Карызды ойлогондо каңырык түтөйт

2021-жыл — шайлоолордун жана референдумдардын жылы. 10-январга белгиленген президенттик шайлоодо ким президент болуп келери жана кандай башкаруу системасына артыкчылык берилери азырынча белгисиз. Арийне, ким президент болсо да, түшүнгөн адамга болочок мамлекет башчыга суктана турган эч нерсе жок. Президентке талапкерлер деле аны түшүнүп турса керек. Эгер чындап эле мамлекеттин жана элдин тагдырына күйө турган адам шайлана турган болсо, болочок президентти болуп көрбөгөндөй баш оору жана чоң жоопкерчилик күтүп турат.

 Буга чейин президент болгондордун шору ошол чоң жоопкерчиликти чындап түшүнө албай, керт баштарынын амбициясынан, кара баштарынын жыргалчылыгынан, кара курсактарынын токчулугунан, үй-бүлө, ага-тууган, жолдош- жоро, шопурларынын кызыкчылыктарынан арыны көрө алышпагандыгында. Ошондон улам, эгемендик алган жылдардан бери чет элдик грант жана насыялардын эсебинен жашап келаткан Кыргызстанда коррупция болуп көрбөгөндөй өстү. Коррупция мамлекеттик башкаруудагы салттуу тенденцияга, башкаруунун ажырагыс бир бөлүгүнө айланды. Болбосо, 1992-жылдан 2018-жылга чейин алган 10 миллиард доллар грант жана насыяга ондогон завод-фабрикаларды курууга болмоктугун жаш бала деле түшүнүп турат. Тилекке каршы, ал насыя жана гранттар коррупциялык схемалар менен мамлекет башкарган төбөлдөрдүн күнүмдүк жыргалчылыгына, арам кызыкчылыктарына жумшалды. Финансы министрлигинин кийинки

маалыматтарына таянсак, шору көп Кыргызстандын мамлекеттик карызы: тышкы жана ички карыздары 378 миллиард сомду (4,8 миллиард доллар) түзөт. Анын 86,6%ы — 328 миллиард сому (4,1 миллиард доллар) тышкы карыз. 2023-жылдан тартып, мамлекеттик карыздарды төлөөнүн көлөмү көбөйө баштайт. 2027-жылы ал чек 400 миллион долларга чыгат, бул ИДПнын үчтөн бир бөлүгүн түзөт дегенди билдирет. ªткөн жылдын ноябрь айынын башында УКМКнын басма сөз кызматы 1993-2002-жылдар аралыгында тамак-аш, жеңил өнөр-жай, фармацевтика, тоо-кен, курулуш, ошондой эле таштандыларды кайра иштетүүчү заводдордуөнүктүрүү шылтоосу менен 1 миллиард доллардай кредит мыйзамсыз алынганын ачыктады. Көрсө, тыштан келген душман эмес, Кыргызстандын эл ишенимине ээ болгон бийликтин жогорку эшалонундагы кызмат адамдары чет элдик банктардын өкүлдөрү менен тил табышып, республикага келе турган кредиттик каражаттарды келтирбей туруп эле мыйзамсыз чыгарып кеткен схема түзүшкөн экен. Бул эл аралык афера 40 жолу кайталанып, Кара-Балта тоо-кен комбинаты ААК, “Жибек-Жолу” АК, “Казкоммерцбанк” ААК, “Жылдыз” ААК, “Кыргызпотребсоюз”, “Жанар” АК, “Чүйагроөнөржай” ЖЧК, “Ала-Тоо” мейманкана-ресторан комплекси, “Кыргыз Агробизнес” ААК, “Буудай”

МИ жана башка жеке менчик ишканаларга делип, өкмөттүн кепилдиги

менен 40 жолу жалпы суммасы 1 млрд. долларга жакын кредит алыныптыр. Бийлик адамдары мамлекет ичинде мамле-кетке айланганын ушундан билиңиз, эл аралык банктардан алынган кредиттер үчүн өлкөнүн алтын-валюталык резервинин бир бөлүгү күрөөгө коюлуп, чет элдик финансы институттарынан алынган кредиттер өлкөгө келбестен, кайра эле чет өлкөлөрдө жайгашкан башка чет элдик банктардын эсептерине которулган жана мамлекет ушул күнгө чейин жеке тараптардын кредиттерин төлөп келген.

