Казакстандагы шайлоо, Парламент Мажилисине 3 партия өттү
10-январда Казакстанда Парламент Мажилисине жана маслихаттарга (облустук , шаардык жана райондук кеңештерге) шайлоо өттү.
Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала жарыялаган маалыматы боюнча, шайлоочулардын тизмесине киргизилген 11 миллион 919 миң 241 жарандын 7 миллион 539 миң 280и шайлоого катышып (63,3%), добуштарын берген.
Партиялык тизме боюнча добуш берүүнүн ыкмасында шайланууга катышкан беш партия төмөнкүдөй добуш
алган:
– Казакстандын Калк партиясы – 659 019 добуш же 9,10 пайыз;
– «Нур-Отан» партиясы – 5 148 074 добуш же 71,09 пайыз;
– «Ауыл» калктык-демократиялык патриоттук партиясы – 383 023 добуш же 5,29 пайыз;
– Казакстандын «Ак жол» демократиялык партиясы – 792 828 добуш же 10,95 пайыз;
– «Адал» саясий партиясы – 258 618 добуш же 3,57 пайыз. Ошентип, 7 пайыздык босогодон жогору пайызга ээ болгон 3 саясий партия Парламент Мажилисине өттү, алар:
– Казакстандын Калк партиясы;
– «Нур-Отан» партиясы;
– Казакстандын «Ак жол» демократиялык партиясы.
Булардын ичинен Казакстандын «Ак жол» демократиялык партиясы оппозициялык болуп эсептелет.
Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын 12-январда өткөрүлгөн отурумунда Парламентке өткөн партиялардын мандаттары жыйнаган добуштарына ылайык, төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү.
– Казакстандын Калк партиясы – 10 мандат;
– «Нур-Отан» партиясы – 76 мандат;
– Казакстандын «Ак жол» демократиялык партиясы – 12 мандат.
Ошондой эле, Казакстан калк Ассамблеясы тарабынан квота боюнча 9 депутат Мажилиске шайланган.
Эске салсак, Казакстан Парламентинин Мажилисинде 107 депутаттык орун бар.
Назарбек БАЙЖИГИТОВ,
«Кыргыз Туусу»