Тынысхан: «Талантты тарбиялап бакпасаң, жоголот»

Ырчы Тынысхан коомчулукка кавер ырлар (жаңыча аткарылган эски ырлар) менен таанымал. Ага айрым суроолор менен кайрылдык.

– Тынысхан, жубайыңыз Элен менен турмуш жолуна бирге аттандыңыздар. Эки түгөй музыка дүйнөсүнөн тааныштыңыздар беле?

– Ооба биз музыка дүйнөсүнөн таанышканбыз. Мен анда күндүзү окуп, кечкисин кафе-ресторандарда ырдап иштечүмүн. Аранжировканы жаңыдан жасап баштаган учурум. Элен бир ыр га буйуртма берип коюп, албай жок болуп кетти. Бирок бир күнү Элен мага дагы үйрөтүңүз деп келип калды. Үйрөттүм, чогуу иштеп калдык. Элендин сунушу менен ар кайсы конкурстарга катыша баштадым. Биринде жеңилсем, биринде уттум. “Сиздин жараткан музыкаңызды эл угуш керек” деп аябай мотивация берип турчу. Жети жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш коштук. “Раймаалы” – деген студия ачып, учурда чогуу эмгектенип жатабыз.

– Ысмыңыздар кыргызда сейрек кездешчү аттардан экен, же каймана атпы? Эмнеге фамилияңыздар менен чыкпайсыздар?

– Тынысхан өзүмдүн атым, Элендики каймана ат. Угуучуларга ыңгайлуу болсун деп жеңил эле кылып койгонбуз. Ар кандай конкурстарда фамилиябыз кошо айтылып жүрөт.

– Жубайыңыз Элен “Албарсты” аталган ырды алып чыкты. Коомчулук кандай кабыл алат деген кооптонулар болду беле?

– Жок андай ой деле болгон эмес. Себеби «албарсты» киносуна эле реклама болчу. Бул жөн гана ролик, ыр эмес. Эгер ал ыр деп чыгарганда «жылдыз» болуп кетмек.

– Эски ырларды жаңылап ырдап жатасыздар. Кандайча кызыгып калдыңыздар?

– Кавер долбоор жасап, ырларды бир аз башкача форматка салып көрөлү деп жатабыз. Ал эми Элендин музыкага болгон көз карашы башка, бирок ошол эле учурда эски ырларды угуп, кызыгат.

– Тынысхан, сиз ыр жазат экенсиз. Эргүү кандай учурларда келет?

– Ооба, ыр жазам. Окуучу кезимде дил баян жазган учурда 4 сап ыр кошуп жазчумун. Аябай укмуш жазам дебейм, бирок аракет бар. Эргүү жөө шаарды кыдырып басканда келет. Эргүү келбей жатат деп күтпөйм жазыш керек болсо, изденип, ой толгоп чыгарып жазсам болот.

– Дуэт болуп ырдап жатасыздар, топ түзүү оюңуздарда барбы?

– Тынысхан & Элен – деп дуэт ырдап жүрөбүз. Жекеден дагы ырдайбыз. Бир аз убакыттан кийин жаңы балдардан же кыздардан топ түзүү оюбузда бар.

– Чыныгы талант кандай күчкө, жөндөмгө ээ болушу керек?

– Талант ар бириңизде бар. Бирок миң таланттуу болсон дагы эмгек кылбасаң, талантыңды колдонбосоң катылып кала берет. Анын аркасынан тарбиялап бакпасаң, жоголот. Эң негизгиси максаттарды ишке ашыра билүү керек. Жаңы эшиктердин каалгасын ачып, жаңы тепкичтерге кадам шилтеш керек. Бир кадам жасасаң эле калганы башталат.

Асель РАМАНКУЛ кызы,

“Кыргыз Туусу”