Акындын калеминен жаралган күмүш канаттуу драма

Жакында эле Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драм театрында белгилүү акын Бактыгүл Чотурованын “Тумар ханыша” спектакли 3 күн бою чоң аншлаг менен өттү. Тумар ханыша же болбосо Томирис сак-массагеттердин ханышасы болгон. Тарыхый мааламаттар боюнча сактар Теңир-Тоо аймагын жердеген байыркы көчмөн калк болгон. Сактардын кыз-келиндери да эркектерден калышпай колуна курал алып согуша алган жоокер мүнөз болгону малыматтарда айтылат. Көптөгөн өлкөлөрдү басып алган Перси падышасы Кир шерденип, “сен мага тий, сенин элиңди да өз амириме алам” деп Тумар ханышага элчисин жиберет. Көчмөн духтагы эркин мүнөз Тумар ханыша анын бул сунушун четке кагып, аман-эсенинде артына кайтып кетүүсүн, жок согушам десе анда чоң дарыянын жанынан эмес, андан өтүп ээн талаага келүүсүн, аны ошол жерден күтө тургандыгын айттырат. Перси падышасы анын жазасын бермек болуп дарыядан өтүп келет. Сактар ага убада боюнча армиясын дарыядан алып өтүүгө мүмкүнчүлүк берип, белгиленген жерден күтүшөт. Кырчылдашкан катуу кармашта сактар да алсырап, Кирдин жоокерлери жеңиле баштайт. Ошондо майданга Тумар ханыша, персилердин падышасы Кир өзүлөрү чыгып катуу кармашта персилер жеңилет. Алар падышасынын башын таштай артка качышат. Бул согуш сактар үчүн да оор жоготууларды алып келет. Ханышанын күйөөсү Рустам баатыр, уулу Спаргапис жана көптөгөн жоокерлеринен ажырайт. Бул жоготуулардан да өзүнүн сүйгөнү Бактиярдын чыккынчылыгы Тумар ханышанынын жүрөгүнө тирүүлөй сайылган канжардай алсыратат. Бактияр Рустамды жок кылып, баласы Спаргисти такка отургузуп өзү бийлөөнү пландап жүргөн. Ал перси менен согушта сактардын колун баштоону ханыша Рустамга тапшырганга ичи күйүп катуу кармашта аскер башчы катары уулу Спаргис, Рустамдарга жардам бербей аскерин башка жака алып чыгып кеткенин уккан Тумар ханыша жүрөгү канап, ары карап ыйласа да, бери карап ханышалык сүр-кайратын көрсөтүп анын башын алууну буйруйт. Канга тойбогон перси падышасы Кирдин кесилген башын “мына канга тойбогон баскынчы, эми той” канды башына куят.
Спектакль чачын ак баскан Тумар ханыша менен анын акыл кошчу кеңешчиси ортосундагы эскерүү маеги менен башталат. Ханыша журт башы катары түмөн түйшүктү тартуу менен катар эле ал да адам, бардык эле адамдар сыяктуу сүйүүнүн азабын тартат, чыккынчылык, коркоктук менен бетме-бет келет, кыскасы башынан бардык нерсе өтөт, бирок ал да адам бирде кайгырат, бирде сүйүнөт. Ушулардын баары чебер акын Бактыгүл Чотурованын куюлушкан канаттуу саптары менен коштолуп чыгарманын көркөмү ого бетер артыптыр. Каармандардын монологдору поэзия болуп куюлуп, кулакка жеңил,жагымдуу угулат. Спектаклдин режиссеру Марат Козукеев. Чыгарманын коюлушу да оңунан чыгыптар, артисттер да өз ролдорун мыкты аткарышты.
Бул белгилүү акын Бактыгүл Чотурованын драмалык алгачкы чыгармасы. Таланттуу акын өзүнүн дараметин драмалык чыгармада жетишерлик көрсөтө алыптыр. Авторду бул ийгилиги менен куттуктасак жарашат.