Улуттук музыкабызды өнүктүрбөй таштап койдук

Маданият тармагында 40 жылдан ашуун эмгектенип келе жаткан обончу, композитор, аккордеонист 200 дөн ашуун обондордун, пьесалардын автору Догдурбай Урмамбетов тууралуу сөз кылабыз.

 “Алгачкы обонум 9-класста жаралган”

Обончулукка мектепте окуп жүргөндө эле киришкем, ошол убакта Рыспай Абдыкадыров, Түгөлбай Казаков жаңы чыгып жаткан. Ушул адамдардан шык алып, обончулукка кызыгып баштагам. Комуз, аккордеон, мондалин деги эле кайсыл аспап колума тийсе ойной берээр элем. Эң биринчи «Көл элеси», «Жүрөк сыры» аттуу обондорумду 9-класста окуп жүргөндө жаздым. Бардык обондорумдун жаралуу тарыхын айтсам узак сөз. Учурда 10дон ашык гимндердин авторумун. Ошондой эле Жусуп Мамайга жана Саякбайга жазган обонду гимн кылып аткарып жүрүшөт. Обончулуктан сырткары аккордеон үчүн пьесаларды жаздым. Ал пьесалар менен 2017-жылы Италиядагы 1976-жылдан бери өтүп келе жаткан аккордеончулардын фестивалына чакыруу алып, катышып келдим. Ага чейин Кыргызстандан эч ким катышпаптыр мен биринчи болуп катыштым. Миңден ашык киши катышып, отуздан ашык ганакатышуучу дипломант боло алды. Арасында мен бармын. 2018-жылы Россиянын «Играй гармонь» көрсөтүүсүнүн 5-фестивалына катышып, лауреат болдум. Баш аягы 3 жолку бүткүл союздук, бир жолку эл аралык конкурстардын лауреатымын. Азыркы учурда 7 китептин авторумун, алардын үчөө окуу куралы. Окуу куралымдын бири «Комуз күүлөр аккордеондо» деп аталат.

 Залкар күүлөрдү аккордеонго салуу тарыхы

Мен Италияга, Россияга барганда биздин чыгармалардын нотасы барбы деп сурашты. Нотага деле түшкөн эмес экен. Искусство институтуна жаңы келгенде мурдагы эле орустун, украиндердин чыгармаларын ойноп жатышыптыр. Эгемендик алганыбызга 30 жыл болду, кыргыздын эмне деген керемет ырлары бар, студенттерибиз окууну бүтүп алып айылдан орустун чыгармаларын үйрөтмөк беле. Андан көрө өзүбүздүн обондорду аккордеонго салайын деп «Аккордеондо ойноо» деген китеп чыгардым. Ал азырынча 300 гана нускада. Өзүмдүн каражатыма студенттер үчүн гана чыккан. Ичинде 40ка жакын обон бар. Маданият министрлиги чыгарабыз деп каражаттын жетишсиздигинен токтоп турат. Аккордеон аспабын бүткүл дүйнө жүзү ойнойт. Кыргызстанда экинчи улуттук аспап катары кирип калбадыбы. Ошентип, Карамолдо Орозов, Атай Огонбаев, Шекербек Шеркуловдун жана башкалардын 30га жакын күүлөрүн аккордеонго салдым. Анын ичинде айтылуу “Ибарат” да бар. Студенттерим азыркы учурда ойноп, үйрөнүп жатышат. Максатым дүйнө жүзү биздин күүлөрдү ойносо деген тилек. Башка улуттагылар да кыргыз чыгармаларын, күүлөрүн аткарса жакшы да туурабы? Биздин күүлөрүбүз башка элдин күүлөрүнөн ашып эле кетпесе кем калбайт.

 “Бизде шедевр чыгармалар бар”

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна келгениме 4 жылдай болуп калды, жалпысынан 20дай студентим бар, аларга аккордеон аспабын үйрөтөм. Арасында жакшы ойногондору да бар. Кыргыз балдарына кыргыздын музыкасы сиңген, дээринде, жүрөгүндө бар да, канчалык татаал чыгарма болбосун башка улуттун чыгармаларына салыштырганда тез үйрөнүп кетишет. Дүйнөлүк классикаларды үйрөтөбүз, азыр өзүбүздүкүнө көңүл бура баштадык. Мурда орус, украиндикин үйрөтүп өзүбүздүкү аз санда болгон. Дагы эле башка элдикин окута берсек берсек эгемендүүлүк алганыбыз кайсы?

 Жаш обончулар жөнүндө

Жаш обончулардын жакшылары да бар, бирок батышты туурагандар абдан көп. Обон нукура кыргыз жыттанып, өзөгү болушу керек. Казактарды эле алсак, улуттук музыкасына басым жасашат, а биздин телеканалдарыбызда эстрадага басым көп болуп жатат. Илгери “Көркөм кеңеш” деген бар болчу. Сөзүн, обонун кылдат карап, анан уруксат берчү. Азыр болсо ар ким өздөрү каалаган чыгармаларын элге жайылтышат. Ошон үчүн да батыштагылар сотко берип жатышат ырыбызды уурдады дешип. Түркияда чет элдик музыкаларды 10 жыл киргизбей койгон өзүбүздүн ырларыбызды жайылтып, өнүктүрөбүз деп. Ресторан, кафе, коомдук жайларда түркчө музыкалар ойнойт, ал эми бизде батыштын музыкалары коюлуп атат. Ар бир улуттун өзүнүн музыкасы өзүнө уникалдуу а биз өзүбүздүкүн өнүктүрбөй кайра артка таштап койдук. Бул нерсеге мамлекет, коомчулук, биз күнөөлүүбүз. Азыр патриоттор гана калдык, кантип өнүгөт билбейбиз.

 “Наамдын кадыры деле калбады”

Азыр “КР маданиятына эмгек сиңирген кызматкер” наамын 5 ыр ырдап чыккандарга эле берип жатат. “Эмгек сиңирген” деген сөздүн өзү эле айтып тургандай, ушул тармакта 30-40 жыл иштеп эмгеги сиңгенде гана берилиши керек эле. Бизге окшогондор маданияттын ысык суугунда жүрдүк, бери дегенде эле 40 жыл эмгек кылдык. Ушундай иштерди баалабай эле эмгеги сиңбеген эле адамдарга берип жатышат. Канчалаган мыкты композиторлор эмгектери бааланбай, бул наамды албай эле өтүп кетишти.

Асел СҮЙӨРКУЛ кызы,»Кыргыз Туусу»