Мамлекеттик ипотеканын пайыздык чени төмөндөтүлөт

Өкмөт «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомуна 2019-жылдын 1-октябрына чейин берилген мамлекеттик ипотекалык насыя боюнча пайыздык ченди жылына 6–8 пайызга чейин төмөндөтүү сунушун берди. Тийиштүү чечимге Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду.

 «Бүгүнкү күндө бардык жарандар үчүн бирдей шарттарды түзүү маанилүү. Ошондуктан Өкмөт тарабынан «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсына мурда берилген насыялар боюнча пайыздык ченди төмөндөтүү маселесин иштеп чыгуу тапшырылган. Ипотекалык компания өз эсебинен пайыздык чен деўгээлин төмөндөтүүсү керек. Пайыздык ченди төмөндөтүү — бул чоў эмес, бирок Өкмөттүн жарандарга каржылык жүгүн кыскартуу максатындагы көмөгү болуп саналат», — деди Артем Новиков.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсына учурдагы финансылык абалын начарлатпоо жана ишин турукташтыруу үчүн Финансы министрлиги аркылуу мурда берилген насыяларды кайрадан карап чыгуу жана пролонгациялоо боюнча тийиштүү сунуш даярдап чыгууну тапшырды. Өкмөттүн 2020-жылдын 31-декабрындагы буйругуна ылайык, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомуна 2021-жылдын 1-январынан тарта алгачкы төлөмдүн суммасына жараша мурда берилген ипотекалык насыялар боюнча пайыздык ченди жылына 6–8 пайыздык ченге дейре кайра эсептеп чыгуу сунушталат.