Токтогул суу сактагычында канча суу бар?

Президенттик шайлоо алдындагы теледебаттарда айрым талапкерлер Токтогул суу сактагычында суунун азайып, 7 млрд. кубметрге чейин төмөндөп кеткендиги жөнүндө маселе көтөрүп, компетенттүү мекемелерге так маалыматты жарыялоону сунуштаган. Ушундан улам, “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын өкүлү Жолдошбек Байызбеков Токтогул суу сактагычында 11 млрд. 927 млн. кубметр суу бар экендигин билдирди.

– Акыркы күндөрү бир суткада өлкөбүздө 73 млн. кВт/сааттан ашуун электр энергиясы колдонулууда. Бул – максималдуу керектөө. Учурда Токтогул ГЭСинде бардык генераторлор иштеп жатат. Токтогул суу сактагычында 11 млрд. 927 млн. кубметр суу бар”, – деди ал. Байызбековдун айтуусунда, 2021-жылдын жылуулук мезгили аяктаганча Токтогул суу сактагычындагы суу жетиштүү болот. Башкы суу чөйчөгүндөгү суунун аз болушу былтыркы жылдын кургакчыл, жаан-чачындын аздыгына байланыштуу болгон.

Декабрь айында кыргызстандыктар 2 млрд. кВт/сааттан ашык электр энергиясын жагышкан. Ага ылайык, 2020-жылдын акыркы айында жалпы Кыргызстанда колдонулган электр энергиясынын көлөмү 2 млрд. 86 млн. 203 миң кВт/саатты түзгөн. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 220 млн. 128 миң кВт/саатка көп.

«Улуттук энергохолдинг» компаниясы 2020-жылы декабрь айында Кыргызстан боюнча электр энергиясын пайдалануунун лимитин 1 млрд. 886 млн. кВт/саат деп белгилеген болчу.

Вице-премьер-министр Равшан Сабиров 16-декабрда парламентте Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгы чекке жеткенин, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланбаса, электр жарыгы автоматтык түрдө өчүп калуу коркунучу бар экенин эскерткен. Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу Кыргызстан учурда Казакстандан кошумча электр энергиясын сатып алууда.

Белгилей кетсек, азыркы убакытта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү тиешелүү ченемден 30 метр төмөн түшүп кеткен. 2020-жылдын 7-январында андагы суунун көлөмү 14 млрд. 673 млн. кубметр болгон эле. Көрүнүп тургандай, ажырым – 2 млрд. 746 млн. кубметр.

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, «Кыргыз Туусу»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *