«Жазда ун, жайында дары, күзүндө кресло талаштык, эми ынтымак талашалы»

Учурда турмуш чындыгын, коомдогу, саясаттагы, жашоодогу терс көрүнүштөрдү безге сайгандай таасирдүү, күлкүлүү кылып сахналаштырып, кайра элге тартуулап эл сүймөнчүлүгүнө айланган таланттуу куудулдарыбыз арбын. Алардын жоон ортосунда келе жаткан, тамашалары өтө курч жана жанга жагымдуу Соке атка конгон

Союзбек СЕЙИТКАЗИЕВ аттуу куудулубуз бар. Кеп кезеги анда ошол куудулубузда болсун.

 – Союзбек мырза, мындан төрт жыл мурун «куудулдуктун аркасы менен дүйнө топтогон деле жокмун» деген экенсиз. Азыркы учурда материалдык абалыңыз кандай?

– Азыр батирде эле жашайбыз. Кудай буюрса, уй жылында үй алабыз деген тилегибиз бар. Темир тулпарга болсо башынан эле кызыкпайм. Айдап да көргөн эмесмин. Ошондуктан азырынча машине тууралуу ойлоно элекмин. Тынар Курбаналиев айткандай, азыр «Ауди» менен кой кайтарып калышканын көрүп мен деле машине айдаганды үйрөнсөмбү деп жүрөм. Кыскасы тили чыга элек баланы сүйлө деп кыйнагандай машина айдай албаган адамды машине ал деп деле кыйнабаш керек экен.

 – Айрым саясатчылар куудулдар чектен чыгып кетишти деп эле калышат. Буга эмне дейсиз?

– Негизи куудулдар, журналисттер дагы бир окуянын оң, терс жактарын салмактап туруп элге туура маалымат, күлкү тартуулашыбыз керек. Азыр жеке эле куудулдар эле эмес жалпы кыргызстандыктар чектен чыгып, ашынып кеттик. Ар бирибиз ар кимге фанат болуп бири-бирибизге «сен былжыраба, сенин колуңдан эмне келет?» деп эле кыйкырып калдык. Таң калганым, биз Кыргызстанга эмес, кайсы бир адамдарга фанатпыз. Кудайдан сурансак дагы «өлкө башына бир ыймандуу, жебеген адам келсин!» деп Кыргызстан үчүн суранбай эле «тигил келсин, бул келсин!» деп жеке адам үчүн суранып калдык. Ошондуктан бир жактуу эле куудулдарды күнөөлөй берген болбойт. Чынында азыр саясатчыбыз деле, базарчыбыз деле, куудул, журналистибиз деле чектен ашып кеттик. Ошондуктан ар нерсенин кандайдыр бир чеги болуп, чектөөлөр коюлушу керек. Эркиндик, демократия деп жүрүп музейге жылаңач басып калбадыкпы.

 – Чубак ажы Жалилов өтүп кеткенде «Фейсбук» баракчаңыздан ал кишини аябай жоктодуңуз. Аны менен мамилеңиз кандай эле?

– Тилекке каршы, мен көзү өтүп кеткен Чубак ажы, Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматовдор менен замандаш болуп жашап, бирок бир да жолу көзмө-көз жолуккан жокмун. Чубак ажы дайыма элди жакшылыкка үгүттөп, дайыма адамдарды күлдүрүп жүргөндүктөн ал киши өтүп кеткенде жакын адамымдан айрылгандай катуу кайгырдым. Азыр да анын сабактарын интернеттен көргөндө ушул киши бизге керек эле деп улутунуп алам. Ал кишинин артыкчылыгы башкалардай элди тозок менен коркутпай турмуштагы чындыкты гана айтчу. Кыскасы__2020-жылы биз керемет кишилерден айрылып калдык. Бул жылдан биз чоң сабак ала тургандай болдук. Чубак ажы өтүп кеткенде бүгүн бар, эртең жок экенибизди түшүндүк. Ошентсе да тирүүлүктө пендечилик боло берет экен. Куудулдун тили менен айтканда, жазда ун талаштык, жайында дары талаштык, күзүндө кресло талаштык. Мындан ары ынтымак талашып жашай берели.

