Өмөчөктөбөй, өзүбүздү-өзүбүз качан багабыз?

Ар бир мамлекетте азык-түлүк коопсуздугу деген түшүнүк бар. Бул мекенди коргоо дегендей эле мамлекеттин өтө маанилүү социалдык-экономикалык саясатынын өзөгүн түзөт. Ушул жагынан алганда Кыргызстан кыйла эле аксап турганын мойнубузга алышыбыз керек.

Кур дегенде кумшекерибиз бар эмес беле?

Азык-түлүк коопсуздугу дегенде, кандай гана кырдаал болбосун, калктын дасторконунда тура турган азык-түлүктөрдүн 9 түрү менен камсыз кылуу мамлекеттин милдети. Алар: нан, сүт, эт, жашылчалар, кумшекер, картөшкө, жер-жемиштер, өсүмдүк майы, жумуртка. Адамдын күндөлүк жашоосуна эң зарыл делген бул азык-түлүктөр менен калкты камсыздандыруу мамлекеттин экономикалык кубаттуулугунун жана социалдык байгерчилигинин түздөн-түз көрсөткүчү болуп саналат. Ал эми Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Анаркүл Бекболиеванын маалымат жыйынында билдиргенине караганда, Кыргызстан жогорку айтылган азык-түлүктөрдүн үчөө менен гана (жашылча, сүт жана картөшкө) өзүбүздү камсыздай алат экенбиз.

Чындап келсе белгиленген азык-түлүктөрдүн 9 түрү менен өзүбүздү камсыздап алууга кудуретибиз жетмек. СССР кезинде өзүбүз түгүл союздун айрым мамлекеттерин кумшекер менен камсыз кылчубуз. Азыр да уучубуз кур эмес. “Кайыңды-Кант”, “Кошой” өңдүү кант кызылчасын кайра иштетүүчү ишканаларыбыз турат. Республиканын кумшекерге болгон керектөөсүн аздыр-көптүр ушулар жаап жатат. Бул эки гигант суткасына 1050 т. кумшекер чыгарууга жөндөмдүү же болбосо бир суткада орточо алганда 350 т. Кант кызылчасын иштетет. Соңку жылдары ушул ишканалардын шарапаты менен кумшекердин Россиядан импорту 60 пайызга чейин төмөндөгөнүн эстен чыгарбайлы. Бул – Кыргызстан кумшекер менен өзүн өзү камсыздай алат дегендик.

Бардыгы өз колубузда

Антели десек, Айыл чарба министрлиги кумшекер өзүбүздө жетишээрлик деп айта албай жатпайбы. Кайра иштетүүчү гиганттарыбыз турса, башкасын айтпайлы Чүй, Талас кант кызылчасынын мекени болсо, анда эмне үчүн кумшекер менен өзүбүздү өзүбүз камсыздай албайбыз?

Мунун башкы себеби, Кыргызстанда айыл-чарба өндүрүшчүлөрү өзү менен өзү болгон абалда калган. Ушул эле кант кызылчасын өндүрүүчүлөрдү алсак, ким канча гектарга кызылча айдайт эч ким деле кызыкпаса керек. Анан алар өндүргөн түшүмүн жакшы сапатта кайра иштетүүчү ишканаларга өз учурунда тапшыра алабы, бул дагы чоң маселе. Бир сөз менен аларга күйгөн бирөө жок.

Ушул өңүттөн алганда, министр Тилек Токтогазиев айыл чарбасын аңдан чыгаруучу жолду айтып жатат. Бул дыйканфермерлердин багыттарына жараша ассоциацияларга, кооперативдерге биригүүсү. Мисалы, кызылча өндүрүүчүлөр кооперативи же ассоциациясы. Бул туура кадам. Анткени, ассоциациялар, кооперативдер дыйкан-фермерлерди майда товарлыктан чыгарып, жол көрсөтөт. Кайра иштетүү тармагы жанданат. Айыл чарбасын санариптештирүү тездетилет, себебиансыз ассоциациялар, кооперативдер натыйжалуу иш алып бара алышпайт.

Демек, дыйкан-фермелер менен түздөн-түз иштешүү, аларды жеңилдетилген кредиттер менен камсыздоо, өндүргөн продукцияларын сатууга көмөктөшүү жогоруда айтылган эң зарыл деген азык-түлүктүн 9 түрү менен (анын ичинде кумшекер) өзүбүздү камсыз кылууга шарт түзөт. Бизде бардыгы колубузда, болгону эле дыйкан-фермерлерди туура багыттоо, уюштуруу, тиешелүү маалыматтар менен камсыздоо, башкысы – чечкиндүү аракеттер зарыл.

