«Факт жок» эмей эле, көп экен го

Өз мөөнөтүнүн аягына чыга албаган мурдагы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун коомчулук, анын ичинде журналисттер коррупция менен күрөш жүрбөй жаткандыгы боюнча доомат айтышканда эле, “факт жок, факт бергиле” деген түркөй жообу эл арасында күлкү жараткан учкул сөзгө айланып кеткенинин өзү – факт. Ошондой эле, кийинки учурдагы коррупциялык иштердин бетинин ачылышы, айрым коррупционерлердин сотко чейинки өндүрүш убагында эле каражаттарды кайтарып жатышы да – факт. Төмөндө ошондой фактылардын бир нечеси жөнүндө сөз кылалы.

Мисалы, мурдагы ички иштер министрлигиндеги чоң кызматтарда, андан кийин министрдин орун басарына чейин жетип иштеп келген Курсан Асановдун жубайы Күлнара Үсөнкановага карата жакында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан сотко чейинки өндүрүш башталган. Анткени, ал ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча айыпталып жатат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, К.Үсөнканова 2017-2018-жылдары бир жарандан 5 миллион доллар алып, аны кайра кайтарып берүүдөн баш тартып жүргөн.

Бул айымдын ага чейинки дагы бир кылмыш ишинин фигуранты болгонун да эске салып коелу. 2019-жылы Башкы прокуратура тарабынан козголгон бул иш Аскер прокуратурасына берилип, иликтөөнү жүргүзгөн. Ал иш боюнча К.Үсөнканова бир нече фирмага ээлик кылып, кийин алар жоюлган. Бирок, алардын салык төлөбөгөндүгү аныкталган.

Учурда, К.Үсөнканова ооруп калгандыгына байланыштуу тергөө амалдары убактылуу токтотулду.

Негизи бизде өздөрү бизнес жүргүзүүгө мыйзам тарабынан тыюу салынган ири чиновниктердин аялдарынын (бала-чакаларынын, жакын туугандарынын ж.б.) ири бизнестери бар экендиги жалпыга белгилүү. Андайлардын басымдуу көпчүлүгүнүн ишмердүүлүгүн ошол эле чиновниктер өздөрү жүргүзө турганы, а көздөн жашыруу үчүн эле жакындарына каттатып коюшкандыгы да.

Эми алдын-ала К.Үсөнканованы айыптоодон карманып туралы, бирок, иш калыс тергелип, соттор тарабынан мыйзамдуу, адилет чечим кабыл алынса, коомчулукка дагы көп нерселер белгилүү болмок.

Экинчи факт. Коррупцияга шектелип кармалган Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев 9-январда 2,5 миллион сом төлөп, үй камагына чыккан. Финансы полициясы тараткан маалыматка ылайык, ал дал ушунча суммада мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирген деп айыпталган. Албетте, ири чиновниктин дароо эле тергөө менен кызматташууга барышы – бул коюлган айыптарды моюнга алгандыгы деп да түшүнсө болчудай. Үчүнчү факт. Коррупциялык иштер боюнча аты чыккан “Раим-миллиондун” кичи мекени катары саналган Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып мамлекетке 1 033 700 сом зыян келтирген депайыпталып, камакка алынган. Бирок, ал да аталган зыянды толук төлөп бергендигине байланыштуу сот тарабынан баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

М.Сайпидиновду “Раим-миллион” менен байланыштырганыбыз — ал ошол Матраимовдун өкүл баласы экендигинде. Эми ал да өкүл атасынын жолун жолдоп, келтирген зыянынын ордун өз ыктыяры менен толтуруп отурат.

Ушул жерден биздин өлкөдө кезикпеген, бирок, цивилизациялуу өлкөлөрдө кадимки эле көрүнүш болгон дагы бир фактыны келтирип коюунун ылайыгы келип турат.

13-январда Эстониянын премьер-министри Юри Ратас коррупцияга байланыштуу жаңжалдан улам кызматынан өз ыктыяры менен кетүү жөнүндө арызын жазган. Анткени, 12-январда Эстониянын коопсуздук полициясы Ратас жетектеген Борборчул партиясынын баш катчысы Михаил Корб, финансы министринин кеңешчиси Керсти Крахт, ишкер Хиллар Тедер жана аты аталбаган дагы эки киши кылмыш боюнча шек саналып жатканын билдирген.

Полиция ишкер Тедер менен Корб бийликтеги партияга жергиликтүү шайлоо өнөктүгүнө чейин 1 миллион евро берет деп макулдашкан деп эсептеген. Ал үчүн Корб Таллин мэриясы аркылуу Тедер менен байланыштагы «Porto Franco» аттуу фирмага жакшы шартта жол курулушунун долбоорун бермек экен. Финансы министринин кеңешчиси да ал иштен пара алмак деп шек саналууда.

Эгерде Тедер менен Крахттын күнөөлөрү тастыкталса, анда алар 10 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылууга соттолушу, ал эми Борборчул партиясы акчалай жаза тартышы мүмкүн.

Эми Кыргызстандагы ушуга окшош бир окуяны эске салалы. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев араздашып кеткенден кийин өзүнүн креатурасы С.Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө “Раим-миллион” 21 миллион доллар бергендигин айтып чыккан.

Эстония сыяктуу мыйзам үстөмдүк кылган цивилизациялуу өлкөдө чоң саясий кесепеттерге алып келүүчү бул факт биздин укук коргоо органдары тарабынан кулак сыртынан кетирилип, ал эми С.Жээнбеков адатына сала аны факт деп эсептеген эмес. Атүгүл, Р.Матраимовду мөөнөтүнөн мурда аяктаган бийлигинин акыркы күнүнө чейин коргоп келди.

Атүгүл, экс-премьер Мухаммедкалый Абылгазиевдин коррупцияга аралашканы боюнча айтылган сөздөр да факт болуп эсептелген жок. Бул боюнча иликтөө иштер улантылып, фактылар табылып калат деп туралы.

Жыйынтыктап айтканда, коррупция менен күрөш, албетте, бийликтин саясий оппоненттери менен күрөшүүгө айланбоого тийиш. Ошол эле учурда, мурунку чиновниктер коррупциялык жосундарын жашыруу жана элдин башын айландыруу үчүн оппозициялык ишмердүүлүктү пайдаланбашы керек.

 Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”