Эл колдоп берди. Эмки сөз – бийликте

10-январда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча бүткүл элдик референдум болуп өттү. БШК автоматтык эсептөөлөрдү добуш берүү бюллетендери менен салыштырып, кол менен саноо иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала эсептөөлөргө караганда шайлоого катышкандардын 83,98 пайызы Садыр Жапаровго добуш беришкен. Бул анын шайлоочулардын ачык фаворити экенин көрсөттү.

Элибиз кезектеги мамлекет башчысын тандоону ишке ашырган кезде мурдагы президенттер жөнүндө азын-оолак сөз кылуунун кези келип турат.

Буга чейинки президенттердин башкы кемчилиги – өлкөнү башкарууда коррупция менен күрөшүүнү ураан кылып алышса да, иш жүзүндө өздөрүнүн үй-бүлөлөрү, жакындары, ишенген кызматкерлери ага аралашып кетишкени болгон.

Эми кыргыз эли Садыр Жапаровдон буга чейинки президенттердин ушундай кемчиликтерин кайталабаса экен деп чоң үмүт кылып отурат. Анын үстүнө шайлоочулар менен жолугушуусунда жана маалымат жыйындарында “эч качан жакындарынын, досторунун жана сандаган кошоматчылардын жетегинде калбай тургандыгын” көп жолу айткандыгы элди ынандырды. Башкача айтканда, иши да таза, өзү да таза президентке элибиз суусап турган учур Садыр Жапаровдун зор ишеним менен Президенттикке шайланышына шарт түздү.

Ал эми башкаруу формасына келсек, референдумдун жыйынтыгы боюнча президенттик башкарууну тандап алдык. Жалпы кыргыз элинин мындай тандоосу да тегин жеринен болгон жок. Негизинде президенттин өзүн-өзү билген ажыдаарга айланып кетпеши үчүн тоскоол болуп, аны тартипке чакырат деген партиялык тизме менен келген депутаттардан турган парламенттин деңгээли бир мандаттуу Жогорку Кеңештикинен да төмөн болуп калды.

Буга партиялык лидерлердин талапкерлердин тизмелерин түзүү процессин иш жүзүндө мандаттарды соодалоого, коалиция түзүүнү өкмөт мүчөлөрүнүн кызмат орундарын сатууга, а натыйжада аягында келип өз чөнтөктөрүн кампайтуунун булагына айландырып жиберишкендиги себеп болду.

Ошондуктан орустар айтмакчы, “жаңы нерсе – бул жакшы унутулган эски нерсе” дегендей болуп кайрадан өлкөбүз президенттик башкарууга кайрылууга аргасыз болуп отурат.

Бул жолу элибиз канчалык туура кадамга барганын турмуш көрсөтөөр…

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *