Зайырбек Ажыматов атындагы сыйлык ар жылы тапшырылат

“РухЭш” сайты жана “Роза Отунбаеванын демилгелери” Эл аралык фонду 35 жашка чейинки мыкты акындарга жылына бир жолу Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлык тапшырып турмай болду.

Аталган сыйлык жыл сайын акын З.Ажыматовдун туулган күнү – 27-майда, тандалып алынган бир гана акынга ыйгарылат. Сынакка жаш авторлор мурда эч жерде жарыяланбаган ырлары, поэмалары менен катыша алат. Сынактын шарты боюнча, сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгармалар буга чейин соцтармактарда, сайттарда, гезиттерде да жарыяланбашы керек. Болбосо, автор сынактан дароо четтели- лерин сыйлыктын негиздөөчүлөрү маалым кылышты.

Белгилей кетсек, Зайырбек Ажыматов атындагы төш белги, диплом жана 100 миң сомдук акчалай сыйлыгы бар бул жарышка чыгармаларды “РухЭш” сайтынын “Казына” адабий эксперттер тобу кабыл алат.  Тактап айтканда, бул топтун мүчөлөрү көркөм талапка жооп берет деген гана авторлордун тандалма ырлар топтомуна өздөрүнүн рецензияларын беришет. Рецензияланган чыгармалар “РухЭш” сайтына жарыяланат (купуялык үчүн ар бир автордун чыгармалары номур менен белгиленет).

Сыйлык ыйгаруу комиссиясынын мүчөлөрү жеңүүчү аныкталганга чейин эч бир талапкердин аты-жөнү менен тааныштырылбайт жана “Казына” адабий эксперттер тобунун ачык добуш берүүсү менен эң жогорку упайга татыган автор Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты деп табылат.

Окурмандардын эсине сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын жана журналист Зайырбек Ажыматов өткөн жылдын 29-апрелинде, 44 жашында өмүрдөн өткөн. Ал 1976-жылы Аксы районунун Ак-Жол айылында туулган. Эмгек жолун 1998-жылы “Асаба” гезитинен баштап, “Кыргыз Туусу”, “Бишкек Таймс” гезиттеринде, өмүрүнүн соңку убактарында “Азаттык” радиосунда эмгектенген. Үч ыр жыйнагы чыккан.