Бул эл аралык деңгээлдеги коррупкоррупциялык-афералык схема гүлдөп турган убакта өлкөнү А.Акаев башкарып турганы эч кимге жашырын эмес. Антип ысымдары белгилүү болгон соң, мамлекеттин мойнуна илинген 1 млрд. доллар үчүн кимдир бирөө жооп бериши керек. Балким, укуктук жагынан алганда А.Акаев баш болгон, калгандары төш болгон жогорку кызмат адамдарын кылмыш мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартууга кеч чыгар. Антсе да, канчалык кеч болбосун, тарых үчүн, кийинкилерге сабак болушу үчүн, алардын ар биринин ысымдары аталышы керек. Эл өз «баатырларынын» ысымдарын билүүгө тийиш. Биз билгенден ал кызмат адамдарынын бир катарларынын көзү өтүп кетти. Башкалары эч нерсе болбогондой арабызда тирүү эле жүрөт, атүгүл бизге акыл үйрөтүп келет. Болуптур, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга кеч экен дейли, бирокалар эч качан моралдык жоопкерчиликтен качып кутула албайт. Атасы үчүн балдары жооп бербейт, биз алиги уурулардын балдарын аталарынын уурдагандарын ордуна коюп койгула деп айта албайбыз. Арийне аталар уурулукка, коррупциялык кылмыштарга балдарынын, үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктары үчүн барарын эске алуу менен, коррупционер аталардын балдарын мамлекеттик кызматка жарым чакырым жакын жолотпосок, бул жагдайда атайы мыйзам кабыл алынса, тарых үчүн кайталангыс ачуу сабак болмок. А.Атамбаевдин режими деле коррупциялык схемалардан тыш болгон эмес. Ал өзүнчө бүтпөгөн сөз. Андан да ал калтырган жаман жорук, ал мамлекет башчы болуп туруп, эл менен жолугушууларда жыйынга келген карапайым адамдарды кир силккендей кагып-силкип, ошол

пастыгынан ырахат алчу. Андай өз башы менен кетчү жосунсуз жоруктары Балыкчыда аксакал кишини кагып -силккенден башталган. Андан соң журналисттерге асылганга өттү. Нарында элди малга теңесе, Таласта таластыктарды Абыке-Көбөштүн тукумусуңар деп башын жерге киргизди. Эми мына ошол элди кордогон адамды коргогон КСДПнын өкүлдөрү:

«Эмне үчүн ушунчалык кекчилсиңер? Ханды кордобойт” деген сөз бар кыргызда. Сооронбай Жээнбековдун тагдыры деле сабак…”, – деп, соцтармак бетин толтуруп жазышканда күйбөгөн жериң күл болот экен.

Ошол атамбаевчилерге айтар сөз, биринчиден, А.Атамбаев эч качан «хан» болгон эмес. Кыргызстандын соңку тарыхында хан деген да, ажо деген да кызмат орду жок. Болсо ал президент болгондур. Бирок ошол эле өзү түптөгөн

СДПК партиясынан депутат шайланган СДПК фракциясы андан экс-президент макамын алып салган. Бул биринчиден. Экинчиден, А.Атамбаев араң эле 3% кадыр-баркы бар досун президенттикке болуп көрбөгөндөй административдик ресурс жана күч менен, олчойгон акча менен апкелип, башка талапкерлерди сүрөгөн элди табаласа табалагандыр, асти эл аны табалаган жок. Ал эми фейктер, тролл ресурстары тууралуу сөз башка. Ал да Атамбаев режиминен калган мурас. ¯чүнчүдөн, А.Атамбаев абакта отуруп ыр жазабы же башкасын кылабы, аны коомчулукка алып чыгыштын

эмне кажети бар. 2023-жылдан тартып, мамлекеттик карыздарды төлөөнүн көлөмү көбөйө баштайт. 2027-жылы ал чек 400 миллион долларга чыгат. Башка ырыстуу элдер жаңы жылды жакшы маанай менен тоссо, бечара, шору көп кыргызстандыктар эле мамлекеттик карызды ойлоп тосот…__

«Болотбек Таштаналиев»