«Баткендин аялдары өздөрү да өрүккө окшош: карапайым, көп балалуу, чыдамкай»

Маектешибиз – жазуучу, публицист, илимпоз Шайдуллаева Топчугүл

Баткен районунун Кара-Булак айылында 1960-жылы 24-январда туулган. СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. 2000-жылы “Акыркы раис” аңгемеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан уюштурулган “Элет тагдыры – эл тагдыры” сынагынын байгесине

татыган. “Кайдасыңар кадырлуу агайлар!?”, “Жакырчылык жана гендер маселеси”, “Шелекке барып, челекке түшкөн кыргыздар” ж.б. макалалары эл аралык уюмдардын сынактарынын байгелерине татыган. “Жан шерик” аңгемелер жыйнагына Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун “2000-жылдын эң мыкты китеби” диплому ыйгарылган. 2000-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү. “Кызбала”, “Сабыр”, “Жан шерик”, “Ташка чыккан гүл”, “Акылкасас” китептеринин автору.

 – Топчугүл эже, сизди окурмандарыңыз өрүк- Эненин образын жараткан жазуучу катары баалап жатышпайбы, бул эмнеден улам?

– Рахмат, жакында адабиятчы Рахат Аманова «РухЭш» сайтына жарыяланган менин чыгармачылыгыма арналган макаласында: «Ч.Айтматов Бугу эненин образын жаратса, Т.Шайдуллаева өрүк эненин образын жарата алды» деп жазыптыр. Эми авторго рахмат, булл мен үчүн өтө бийик сөз. Өрүк мөмөлүү дарак катары Баткен элинин турмуш-тиричилигине аб- дан терең сиңген, жуурулушуп кеткен. Эл негизги киреше булагы катары азырга чейин өрүккө таянып жашайт. өрүк дарагы да баткенчилердин өзүндөй карапайым, ашыкча «каприздери» жок. Сууну аз ичсе да кургабайт, мөмөлөй берет, картайса жылуулугу көмүрдөн кем калбаган отун болот, жыгачынан комуз чабышат. Эл үйүндөгү бардык жакшылык иштерин өрүктөн алган түшүмгө байлашат. өрүктүн жергиликтүү эл үчүн сакралдык мааниси да жогору. Жаңы үйлөнгөн жубайларга: «өрүктөй мөмөлөгүлө», – деп бата беришет. Ооруп, сыркап жакшы айыга албай кыйналгандарды: «Жашы улуу өрүк дарагын кучакта, мээнет-дартыңды алып кетсин», – дешет. Чын эле өрүк дарагын кучактап бир саамга турган адам андан күч-кубат алып, жеңилдей түшөт. Айрыкча бу даракка аялзаты жакын болот. Баткендин аялдары өздөрү да өрүккө окшош: карапайым, көп балалуу, чыдамкай. өрүк – берекелүү киреше булагы катары бу чөлкөмдө эчен кылымдан бери өстүрүлүп келет. Жаз алды өрүкзарлар текши гүлдөгөндө ал кооздук- ту сөз менен айта албайсың. Аңкыган жыпар жытычы, керемет! Көрдүңүзбү, өрүк ошентип, баткендиктерге бардык болгон баалуулукту өзү эле берип коет: сулуулукту да, атыр жытты да, ширин мөмөнү да, ысык отунду да, ден соолук, маанайды да, киреше байлыкты да. Мындай керемет даракты кайдан табасыз!

 – Жаңы кирип келген жылдагы чыгармачылык максаттарыңыз кандай?

– Азыр бир китепти басууга даярдап атам,ал жаңы жазылган көлөмдүүрөөк аңгемелерден турат. Дээрлик бардык аңгемелеримде аялдардын күчтүү образын бергенге аракет кылдым.

 – Мындан бир топ жыл илгери жарык көргөн «Акыл- касас» китебиңиздеги «Азапка салган айыз» аңгемеңиз коомчулукта резонанс жаратканы эсимде. Анткени улуттук адабиятыбызда мындай тема, жагдайлар мурда-кийин жазылган эмес. Чыгарма жаратуудагы ачыктык, чынчылдык дегенди кандай чечмелейсиз? Жазып жатып өзүңүз  канчалык төгүлүп, чачыла аласыз деген суроо жаралат.

