А Ош шаары жыл өткөн сайын кулпуруп баратат. Улуттук статкомдун отчетунда айтылган коомдун жакыр катмары өлкөнүн аймактарында гана эмес Бишкектин жаңы конуштарында толтура. Байлар шаардын элиталык бөлүгүндө жашайт. Экс-мэр А.Суракматов парк салса, шаардын ошол бөлүгүндөгүлөр үчүн салды. Аллея, тротуарлардын брусчаткалары кайра-кайра алмашса, шаардын бардар бөлүгү жашаган аймагындагы брусчаткалар алмашылып жатат. Мына, жакында эле УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиевди кармады. Логика боюнча алсак, эгер коррупция Жогорку Сотко чейин жетсе, анда райондук, облустук деңгээлдеги соттор пара албашы мүмкүнбү? Бул риторикалык суроо. Жогорку соттун судьясы киреше булактарына ээ болбой туруп, VIP шаарчадагы элиталык кыймылсыз мүлккө, курулуш компаниялар берген батирлерге, Ысык-Көлдүн жээгиндеги престиждүү пансионаттардагы коттедждерге, соода борборлорундагы коммерциялык объекттерге, ошондой эле люкс-класстагы унааларга ээ болмок эмес. Судья жана анын жакын туугандары байма-бай Бириккен Араб Эмираттарындагы, Түркиядагы, Азия жана АКШдагы курорттук шаарларга барып жүргөнүн да башкача түшүндүрүү эч мүмкүн эмес.

Болотбек Таштаналиев «Кыргыз Туусу»