Анатай ӨМҮРКАНОВ: «Сөз эркиндиги деп эле болбогон сөздү сүйлөп, айтпаган нерсени айтты деп жазыштын өзү бул – улутка урулган бычак»

Кыргыз эл акыны, публицист Анатай Өмүрканов менен журналистикадагы басып өткөн жолу тууралуу маек курдук.

– Анатай агай, ал кездеги “Советтик Кыргызстан”, азыркы “Кыргыз Туусунда” да иштеген экенсиз. Ошол күндөргө бир кайрылсаңыз?

– «Советтик Кыргызстанга» редактор Насырынбек Жаналиев агайдын тушунда келгем. Ал убакта бул кызматка кириш кыйын болчу. Себеби, талап-тартиби катуу эле. Агай мага бул талаптарды түшүндүрүп, анан кызматка алган. Андан кийин Анаш Абакиров, кийин Жаныбек Турсунов редактор болуп келди. Ушул үч редактор менен иштештим. Бул туңгуч гезитибиздин кадыр-баркы эл арасында аб-дан жогору болчу жана чындыкты гана жазчу. Чала сабат же туура эмес жазылып калган материалдар болсо журналисттер жумуштан кетчү. Тартип мыкты эле. Жаз болобу, жай болобу, кыш болобу костюм галстукчан жүрүш керек болчу. Жаныбек Жумалиевич “Силер БКнын органында иштейсиңер” дечү. Тартип катуу болсо кызматкерлер ошого көнөт. Мелис Абакиров деген жазуучу бар эле, адегенде ошол кетти. Андан кийин басмага мен кеттим. Азыр Мелис Абакиров Кыргыз эл жазуучусу. Ал фельетонду укмуш жазчу. Кыргызстанда андан ашкан фельетонист жок болчу. Анын ар бир жазылган фельетонунан кийин райондун биринчи катчылары иштен ыргып турчу. Илгери гезиттердин кадыр-баркы бийик болчу. Ал эми азыр баары Фейсбукта олтуруп, оозуна келгенди жазып жатышат. Бул нерсенин акыр түбү жакшылыкка алып барбайт, чара көрүлбөсө болбойт.

– Ал учурдагы журналист коллегаларыңыздын кызыктуу, тамашалуу жоруктары болсо айтып кетсеңиз?

– Эми ал кезде жумушта кайдагы тамаша. Шарактап күлбөйт элек. Мен ушул нерсебизди сыймыктануу менен айтам.

– Сиз саясий сатирага да кайрылып жүрөсүз. Күндөлүк басма сөздө саясий сатиранын орду канчалык?

– Эми сатира деп деле айтууга болбойт го, мен өзүм сатирик эмесмин. Сатиранын жөнү такыр башка. Мисалы, Мидин Алыбаевди, Райкан Шүкүрбековду алсак, булар тубаса сатириктер. Бир жагынан алардын жазгандары ал кездеги гезит-журналдардын көркүн ачса, экинчи жагынан коомдо болуп жаткан кемчиликтерди сатиранын тили менен көзгө сая көргөзүп ту-рушчу. Мына ушундай сатира дейт. Ар нерсенин өсүп-өнүгүшү үчүн мамлекеттик камкордук керек. Айталы СССР деген адабиятка, маданиятка биринчи көңүл бурчу. Бул Ленинден калган осуят болчу. Кыргыз адабияты менен искусствосунун биринчи декадасы 1939-жылы Москвада өткөн. 1958-жылы экинчи декада болду. А үчүнчүсү болгон жок. Ошондо биздин адабият, искусстводон кимдердин гана аты чыгып, канчалаган таланттар таанылбады. Баары айтып калчу биз казактардан оздук деп. Ал эми азыр мамлекет өнөр адамдарын карабайт, калемгерлерге гонорар төлөбөйт. Мисалы үчүн “Советтик Кыргызстан” гонарар төлөчү. Кимдин сатирасы же башка чыгармасы, макаласы чыкса гонорар төлөп берчү. Аазыр төлөбөйт. Ошол үчүн өнөр адамы көчөдө калды. Өнөр адамы көчөдө калган эл эч качан жарыбайт.

– Улуу муундагы журналист катары учурдагы сөз эркиндигине кандай баа бересиз?

– Сөз эркиндиги деп эле болбогон сөздү сүйлөп, айтпаган нерсени айтты деп жазыштын өзү бул – улутка урулган бычак. Андай болбош керек. Ага тыюу салыш керек. Антпесе өсүш болбойт.

– Журналистикадагы өсүп келе жаткан жаштарга насаатыңыз?

– Жогорку окуу жайларындагы журналистика факультеттеринде азыр жыргатып деле билим бербейт. Өзүм лекция окуган окутуучулар менен сүйлөшүп жүрөм. Адам өзү үйрөнүшү керек. Жалаң кыргыз тилди жакшы билип эмес, орус тилин, башка тилдерди дагы түшүнгөндөй болушу керек. Орустун журналистикасын үйрөнүшү зарыл. Айтпадымбы антип өзүн-өзү өстүрбөсө бизде билим бербейт. Журналистикага келген ар бир кыз, бала өзүнө жоопкер болушу керек да. “Мына мен окууну бүтүп иштеп жатам, эмне үчүн тигиндей жакшы жаза албайм?” деген суроону коюшсун өздөрүнө. Эсенбай Нурушев деген мыкты журналист бар. Ушул жерде экөөбүз чогуу иштечүбүз. Менин чоңум болчу ал. Мына азыркыга чейин жакшы мамиледебиз. Иштеген жерден дос, курдаш, теңтуш бир туугандай болгон адамдарды күтүп алгыдай болушу керек. Андай адам, мүмкүнчүлүк андан кийин табылбайт.

Асель РАМАНКУЛ кызы, «Кыргыз Туусу»