Үстүбүздөгү жылдын 5 айында ИДӨ 6,8% өстү

Үстүбүздөгү жылдын 5 айында ИДП 6,8% өстү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жогору. Өшондой эле, кыркы 4 айда сыртка экспорттоо 30,4% өскөн. Бул тууралуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн алдындагы бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйынында билдирди.

Анда премьер-министр аталган кеңештин негизги максаты бизнес тармагындагы маселелерди талкуулоо жана жыйынтыгында чечим чыгаруу экенин, ал эми мамлекетик органдардын иши ата мекендик бизнесмендерге жагымдуу шарттарды түзүү экенин  баса белгиледи.

Жыйында бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери Кеңештин мурдагы жыйынындагы чечимдеринин аткарылышы, тышкы миграция чөйрөсүндөгү процедураларды либералдаштыру, түрдүү финансылык рыноктогу тейлөөлөргө байланыш операторлорунун мүмкүнчүлүктөрү, IT-билим берүү класстерин түзүү, авиа ташуу рыногун либералдаштыруу  жолу менен өлкөдө жарандык авиацияны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.