Гүл өстүрүү кирешелүү тармак

Акыркы жылдары Кыргызстанда гүл өстүрүү менен алектенгендердин саны өсүп жатат. Бул кубана турган нерсе. Анткени, гүл өстүрүү кирешелүү экендигин дүйнөдөгү көп өлкөлөрдүн мисалынан көрүүгө болот. Өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өндүрүш тармагындагы ири секторлордун бири катары дал ушул гүл өстүрүү саналат.

 Кыргызстанда өстүрүлгөн гүлдөр жергиликтүү базарды толук камсыздай албайт

Гүлдү эң көп сатып алган өлкөлөр Европада, ал эми аны өстүрүп, киреше тапкан өлкөлөр Түштүк Америка жана Африка чөлкөмүндө жайгашкан өлкөлөр болуп саналат экен. Эл аралык эксперттердин пикирине таянсак, майрамдарда гүл сатуу ишмердигинен түшкөн киреше миллиарддаган долларга жетет. Мисалы, Нью-Йоркто бай адамдар тамактануучу ресторандар кымбат баалуу гүлдөр, сейрек кездешүүчү жоогазындар, роза гүлдөрү, ал тургай жазгы байчечекейлер менен дагы кооздолот. Гүлдүн баасы андагы тамак-аштан алда канча кымбат болгон учурлар да кездешет. Нью-Йорктун колунда бар тургундары айына 40-50 миң доллардын тегерегиндеги каражатты гүл сатып алууга сарптап, гүлдөн акча аябай тургандыгы тууралуу дагы маалымат көп.

Ал эми бизде, Кыргызстанда, гүл сатып алуу жаңы жыл, 8-март, 14-февраль жана 1-сентябрь күндөрү гана өзгөчө кызуу болот. Гүл сатуучулардын айтымында, биздин базарларда сатылган гүлдөрдүн жарымынан азыраагы гана жергиликтүү күнөсканаларда өстүрүлөт. Майрамдарда сатыла турган роза, жоогазын, гвоздика сыяктуу гүлдөрдүн көбүн Голландиядан буюртма аркылуу алдырышат. Анткени, Голландиядан сатып алуу жергиликтүү күнөсканалардагыга караганда бир топ арзан турат. Голландиядан келген бир даана жоогазын 60-80 сом болсо, биздики 100 сомдон жогору. Себеби, Голландияда гүл өстүрүүчү ири плантациялар бар. А бизде чыгымы, түйшүгү көп күнөсканаларда өстүрүшүп, чыгымдарды жабуу үчүн кымбат сатышат.

Ошентсе дагы гүл өстүрүп, сатып, жашоосун оңдоп жаткандарды колдоого албай кое албайсың. Азыр бөлмө гүлдөрүн дагы өстүрүп, жок түрлөрүн башка өлкөлөрдөн алып келип, көбөйтүп, сатып жаткандар бар. Социалдык желелерде дагы гүл өстүрүү, сатуу боюнча көп жарнамалар чыгат. Демек, бизде бул тармак сезилерлик алдыга жылууда. Кыргызстан Голландия сыяктуу гүл экспорттогон ири өлкөлөрдөн болбосо дагы, өзүбүздүн базарды толук камсыздай алса, чоң жетишкендик болот.

Гүл күнөсканалары Кыргызстанда аз

Жалпы эле күнөскана бизнеси Кыргызстанда жаңыдан бутуна туруп келе жатат. Андыктан, күнөсканалар менен тез өнүгүп кетебиз дегенге эрте. Ошондой эле жалпы күнөсканаларда өндүрүлгөн гүлдөрдүн көлөмү тууралуу расмий маалымат жок. Чакан күнөсканалар экспорттун талаптарын канааттандыра албайт. Деген менен бир үй-бүлөнүн бюджетинтолук көтөрө алат. Ички рынокту камсыздоо үчүн гүл өстүрүүчү күнөсканалар жок эле дегенде ар бир райондо ачылышы керек экен. Азыркы тапта Бишкек жана Ош шаарларында эле чоң-чоң күнөсканалар иштебесе, калгандары  майда, ар кимдин өзүнүн чарбасына ылайыктуу күнөсканалар. Майда күнөсканалардын көбү бөлмө гүлдөрүн өстүрүүгө ыкташат. Себеби, бөлмө гүлдөрү түйшүктү азыраак талап кылат жана аны белек катары же үйүн көрктөндүрүү үчүн сатып алгандар көп. Башка басымдуу бөлүгү помидор, бадыраң, көк пияз, укроп, жүсай өстүрүп, пайда табууну эп көрүшөт.