– Бул аңгемени өзүмдүн теңтуш курбуларыма арнагам. Мына, өзүңүз элестетип көрүңүзчү, айылдагы 12-13 жаштагы кыз эч кандай маалыматы жок – ата-энеси да айткан эмес, же ал өзү да азыркыдай интернет булактарынан таап алып окуган эмес, анан бир күн эле жүрөк үшүн алган жагдайга кабылып калса. Айтайын дегеним, биздин муунда эне менен кызынын ортосунда жыныстык тарбиялоо жаатында ачык сүйлөшүү, сырдашуу деген такыр болчу эмес. Ушунун айынан ириде кыз бала жабыркаган. Айтмакчы, өткөн жылы ушул аңгеменин негизинде белгилүү кинорежиссёр Темир Бирназаров консультант болуп, жаш режиссёр Мээрим Догдурбек кызы кыска метраждуу кино тартышты, мамлекеттин каржысына. Ушул жылы көрүүчүлөргө тартуулашат го. Эми суроого жооп бергенге аракет кылайын. Көркөм чыгармадагы ачыктык жазуучу- нун ички жана тышкы цензураларга канчалык баш ийгенине, же эркин экендигине түздөн-түз байланышат. Баарыбызга белгилүү советтик адабиятта идеологиянын башкы куралы катары көркөм адабиятка карата кату цензура өкүм сүргөн. Социалисттик реализм ыкмасы жазуучулардагы аргасыз жасалма ички цензураны пайда кылган – ушундайда кайсы ачыктык болсун? Чынчылдык жазуучу үчүн принцип болушу керек. Улуу акын Алыкул Осмонов жазгандай, «Кудайга миң мертебе калп айтсам да, ырларыма бир да жолу калп айта албаймын» дегендей, биз канчалык көркөм каражаттарды колдонуп, чыгармачылык фантазияны байытсак да, окурманды алдабоо керек. Моралдык-этикалык жоопкерчилик жазуучуда өзгөлөргө караганда бийик болушу керек. Өз идеяңа окурманды ынандыруу, ишендирүүнүн негизинде ачыктык менен тең катар чынчылдык, адилеттик сөзсүз турушу керек. өзүм тууралуу айтсам, төгүлүп-чачылмайын купулга толгон нерсе жаза албаймын, кээде көздөн жаш куюлуп отуруп жазасың.

 – Мезгилден артта калып калбасам экен деген кооптонуу болобу сизде?

– Албетте, заман агымынан кийин калган жазуучуну ким окумак эле. Азыркы учурда мезгил менен жарышып, көпчүлүккө тегиз жаккан жакшы жазуучу болуш өтө кыйын. Жазуучулар да көп, окурмандар да көп түрдүү, көркөм табит да, талап да ар кандай, тез-тез өзгөрүп турат. Окурманга чыгармаларды иргеп, мыктысын окугула деп сунуштоочу сынчыларыбыз болсо өтө аз. Бүгүнкү заман башка кесиптердегидей эле жазуучулардан да жаңы ыкмаларды,технологияларды өздөштүрүүнү жана изденүүлөрдү талап кылып жатат. Чыгармадагы интеллектуалдык сапат, жаңычылдык маселелери улам курч коюлууда.

 – Сиздин айрым кыска аңгемелериңиз бир топ окурмандардын арасында талаш-тартышка да түшүп жүрөт. Ушундай чыгармаларыңыздын негизинде дагы көркөм тасма тартуу сунуштары айтылып жатабы?

– Андай сунуш түшүп жатат. Ошол эле жана жогоруда айтылган «Чыныгүл» аттуу аңгемем жазуучу, окурмандар ичинде кызуу талкууланып, көп сын-пикирлер айтылган. Ушул аңгемени экрандаштырабыз деп жатышат. Мындан тышкары «өрүк-Эне» деген кыска аңгемеме сценарий жазылды. Буюрса, быйыл тасма тартылганы турат.

Жыпар Исабаеват «Кыргыз Туусу»