Шорпо ичпей шорубуз кайнайбы?

Кыргыз шорпо ичмейин тура албайт. Эттин баасы өсүп кетип борбор шаар Бишкекте, Ошто, мал кармоого мүмкүнчүлүгү чектелүү аймактардагы шаарлардын жашоочуларына кыйын эле болду. Шаардыктардын баары эле депутаттардай айлык албайт. Айлыгын айдан айга эптеп жеткирип, өп-чап оокат кылгандар арбын. Мындай карап көрсөк өрүшүбүз толо төрт-түлүк малыбыз турат. Ошол малыбызды коңшу мамлекеттер колдон талашып жатканы менен эли-биз этке жетпей, орой айтсам айып этпегиле, эшейип отурганыбызды эч ким деле кечирбесе керек!

Ырас, пандемия шартында, дүйнөдө азык-түлүктөрдүн баасы өстү. Бул мамлекеттердин ички рынокторуна да таасирин тийгизгендиктен, экономикасы бизден алда канча кубаттуу мамлекеттердин да шаштысын алып койду. Мисалы, Россияда кумшекердин, өсүмдүк майынын баасы өсүп, президенти өзү кийлигишип жатып, басаңдатканы баарыбызга дайын. В.Путин мунун себебин эптеп эле пайда табууну көздөгөн ички рыноктогу ортомчу шылуундардын азык-түлүктөрдүн баасын кулактан тартып болсо дагы, дүйнөлүк деңгээлге жеткирүүгө аракет кылганы менен түшүндүрдү.

А биздечи? Эттин баасынын өсүп кетишине Казакстан малды тирүүлөй сыртка чыгарууга тыюу салгандыгы себеп болду деп жатабыз. Буга чейин төрт түлүк малын негизинен Өзбекстанга өткөрүп турган Казакстан мындан ары малын тирүү сыртка чыгарбай, этти өздөрүндө кайра иштетүү жолуна түштү. Бул жагынан Казакстан абдан туура кылыптыр дегим келет. Анткени, малды тирүүлөй сатканга караганда этин кайра иштетип саткан алда канча пайдалуу эмеспи. Өлкөбүз дегеле, ушул жолго түшө албай койду. Ал эми Өзбекстан мал чыгарбас Казакстанды таштай салып, биздин малдарды ала баштап, малдын, эттин баасынын өсүшүнө таасирин тийгизди.

Казакстан туура кылыптыр. Биз качан кыймылдайбыз?

Кыргызстанда малдын саны жыл сайын өсүп баратат. Мындан эки жыл мурункуну эле алсак (2018): уй — 1 627 296, жылкы — 498 684, кой-эчки — 6 167 949, төө- 228 246, эшек — 33 144 миң. Бул жерде эшектин санын атайын келтирдим. Азыр кокуй, бодо малдын баары Өзбекстанга өтүп кетмей болду деп жатпайбызбы. Эске сала кетсем, 2016-жылы өкмөттүн отчетунда 600 сыңар туяктуу (непарнокопытные) мал Кытайга эскпорттолду деп көрсөтүлгөн. Оо, малыбызды экспортко чыгара баштаган экенбиз дегиче, аныбыз эшек болуп чыгып, чоң чуу болгонбуз.

Мурдагы жылдарда малды экспортко чыгаруу тозоктунтозогу болчу. Казакстан бул эле Токмоктун базарына түшө калып, сураган бааңда алып, базарды кызыткан күндөрү болду. Кээ бир жылдары тирүү мал киргизбей эшигин жаап алчу. Андайда малдын куну түшүп, баккан жемин актай албай калган күндөрдү да көрдүк. Мындай шарттарда Казакстанга окшоп этти кайра иштетип чыгарууну эбак колго алышыбыз керек эле. Тилекке каршы, мамлекеттик деңгээлде ооз көптүргөн сөздөр, программалар айтылганы менен майнап чыкпады. Натыйжада, бүгүнкү күндө этти кайра иштетүү тууралуу сөз кылганда, мактана турган эчтемебиз жок.