 – Негедир кыргыз өз баласынын ырчы, куудул, актер болушун көп каалабайт. Сиздин куудул болууңузга ата-энеңиз башында каршы болгон жокпу?

– Бала кезимде көп ырдап, артист болом дечүмүн. Куудулдук өнөрдү аркалагандан кийин бир нече жыл жүдөгөн короздой эле кыйналдым. Ошол кезде мунуңду таштап башка эле оокат кылбайсыңбы деген туугандар болду. Бирок, ата-энем «балам, өзүңө жакса ишиңди уланта бер» дешти. Азыр Кудайга шүгүр, ушул өнөр менен жан сактап, үй-бүлө багып жатам. Эл ичинде аз да болсо урмат-сыйга ээ болдук. Куудулдуктун аркасы менен тамадачылык да кыла коём. Бирок, Фейсбуктагы Абдулла Ташиев деген багбандын мөмө бактарын өстүрүү жөнүндөгү кеңештерин көрүп алып мен деле бак тигип, бизнес кылсамбы деп калам.

 – «Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт» делет эмеспи. Журналист жубайыңыз менен кантип табышып, үй-бүлө куруп калдыңыздар?

 – Жубайым Жазгүл Ибраева менен студент кезинде эле таанышкам. Кийин ал «Агым», «Бишкек таймс» сыяктуу саясий гезиттерде иштеп жүрдү. Ошол кыз-жигит болуп жүргөнүбүздө нарындык кайындарым Токтогулду алыс көрүп баш кошуубузга каршы чыгышкан экен. Ал кезде «Беш тапан» тобу элге жакшы таанылып, аябай популярдуу болуп калган. Бирок, мен азыркыдай Союзбек, Соке боло элек болчумун. Кийин биз үйлөнүп жакшы жашап калганда гана «биз ушинттик эле, көрсө туура эмес кылыптырбыз» деп өздөрү айтышты. Кудайга шүгүр, азыр келинчегим журналисттик кесибин аркалап, мен куудулдукту эптеп, жакшы жашап жатабыз.

 – Мурунку президент Сооронбай Жээнбековду да эл Соке дешип, ага карата жаман сөздөр да айтылып кетип жүрөт. Бул атка кээде терикпейсизби?

– 2007-жылдан бери мени көпчүлүк Соке деп тааныйт. Чыгармачылык чөйрөдөгү дос, тааныштарым деле мага Соке деп кайрылышат. Сооронбай Жээнбеков президент болгондо Атамбаев «Соке досум» деп жатып ага Соке деген каймана атты берип койбодубу. Бир жылы кар көчкү Бишкек-Ош жолун жаап калганда эл «Соке акмак экен, ушул жолду тазалата албай койду» деп эле ал кишини ашатып киришти. Ошондо мага эл мени эле сөгүп жаткандай туюлду. Чындап келсе Курманбек Бакиевди, Сооронбай Жээнбековду, Алмазбек Атамбаевди андай-мындай деп жамандап, сөккөнгө акыбыз жок. Себеби биз өзүбүз убагында татыктуу талапкерди тандай алган эмеспиз. Эгер биз татыктуу президентти тандап алып, кийин ал чындап эле иштей албай койсо нааразы болсок жарашмак. Кыргызстандын минтип сазга батышына мен алгач акчага жалданып иштеген фейк журналисттер-ди, жетекчисинин айтканын жасаган мугалимдерди, мамлекеттик кызматкерлерди жана акчага кызыгып добушун саткан карапайым адамдарды айыптайм.

 – Орус куудулдары кээде боорду эзген турмуштук сатираларды чагылдырышат. Алардан таасирленген учурларыңыз болобу?

