«Акактын» артынан комузубуз таанылууда

КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Акак” комузчулар ансамблинин көркөм жетекчиси Ирина СҮЙӨРКУЛОВА менен маек.

Ирина Сүйөркулова учурда дүйнөгө кыргыз музыкасын тааныткан “Акак” комузчулар ансамблинин негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси. Анын атасы да, чоң атасы да комузда кол ойноткон чебер адамдар болушкан. Бул тууралуу: “Чоң энемдин Ажыбай деген бир тууган агасы да чоң комузчу болуптур. А чоң энем өзү ооз комузду мыкты какчу. Мага: «Чоң таекең залкар комузчу болгон, ооз комуз менен комузду биздин тукум жогору баалайт, үйрөнсөң боло”, – деп калчу.

Мен 1994-жылы Мукаш Абдраев мектебине иштегени келгенимде 20 жашта болчумун. Ага чейин, кийин төрт жыл ичинде да ансамбль түзүү тууралуу ойлонуп жүрсөм, бир күнү мектептен да ушундай сунуш түшүп калды. Ошентип, 1998-жылы жети окуучум менен «Акак» ансамблин түзүп, көп өтпөй эле, борборубуздагы опера балет театрында өткөн эл аралык концертке катышуу менен тушообуз кесилген. Ал концерттен кийин россиялык белгилүү дирижер, скрипач Владимир Спиваковдун юбилейине – Москвадагы чоң концертке чакыруу алганбыз.

– “Акактын” өзөгүнөн өзгөчө суурулуп чыккан комузчулар болдубу?

– Албетте, болду. Биринчи курамынан Перизат Ибраева деген окуучум эл аралык конкурстардын лауреаты болуп, Францияда, Данияда, Швецияда концерт берген. Дайыма гран-прини, биринчиликти алып жүрчү. Азыр “Камбарканда” эмгектенет. Алина Жунушова да элдин көзүнө көрүнүп калган комузчу кызыбыз, аны да алты жашынан окуттум, дагы Дүйшөнбек уулу Закирбек кыргыздын улуттук аспабында уккан кулактын кумарын кандырып, жакшы келатат. Калгандары да Кыргызстандын булуң-бурчунда иштеп жүрүшөт.

– Курам улам жаңыланып турат да? Жаңыларын кабыл алуу кандай шартта болот?

– Деги эле комузду сүйүп, бүт дилин төшөгөн каалоочуларга эшигибиз дайыма ачык. Бирок өзүм азыр да музыкалык мектепте сабак бергендиктен, ал жактагы таланттуу балдарды билем. Алар мектептен кийин консерваторияга келип, кайра эле бизден билим алышат. Мына ошолордун ичин өздөрү эле ыргалып, ансамблге татыктуулары көрүнүп калат.

Биз өкмөттүк иш-чараларга, концерттерге калбай катышып келе жатабыз. Мисалы, Көчмөндөр оюндарынын үч жолку өткөрүлүшүнө тең катыштык. Андан сырткары, КМШнын бир катар өлкөлөрүндө, Американын Бостон, Вашингтон, Нью-Йорк ж.б. шаарларында, Индияда, Японияда, Түркияда, Кувейтте, Казакстанда концерт койдук.

– Комуз үйрөнүүнү каалаган чет элдиктер болду беле?

– Албетте, болгон. Болмок турсун, үйрөнүшкөн. Мисалы, Америкадан испан улутундагы бир жигитке комуз үйрөткөм. Ал кыргыз тилине да кызыгып, экөөнү бирдей үйрөнүп кеткен. Андан, түркиялык, япондук жарандарга комуздан сабак бердим. Кадимкидей чертип кеткендери болду. Ошолордун арасынан тез өздөштүрүүсү менен өзгөчөлөнгөнү – япондуктар болду.

– «Акак» ансамблинин өзгөчө айырмаланып туруусунун сыры эмнеде?

– Көркөм боёк бере билүү керек. Мисалы, репертуардагы «Маш ботойду» же «Ак тамак, көк тамакты» алалы. Буларга өзүмдүн фантазиям менен көркөмдүк кошком. Албетте, чыгарманын автордук өзөгүн жоготпойбуз, бирок кол ойнотулган жерлерин кошуп, көркөмдөп, элге уккулуктуу, көрүнүктүү болуш үчүн чыгармачылык менен эмгектенебиз. Репертуарыбыз кенен, анын ичинде залкарларыбыз – Ниязалы Борошов, Токтогул Сатылганов, Карамолдо Орозов, Ыбырай Туманов, Атай Огомбаев, Мукаш Борбиев, Шекербек Шеркулов, Чалагыз Иманкулов, Эркесары Бекбасаровдун күүлөрү жана ошондой эле элдик күүлөр да камтылган.

– Айтмакчы, ансамблдин аты эмне себептен “Акак?”

– Бир жолу СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиев агайыбыз ансамблди угуп, көрүп, өзүнүн ой-тилектерин айтып, ыраазычылыгын билдирип: “Кызым, эми бул ансамблдин аты болуш керек”, – деген сунуш айтып калды. Бирок ынанган жокмун. Тартындым. Бирок биринчи жолу Кыргызстандан чыгып, Москвага гастролго бардык дебедимби, ошондо скрипач Спиваков дагы ушуну сунуш кылып калды.

Ошентип, Москвадан кайра кайтып, самолетто учуп келе жатканыбызда “Акак” деген ат оюма тык этип туруп калды. Анткени, мен кичине кезде чоң энем: “Көз тийбесин, акактай таза, сулуу болушсун”, – деп тонубузга акак таш тагып койчу. “Акак” – кыргыз баалаган таза, тунук таш. Ушул таштай тунук, бекем, ошонусу менен кадыр-баркка ээ, жалпы элдик, дүйнөлүк ансамбль болсо экен деген ак тилек, асыл үмүт менен ушундай ат койгонбуз.

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”