Министр Т.Токтогазиевдин маалыматына таянсак, бизде азыр сапаттык ISO сертификаты бар эки эт комбинаты, ЕАЭБдин стандартына ылайык 5 мал союучу цех иштеп жатыптыр. Ушулар эмнени кыйратат?! Бул таз кейпибиз менен Кыргызстанда этти кайра иштетип, үзүрүн көрүү тууралуу сөз кылуу мүмкүнбү?!

Минтип этти кайра иштетүүчү ишканаларыбыз жетиштүү болбогондон кийин, малдын экспортуна тыюу салбашыбыз керек. Малдын кымбат сатылышына фермерлердин өздөрү кызыкдар. Малды дагы баасын чыгарып сатайын, мээнетим кайтсын деп азап менен багат. Ал эми ургаачы бодо малдар чыгып кетип жатат деген да туура эмес. Кыргыз эч качан колунда бар малын түгөлү менен сатып жибербейт. Сөзсүз тукум улачу малын алып калат.

Малдын санын эмес, сапатын ойлосок

Ушул жерден кошумчалай кете турганым – жайыт маселеси. Кыргызстанда 9,5 млн. гектар жайыт бар. Бул арзан эт өндүрүүнүн булагы. Көрүнүп тургандай, элдин малы союз кезиндеги деңгээлге жакындап, алыскы-жакынкы жайыттар деградацияга учурай баштады. Союз кезинде 4 райондун жер майышкан малы чыккан Соң-Көл жайлоосу малдын туягынан чаңы учуп калган. Кийинки кездерде мындай көрүнүштү бери болгондо үч облустун (Талас, Чүй, Жалал-Абад) 70тен ашуун айыл өкмөттөрүнүн малы чыккан Суусамыр жайлоосунан байкап жүрөбүз. Өлкө боюнча жайыт талашып, баш айрылып, көз чыккан учурлар бар. Ошон үчүн баарыдан мурда малдын санына эмес, сапатына көңүл буруу мамлекеттик маанилүү саясатка айланышы керек. Малды асылдандырууда, тиешелүү ассоциациялар, кооперативдер чоң роль ойной алышмак. Аларды уюштуруу Айыл чарба министрлигинин негизги милдети.

Эт кайда да, бет кайда?

Ошентип, мал сатып алууга жеңилдетилген кредит берип, калкын колдоп, сүйөп жаткан Өзбекстан айрыкча, бодо малды күргүштөтүп алып жатканда Кыргызстан жарым жылга токтотуп салды. Министр Т.Токтогазиев өкмөттүн мындай кадамын, биринчиден, төл бере турган кунаажындардын сыртка чыгып кетиши – эртеңки күндө уйдун санынын азайышына алып келет десе, экинчи жагынан ички рынокто эттин баасын түшүрүү максатында жасалууда деп түшүндүрүүдө.

Бирок, Бишкектин ири базарларында (Ош, Орто-Сай, Аламүдүн) эт анчалык деле түшкөн жок (жаңы жылда- 440 сомдун ар жак, бер жагында болду). Т.Токтагазиев этти, өсүмдүк майын ж.б. азык-түлүктөрдү ортомчусуз саттырам деп, дем алыш күндөрү Бишкектин эки жеринде ( Глобус (7-кичи район), Фрунзе (“Технопарк”) уйдун этин сатууну (390 сомдон) уюштуруп жиберди.

Өкүнүчтүүсү, мындай аз да болсо арзаныраак эттин, өсүмдүк майынын 1 млн. калкы бар Бишкекте эки эле жерде уюштурулушу жалпы керектөөнү албетте, камсыздай алган жок. Көпчүлүк эл ары карап ыйлап, бери карап күлүмүш этип, этти базарлардан кымбат алууга аргасыз болду.

Эгерде Айыл чарба министрлиги, Бишкек мэриясы аныгында эле элди арзан эт менен камсыз кылууну көздөсө бир жол бар эле. Ал Мамлекеттик матрезервдер фонду аркылуу акча каражатын карап, ал каражатка базарлардан малды ортомчусуз сатып алып, жогорку айтылган эт комбинаттарында, цехтерде сойдуруп Бишкекти арзан эт менен толук камсыздап койгонго мүмкүнчүлүк бар болчу. Мындан мамлекет дагы, эл дагы, малы базардан өтүп фермерлер дагы утмак. Социалдык чыңалуу төмөндөмөк…Аны ким ойлоп жатыптыр?!

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”