– Алардан көп таасир алган эмесмин, албайм дагы. Себеби, орус тилине анча жокмун. Экинчиден, орустар күлгөн нерсеге кыргыздар өлүп баратса да күлбөйт. Кыргыз күлсө казактын сатирасына бир аз күлүшү мүмкүн. Анткени казак кыргыздын турмушу, каада-салты окшош. Негизи эле кыргыздар өзүбүздү дайыма экинчи планга коюп, өзүбүздү өзүбүз сооротуп жашап калдык. Россияга барып келип«орустар бизди өзгөчө жакшы көрөт» дейбиз. Түркиядан келип «түрктөр бизди сыйлайт» деп мактанабыз. Орустун эшигин шыпырып, тазалап берип, түрктүн карыган ата-энесин өз ата-энеңден артык багып жатсаң алар эмнеге сени жаман көрмөк эле. Машина алсак деле «орустан алдык, гаражда эле туруптур, такыр айдабаптыр» дейбиз. Акыл-эстүү орус алган машинесин кантип эле айдабасын.Биздин өзүбүздүн каадабыз, маданиятыбыз, менталитетибиз бар. Ата-бабаларыбызга таасирленбей эле бизден лидер чыкса да Эрдоганга, Путинге салыштырабыз. Кыргыздан Исхак Раззаков, Абдыкадыр Орозбеков, Султан Ибраимов сыяктуу СССРди башкара турган деңгээлдеги лидерлер чыккан. Кыскасы, азыр өзүбүздү өзүбүз таппай жатабыз.

 – Куудулдар кандай учурда ыйлашат?

– Мага залкар жазуубуз Чыңгыз Айтматовдун «сен миллион адамдын арасында да жалгызсың, жалгыз калганда да жалгызсың» деген сөзү жагат. «Хандын да тузу кем» делет эмеспи кыргызда. Бул жашоодо телегейи тегиз эч ким жок. ªкүнүү, өксүү бардык адамдын башында болот. Кээде сүйүнгөн, кайгырып ыйлаган күндөр болот. Эң башкысы, ден соолугум жакшы экенине, бир нерсени жасоого мүмкүнчүлүгүм бардыгына шүгүр кылам. 85 жаштагы аксакал «былтыр жаштык кылып койгон экенмин» деп өкүнүптүр деп тамашалап калам. Анын сыңарындай, кээде биз болор болбос нерсеге өкүнүп «иий мен келесоо экенмин, былтыр муну жасап койсом болмок экен» дей беребиз.

– Куудулдук өнөрдү аркалап жүрүп ачка калган күндөр болдубу?

– Андай күндөр мурда гастролдоп жүргөндө көп эле болгон. Азыр Кудайга шүгүр, артисттер ачка деле болбой калды. Той деген жакшы нерсе экен. Концертти азыр Бек Борбиев, Майрамбек Осмонов, Сыймык Бейшекеев сыяктуу мурдагы эле артисттер коюп калышты. Жаш өнөрпоздор тойлордо ырдап, тойлордо куудул болуп, тамадачылык кылып жан багып кеттик. Ошентип той кубалап кетип пандемияда эл «тойлордо 500-1000 доллар алып жүргөн ырчылар, артисттер, тамадалар кайдасыңар? Чачыңарды алдырганыңарга мактанып чалчаңдабай элге жардам бергиле!» деп бакырбадыбы. Кыскасы, өнөр адамдары пандемия убагында коррупционерлердей эле тепкиге калышты. Азыр болсо шүгүр, корпоративдерге, тойлорго атайын чакыруулар болуп жатат. Жакшы жери тойго бара жатканда көрүүчүлөр залга толобу, толбойбу деп деле ойлонбой койкоюп гана тойго жөнөйсүң.

 Маектешкен Мелис СОВЕТ уулу,

«Кыргыз Туусу»