Кыргызстанда кинодон акча таба албайсың  

Акыркы жылдары кыргыз киносунда комедия жанрындагы тасмалар коомчулуктун көңүл чордонунда. Айтсак, кинотеатрларда «Такебай» тасмасы көп көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратты. Дал ушул тасманы жараткан Бакыт Осмонканов менен баарлаштык.

 – Сиздин кинорежиссёрлук билимиңиз барбы?

– Менин бул тармакта атайын билимим жок.

 – Бүгүнкү күндө «Такебай», «План-Б», «Бир туугандар», «Напарниктер» тасмалары популярдуу. Бул тасмалар өзүн-өзү актадыбы, деги эле бул тасмаларыңыздын артынан ири каражат топтой алдыңызбы?

– Бул кинотасмалардын бардыгы өзүн-өзү актады, бирок Кыргызстанда кинонун арты менен ири каражат таба албайсың. Анткени, рынок чоң эмес. 10го чукул гана кинотеатрлар бар, 6 миллион кишиге бул аздык кылат.

 – Режиссёрлор заман талабы деп эле жеңилжелпи тасмаларга көп басым жасап жатышат. Балким тарбиялык маанидеги тасмаларды көп жаратып, коомчулуктун аң-сезимин башка нукка бурууга салым кошсок, кино тармагында жаңылануу болмок?

– Жеңил-желпи деп айтуу бул туура эмес, анткени, тажрыйбалуу кинорежиссёрдон деле сурасак эң оор жанркомедия дейт. Албетте, бардык эле режиссёрлор мааниси терең кино тарткысы келет. Бирок, андай кинотасмалар тилекке каршы, каражат алып келбейт, эл көрбөйт. Бул режиссёрлордун күнөөсү эмес. Мындай кинолордун өзүнүнүн талаасы – бул фестивалдар. Ошол жакта гана автордук же болбосо мааниси терең болгон тасмалардын көрүүчүлөрү бар. Ошондуктан көбүнчө коммерциялык кинолор тартылат. Кудайга шүгүр, биздин режиссёрлор тарткан тасмалар көп фестивалдарда орундарга илинип келе жатат. Биздин да олуттуу бир тасма тартуу оюбузда бар. Бул тармакта өзүбүзгө тажрыйба топтогон соң гана ишке ашырабыз.

 – Эмне үчүн азыр СССР мезгилиндегидей мыкты кинолор жаралбай жатат?

– Ооба, ал убакта жакшы кинолор чыккан. Бирок азыр андай кинолор жок дегенге кошулбайм. Айтып кеткендей, биздин кинолор фестивалдарда байгелүү орундарды алып жатат. СССР убагында мамлекет колдогон атайын бул тармакка азыркы акча менен алганда деле миллиондогон доллар каражат жумшалган. Качан маданиятыбызды мамлекет ойлоп, каражаттарды бөлө турган болсо, жакшы жыйынтыктар чыгат. Ушундай жагдайга карабай режиссёрлорубуз өздөрүнүн каражатына, чет өлкөлүк донорлордун жардамы менен кино тартып келе жатышат. Ошол эле Актан Арым Кубат, Бакыт Мукул, Темир Бирназаров, Эрнест Абдыжапаров сыяктуу мыкты режиссёрлордун кинолору жакшы байгелерге ээ болду. Ошондуктан салыштыруу мүмкүн эмес, ар бир доордун өзүнүн кемчиликтери жана оң жактары бар. Менин оюмча, Кыргызстанда киноиндустрия акырындан болсо дагы алдыга жылып бара жатат.

Асел СҮЙӨРКУЛ кызы, «Кыргыз Туусу»