Түмөндөгөн түйшүктөр чечилчү күн келеби?

Акыркы айларда УКМК, финполиция катуу иштеп, ар кыл рангадагы экс-мамчиновниктер коррупциялык схемаларга жана коррупцияга шектелип кармалып жатат. Бишкек шаарынын экс-вице-мэри Мирлан Амантуров жаңы жылдын алдында эле коррупцияга шектелип кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен 28-февралга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Ал 2015-жылдан 2019-жылга чейин ишенип берилген мүлктү менчиктеп, максатсыз колдонгон деп шектелип, «Компанияларга 100 миллион сомдон ашык суммадагы муниципалдык буйрутмалар берилип, алардын айрымдарын менчиктештирип алышкан. Муниципалитеттин өз убагында каржылоосуна карабастан, подрядчылар жумушту толугу менен аяктаган эместиги аныкталган» делип айыпталууда.

Эгер А.Суракматов Бишкек шаарынын мэрлигине 2018-жылы келгенин эске алсак, ал орун басарынын кыңыр иштеринен кабары болду бекен же жокпу деген суроо жаралат. Бишкек шаарынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев деле ошол жылдарда мэрияда аппарат башчысы болуп иштеген. Эгер ал да билбесе, эсил кайран Дооронбек Садырбаев айтмакчы, накта мурдуна бок сүйкөлгөн кыргызым болгон экенбиз да.

А А.Атамбаевге го сөз да, кеп да жок. Анын эң жакын адамдары жана ишенимдүү кадрлары ар кандай кылмыш иштерине шектелип, алды кайда экени белгисиз качып жүрөт. 5-январда КР УК-МКнын басма сөз кызматы атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары Болот Суюмбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана экономи калык аткезчилик фактылары боюнча изделип жатканын билдирди. Эске салсак, ал да А.Атамбаевдин сүймөнчүктөрүнүн биринен болгон жана жаңылбасак, ал ишкерлик кылган жылдарда жан сакчысы да болсо керек эле.

Кыскасы, мурдубузга боктон аябай эле сүйкөшкөн экен. Жыргаган эч нерсе жок. Карапайым каратаман элди бооруна тартып, калкалаган эч ким жок. Баягы эле дос-тамыр, жан сакчы, шопур… мамлекеттик башкаруу ызы-чуу, кыйкырыктын басырындысында болуп келиптир.

С.Жээнбековдун режими учурунда республиканын бюджети дээрлик өзгөргөн же тактап айтканда, эч кандай өсүш берген жок. Өткөн жылдын 10-декабрында 2021-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 172 млрд. 891,6 млн. сом жана чыгаша бөлүгү 181 млрд. 354,8 млн. сом болуп, республикалык бюджеттин таңсыктыгы 8 млрд. 463,2 млн. сомду түзүү менен, мурдагы жылдарга салыштырмалуу айырма 15-30 млрд. түздү.

Эске салсак, 2018-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 140 млрд. 882,2 млн. сом жана чыгаша бөлүгү 161 млрд. 149,3 млн. сом болуп, республикалык бюджеттин дефицити 20 млрд. 267,1 млн. сом менен бекиген.

2018-2019-2020-жылдарда деле ушунун тегерегинде эле болгон. Айырма 5-10 млрд. сомду эле түзөт. Анын өзү эмнени билдирет? Бул Кыргызстанда экономика өскөн эмес, тапкан-ташыганыбыздан ичкен-жегенибиз көп болгон, экономиканы өнүктүрүүгө эч нерсе арткан эмес деген сөз.

Өткөн жылы коронавирус пандемиясынан улам экономикабыз андан бетер кургуйга кетти. Өлкө жалаң чет элдик жардамдардын эсебинен жашады. Кыргызстанда 2,5 миллионго жакын жумушка жарамдуу киши болсо, анын 40%ы миграциядан жан бакчу. Пандемияга байланыштуу 100 миңге жакын эмгек мигранты Кыргызстанга кайтып келүүгө аргасыз болду. Бул жүздөгөн үй-бүлөлөр киреше булагынан ажырады деген кеп. Өлгөнгө көмгөн болуп, азык-түлүк баалары, мал эти асманга чыкты. Ушунун баары барып-келип, калктын жашоо-турмушуна терс таасирин тийгизип жатканы талашсыз.

Мына ушул коомдук көйгөйлөр көңүл өйүтүп турган чакта, Улуттук статком кыргызстандыктар эмнеден улам каза болуп жаткандыгы тууралуу статмаалымат жарыялады. Анда 2020-жылдын 10 айында 31 миң 564 киши каза тапса, анын жарымысы же 16 миң 415и кан айлануу, жүрөк ооруларынан ары карап кеткени айтылат. Дем алуу органдарынын ооруларынан — 2235, сырткы себептерден – 1767, тамак-ашты аш кылуу органдарынын ооруларынан – 1638, перинаталдык мезгилдеги айрым абалдан улам – 1359, шишик ооруларынан – 3503, коронавирус инфекциясынан – 1693 ( лабораториялык жактан далилденгени – 506) киши кайтыш болгон. Калган оорулардан каза болгондор анчалык көп санда эмес.

Жумушсуздук күч алды. Өткөн жылдан эптеп-септеп чыктык. Быйыл пандемиянын деми кайтабы, аны бир Кудай билет. Абал курч экени Бишкек мэриясынын эле башын оорутпайт окшоду. Болбосо, ордунан козголуп койсо болмок. Шаардын таштандыларын тазалоо иштерин соцтармактарда пиар кылуу баланын иши. Балбак мырзанын кара күчкө шаар кыдырымыш болгону да эскиден калган традиция. Анын кыдырганында деле маселе жок. Аны элге жар салгандын канчалык кажети бар. Акыркы эки-үч жылда Некрасов-Москва көчөлөрүнүн кесилиши акыркы эски-уску буюмун саткан кары-картаңдарга толуп кетти. Мурда ишемби-жекшемби чыгышса, азыр дээрлик күн сайын чыгышууда. Аты жаман «Кул базарлардын» саны жана аерге келип кошулгандардын саны арбып баратат. Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев мына ушул маселеге басым жасаса болот беле? Болмок. Анда аны эмнеге жасабайт?

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,

“Кыргыз Туусу”