Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн агрардык тармак негизги орунда турат

Кыргызстан агрардык мамлекет. Агрардык тармак өлкөбүздөгү чоң тармактардын бири катары эсептелет жана дыйкандарга, айыл чарба кооперативдерине негизделип, атамекендик экономиканын өтө маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Кыргызстандын жалпы жер аянты 19,6 млн.га, анын ичинен айыл чарбасына жарактуу жер 10,6 млн.га же 55,8 пайызды, айыл чарбасына жараксыз жерлер 44,2 пайызды түзөт. 1991-жылдан тарта рынок экономикасына айыл чарбасын ылайыкташтыруу иштери башталып, жер жана агрардык реформа жүргүзүлө баштаган. Агрардык саясатта колхоз, совхоздордун, фермердик чарбалардын, ижаралык, кооперативдик чарбалардын бирдей иштешин камсыз кылуу, өткөөл мезгилде тамеки, пахта, эт, жүн, жашылча-жемишке карата мамлекеттик монополияны сактоо, айылдарда майда бизнести, ишкердүүлүктүн бардык тармактарын ар тараптан өркүндөтүү сыяктуу маселелер камтылган. Анын канчасы туура ишке ашты, канчасы туура эмес багытта жүрдү 30 жыл ичиндеги тарыхыбызда элге жакшы эле дайын болду. Реформанын жүрүшүндө кемчиликтер көп болду. Чарба жетекчилери тарабынан жерге тиешелүү мыйзамдар бузулуп, айыл чарбасынын материалдык-техникалык базасын талап-тоноого жол берилгендиктин кесепетинен айыл чарба өндүрүшү кескин түрдө төмөндөп, акыры 1993-ж. аягында 172 колхоз жана совхоз таркатылып, алардын ордуна 17,5 миң дыйкан чарба, 197 кооператив, 120 майда ишкана, 119 ассоциация жана 9 акционердик коом түзүлгөнү белгилүү. Бирок, жер алган дыйкандардын көпчүлүгүнүн аны иштетүү үчүн техникасы, үрөндөрү болбогондуктан, агротехникалык эрежелер колдонулбай, эл дагы, мамлекет дагы бир топ эле жабыр тартты. Инфляциянын өсүшү дагы дыйкандарга өз кедергисин тийгизди. Дыйкан, фермерлер өз үй-бүлөсүн эптеп бакканга жарап, Кыргызстандын айыл чарбасынын негизинтүзгөн мал чарбачылыгы начарлап кеткен. 2000-жылдан кийин гана айыл чарба продукцияларынын 90 пайызы жеке менчик чарбаларда өндүрүлүп, бир топ жылыштар болду. Андан бери деле дээрлик 20 жыл убакыт өттү. Мамлекет тарабынан агротармакты алдыга жылдыруу максатында көп эле программалар иштелип чыкканы менен көбү кагаз жүзүндө калды, ал эми жеке чарбалар, жеке ишкерлердин ар кимиси өзүнө ылайыктуу иш алып баруу менен өлкө ичиндеги азык-түлүк менен камсыздоо тармагынын бир этегин көтөрүп, өз киндигин өзү кесип келе жатат. Көпчүлүк эл экологиялык жактан таза продукцияны өстүрүүгө караганда, импорттолуп келген продукцияны сатып алууга акыркы жылдарда көбүрөөк басым жасай баштагандыгы дагы айтылып жатат. Мына ушунун өзү заман талабына ылайык ата мекендик айыл чарбаны өнүктүрүү зарылдыгы бышып жетилгендигинен кабар берип тургансыйт. Экономикабыздын абалын жакшырта турган тармактардын бири дал ушул агротармак. Бирок, элет жерлеринде өндүрүлгөн товарларды сатып өткөрүү жагы кыйын болуп жаткандыгыкакшап айтылып келе жатканы менен, иш жүзүндө жыйынтыгы таптакыр эле аз. Биздеги Айыл чарба министрлиги тургай, улам алмашып келген өкмөттөр деле булл жагынан жарытылуу иш жасай алышпады. Адатта мындай көйгөйлөр айтылганда эле жеңилдетилген кредит маселеси кошо айтылат. Бирок, ошол кредитти берүү менен эле маселе чечилген болсо, анда өткөн жылдарда эмнеге жакшы жыйынтыктарга жетише албай калдык деп суроого жооп издеген бир жан жок. Дыйкандарга техника, запастык бөлүктөр, жер семирткичтер, күйүүчү жана майлоочу материалдар тынымсыз, арзандатылган баада берилбей жатканы көрүнүп эле турат. Өндүрүлгөн продукция алып сатар-ларга арзан баада кетип, айылдык товар өндүрүүчүлөр көпчүлүк учурда пайда ала алышпай, өндүрүшү токтоп, акыры иш издеп четке чыгып кетип жатат. Дүйнөлүк алдыңкы деп саналган экономисттердин божомолунда ушул жылы айыл чарба сырьелорунун негизги түрлөрүнө баа ырааттуу жана тез өсөрү белгиленүүдө. Буудайдын түшүмдүүлүгү жыл сайын азайып баратат. Ар дайым эле Казакстан менен Россия бизге ун, талкан бере берет дегенден дагы алыс болушубуз керек. Өсүмдүк майына, унга, кумшекерге болгон баалар өсүп кетсе, элге кыйынчылык жаралары турган иш. Учурда агротармакка жыйнактуулук зарыл болуп турат. Бул – айыл чарба азыктарына болгон баалардын өндүрүүчү тарапка дагы, алуучу тарапка дагы бирдей канааттандырарлык болушу, техникалык кызматтардын, күйүүчү-майлоочу майлардын баасынын жеткиликтүүлүгү, сатып өткөрүүдө мамлекеттин жардамы, заман талабына ылайык адистерди даярдоо ж.б. Албетте, азыр эл бардык продукцияларды өндүрүп чыгарууга жөндөмдүү болуп калышты. Сүт, эт азыктарын өндүрүү, жер-жемиш, мөмө-жемиштерин өстүрүү, ал тургай күнөсканаларда банан, ананас, гүлдүн түрүн өстүрүү менен жан багып, үй-бүлөлүк кирешесин жакшыртып алгандар көп. Бул эми жер аянттарына ээлик кылгандарга байланыштуу. Каржысыз, илимий жана заманбап агротехнологиясыз жана тиешелүү инфраструктурасыз агрардык секторду өнүктүрүү мүмкүн эместигин эске алуу менен айыл чарба тармагындагы бардык маселелерди комплекстүү карап чыгуу жана айыл жергесиндеги элдин дагы жашоо-шартын жакшыртып, эмгегин баалоо сыяктуу маселелердин тегерегинде ойлоно турган убакыт келди.

PS: Урматтуу окурмандар, мындан ары “Агробурч” рубрикасы ар дайым сиздерге кызмат кылмакчы. Тажрыйба бөлүшүү, алмашуу, өз ара жардамдашуу максатында айыл чарба тармагындагы ар кандай маалыматтар менен бөлүшүп, жетишкендиктер, кемчиликтер тууралуу пикирлер болсо байланышып, ортого салуу үчүн мүмкүнчүлүк берилет. Биз канткенде айыл чарбасын көтөрөбүз, канткенде өзүбүз өндүргөн продукцияны чыгымсыз сатып өткөрө алабыз, кайсыл тармак бизге киреше алып келет, кайсыл продукциялар менен чет элдиктерди багынта алабыз деген сыяктуу суроолордун тегерегинде сиздер менен баарлашууга дагы даярбыз. Байланышыңыздар