Беш партия. Бешенесине эмне жазылган?

10-январь – Казакстанда да шайлоо күнү

2021-жылдын 10-январында Казакстанда кезектеги парламенттик (Мажилис палатасына) жана маслихаттарга (облустук, шаардык жана райондук кеңештерге) шайлоолор өтөт. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы каттаган беш партия учурда бир айлык үгүт жумуштарын жүргүзүүдө.

«Нур Отан»партиясы. 1999-жылы түзүлгөн. Баштапкыда “Отан” партиясы деп аталган. 2006-жылы партиянын съездинде «Нур Отан» аталышына ээ болгон. 900 миңге жакын мүчөсү бар. Мажилистеги 107 орундун 84ү ушул партияга тиешелүү. Партиянын төрагасы – Нурсултан Назарбаев. Төраганын биринчи орун басары Бауыржан Байбек. Казакстандагы жетектөөчү партия. Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салымын кошуп келет.

«Казакстандын «Ак жол» демократиялык партиясы».

2002-жылы түзүлгөн. 260 миңге жакын мүчөсү бар. Мажилисте 7 мандат менен депутаттыкфракция. Либералдык партия. Идеологиясы – демократиялык республика, ХХ кылымдын башындагы «Алаш» кыймылынын идеясын карманат. «Ак жол» КДП коомдук бирикмесинин тең төрагалары – белгилүү саясатчылар Болат Абилов, Алихан Байменов, Ораз Жандосов. Партия мүчөлөрү Мажилиске үч жолу шайланган. Президенттик шайлоолорго эки жолу мүчөлөрүн сунуштап, 2005-жылы Алихан Байменов 1,61 пайыз добуш, 2019-жылы Дания Еспаева 5,05 пайыз добуш алган.

“Казакстандын Калктык партиясы” (ККП) 2004-жылы түзүлгөн. Казакстандын мурдагы Коммунисттик калктык партиясы (КККП).  100 миңден ашуун мүчөсү бар. Мажилистеги өз фракциясында 7 орунду ээлеп отурат. Жакында партиянын XV съездинде “коммунисттик” деген аталыштан баш тарткан. Партиянын жетекчиси, депутат Айкын Коңыров. ККП социалисттик идеологияны карманат.

«Ауыл» калктык-демократиялык патриоттук партиясы 2015-жылы «Ауыл» Казакстан социал-демократиялык партиясы менен Казакстан патриоттор партиясынын би-ригүүсүнүн натыйжасында тү-зүлгөн. Төрагасы – Парламент Сенатынын депутаты Али Бектаев. Партия парламенттик жана маслихат депутаттарынын 2016-жылдагы шайлоолоруна катышып, республиканын бардык деңгээлиндеги маслихаттарда 38 депутатты шайлоого жетишкен. Партиянын максаты – казакстандыктардын жашоосун жакшыртуу, көз карандысыз, күчтүү жана өнүккөн мамлекетти куруу.

«Адал» партиясы. 2013-жылы түзүлгөн. Мурдагы «Бирлик» партиясы. 2016-жылы мажилис шайлоолорунда 0,29 пайыз добуш алып, Парламентке өтө албаган. Негизги максаты – жарандарды туруктуу жумуш менен камсыз кылуу жана эмгек акыны жогорулатуу аркылуу элдин турмуш жагдайын жакшыртуу. Партиянын төрагасы Казакстан Республикасынын ардактуу куруучусу Серик Султангали.

МАЖИЛИСТЕ 107 депутаттык орун бар. Анын 98и партиялык тизме менен аталган 5 партиядан шайланат. 7 пайыздык чекти багындырган партиялар Мажилиске өтүшөт. Депутаттардын 9ун Казакстан калк Ассамблеясы шайлайт. Ассамблеяга 50900 мүчө катталган. Анын бир пайызы, 509 адам ушул квоталык орун үчүн добуштарын беришет. Учурда парламенттик үч партиядан – «Нур Отан» өкмөттүк позицияда, «Ак жол» менен ККП оппозицияда, Ассамблеядан шайлангандар бейтарап болуп саналат. Шайлоолордун жүрүшүн көзөмөлдөөгө, казакстандыктарды кошпогондо, 22-декабрга карата 276 эл аралык байкоочу аккредиттелген.

Эске салсак, Казакстандын Парламенти туруктуу жумуш иштеген эки палатадан – Сенаттан жана Мажилистен турат. Сенатта 49 депутат бар. Сенаттын 15 депутатын өлкө Президенти дайындайт.

Өлкөбүздөгү казакстандык жарандарга кулак кагыш

2021-жылдын 10-январына белгиленген Казакстан Республикасы Парламенти Мажилисинин депутаттарын шайлоого Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигине келип добуш берсеңиздер болот.

Шайлоочулар тизмесинен өзүңүздү текшерүү үчүн Элчиликтин +996 312 56-53-76; +996 755-338-585 телефондору боюнча жана bishkek@mfa.kz электрондук почтасы аркылуу биле аласыз.

Казакстан Республикасы Парламенти Мажилисине шайлоо 2021-жылдын 10-январында Бишкек шаары, Мир (Ч.Айтматов) көчөсү, 95А дарегинде,№ 264 шайлоо участогунда, жергиликтүү убакыт боюнча 7.00дөн 20.00гө чейин өтөт.

 

 

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, «Кыргыз Туусу»