 Гүл өстүрүү – бул маданият

Ар бир мезгилге жараша адамдардын дагы суроо-талабы өзгөрүп турат эмеспи. Гүл өстүрүү менен алектенген Жолочу кызы Акылай аттуу нарындык кыздын айтуусунда, азыр бөлмө г ү л д ө р ү н өстүрүү кайрадан модага айланды. Гүл үйдүн көркүн эле а ч п а с т а н жан дүйнөгө дагы жакшы таасирин тийгизет. “Гүлдөр деле өзгөчө камкордукка муктаж болот. Мен гүлдөрүмдүкүнөсканада эмес, үйдө, бир бөлмөдө өстүрөм. Азырынча күнөскана ачуу үчүн каражат топтоп жатам. Негизи күнөскана иштетип, гүл өстүрүү менен алектенип саткандар орустар менен күрддөр, кийинчерээк айыл жерлериндеги кыргыз кыз-келиндери дагы гүл өстүрүп, кандай кам көрүү керек, азыктандыруу, көбөйтүү туурасында изденип, окуп, тажрыйба топ-топ жатышат. Мага гүл алуу үчүн Нарындан эле эмес, Балыкчы, Ысык-Көлдүн тегерегиндеги айылдардан дагы байланышып, буюртма беришет. Жайдын күнү көчөлөрдө сатылып жаткан ромашка, георгинге окшогон талаа гүлдөрүн деле эл жактырып, сатып алышат. Ага салыштырмалуу бөлмөдө гүл ачып турган гүлдөр адамга кандай кубаныч тартуулайт. Гүл өстүрүүнүн дагы өзүнчө маданияты болот экен. Ар бир гүлгө өзүнчө камкордук керек. Жаңы баштаганда бир топ катачылыктарды кетирдим. Азыр гүлдөрдүн 50дөн ашык түрүн өстүрөм. Жаз жакын-дап калгандыктан азыр жаш көчөттөрдү бөлүп, отургузуу менен алектенип жатам. Элдин гүлгө болгон талабы жылдан-жылга өсүп жатат. Демек, гүл бизнеси дагы алдыга жылып, аны өстүрүү маданияты кеңири жайылат деп ойлойм”, –дейт Акылай.

 Кызыктуу маалымат:

  •  Гүл сатып алуучу өлкөлөрдүн ичинен Германия, АКШ, Франция, Британия, Нидерландия, Жапония, Швейцария алдыңкы орундарда турат. Россия дагы акыркы он жылда гүл сатып алуунун көлөмүн көбөйткөн (2018-жылы 1,6 млрд. даана сатып алган).
  • Гүлдү эң көп экспорттогон өлкөлөрдүн башында Колумбия, Голландия, Кытай, Эквадор жана Африка өлкөлөрү турат.
  •  Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянсак, дүйнөдө гүлдү чекене сатуудан түшкөн пайда 2002-жылы 24,3 млрд. доллар болсо, 2013-жылы 25,7млрд. доллар болгон. 2019-жылда дүйнөлүк гүл рыногунун жалпы көлөмү 40-45 млрд. долларга жеткен жана төмөнкү үч компания алдыга чыккан:
  1. Ball Horticultural (АКШ);
  2. Syngenta Flowers (борбордук кеңсеси Швейцарияда жайгашкан);
  3. Dummen Orange (Голландия).
  •  Акыркы он жыл ичинде Кения, Танзания сыяктуу экономикасы чабал өлкөлөр гүлдү экспорттоо менен киреше табуунун жаңы жолун ачышкан. Латын Америкасынын өлкөлөрү да өстүргөн гүлүн АКШ, Европа жана Япония сыяктуу өлкөлөргө сатышат.

 Гүл сүйүүчүлөр үчүн:

  •  Бөлмө гүлдөрүнүн эң кымбаты – орхидея. Падышалардын гүлү деп аталат.Бир даанасы 1000-2500 сомдон өйдө.
  •  Голландиялык розанын бир даанасы 200-250 сом. Көбүрөөк алгандарга арзандатуулар болот. Бийиктиги 80-100 см болгон кызыл розаларга баа башынан жогору. Ак, күлгүн түстөгү розаларды үлпөт тоюна көп алышат.
  •  Кениялык розалардын чанактары кичирээк болгондуктан бир даанасы 170 сомдон. Бийиктиги 60-70 см.
  •  Кытайдан келген бөлмө гүлдөрү каланхоэ, гусманиянын баасы 700-800 сом. Отургузулган идишине карата баасы өзгөрүп турат.
  •  Голландиялык хризантемалардын бир даанасы 150 сом, бизде өстүрүлгөнү 80 сом.
  •  Февраль жана март айынын ортосунда жоогазындар сатылып баштайт. Голландиялык жоогазындын бир даанасы 80 сом болсо, биздикилер 100-150 сом болот. Бул гүл 8-мартта жакшы сатылат.
  •  Гвоздика _______ED карылар күнү, жеңиш майрамында көп сатылат. Бул гүлдөрдү азыр азыраак өстүрүшөт. Баасы башкаларга салыштырмалуу кыйла арзан.
  •  Бөлмө гүлдөрүнөн герань, фикус, олеандр, рео, жасмин, алоэ, бальзамин ж.б. түрлөрү менен чоң-кичинесине жараша

Аида Надырбаева, «Кыргыз Туусу»