Ата жолун улап журналист болом

Убакыт учкан куш болуп билинбей эле залкар акын, “Жалгыздык”, “Мел-мил”, “Нөлү  көп жылдар”,
“Жүрөктөгү бороон” аттуу мыкты поэтикалык китептердин автору Зайырбек Ажыматовдун көзү өткөнүнө тогуз жарым ай болуптур. Жалындай курч, өрт ырлары бар акындын ырларын сүйүп окуган, анын теледен, радиодон толкунданып ыр окуганын уккан, көргөн эл чыгаан калемдешибиздин көзү өткөнүнө азыр деле ишене албай турат. Тирүүлүктүн кербенин улапакындын үзөңгүлөштөрү, калемдештери аны аргасыз жоктоп калдык. Буга чейин жаратын ырбатып албайлы деп жүрүп жакында акындын тун кызы Айназик САМАГАНОВАны кепке тарттык.

Айназик, маркум агабыз, белгилүү акын Зайырбек Ажыматов көзү тирүү кезинде уул, кыздарынын кылык-жоруктарын көп айтып калчу эле. Азыр атаңыздын эмнелерин көп эстейсиз?

  – Атабыз Зайырбек Ажыматов кыргыз элине таанымал залкар акын экени менен уул, кыздары албетте, сыймыктанабыз. Тун кызы болгондуктанбы, айтор атам мени өзгөчө жакшы көрүп, аталык мээримин аяган жок. Элдик кишилер болуп, маданият, адабиятты түшүнсүн дечүбү, эс тартып калганыбызда бизди атам ар кандай маданий иш-чараларга, концерт, фестивалдарга көп  алып барды. “Адам үчүн эң маанилүү — бул билим. Ошондуктан көп китеп окугула. Турмушта канчалык кыйынчылыкка туш болсоңор да акыйкаттуулуктан тайбай, намыстуу болгула”,-деп басса-турса да айта бергени эсибизде бекем сакталып калды. Атам бош убактысында биз менен бирге болгонду аябай жакшы көрчү. Ишинен чыгары менен эч жакка кайрылбай үйгө келип, бирге тамактанып, балдары менен баарлашканга ашыкчу эле. өзү атасыз өсүп калгангабы бизге мыкты ата болгонго болушунча жанын үрөчү. Бизди кагып-силкип, баласынтпай ар бирибиздин оюбузду бийик коюп, маани берчү эле. Таң калганым, кээ бир аталардай так кесе “андай болбойт, мындай болушу керек же мен айткандай болот” дегенин укпадык. Бирок, ата катары баарыбызга туура багыт көрсөткөнгө далалат жасачу. Атамдын дагы бир өзгөчөлүгү – бирөөнү жамандап, өзүнүн ийгиликтерин айтып ашкере мактанчу эмес. Менде да атамдын ушул сапаттары бар.

 – Атаңыз дасыккан акын эле эмес, мыкты журналист катары да элдин эсинде калды. Сиздин ата жолун улантайын деген оюңуз барбы?

– Быйыл 11-классты аяктайм. Кудай буюрса, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика факультетине тапшырып, атамдын кесибин улантсамбы деген аруу тилегим бар. Бир кездерде чиймелеп ыр жазчу элем, кийин аным калып кетти. Балалык кылып атама ар күнү ар кайсы кесиптин башын айтып, мен бул болом, мен тигил болом дей берчүмүн. Ошондо атам  мен айткан кесиптердин жакшы жактарын, жоопкерчилигин, кыйынчылыктарын чечмелеп айтып берчү. Бирок, бир да жолу ошол мен айткан кесиптерди ал жаман кесип деп айткан эмес. Ошентсе да эс тартканы келечекте журналист болом деп эле келе жатам. Бул оюма атам да каршы болгон жок. Бирок, “кызым, журналисттик кесип кызга оор болуп калат, өзүң дагы жакшылап ойлонуп көр” деген. Бул оюма бекем туруп келечекте бул кесипти аркалайм деп турам. Бизден Мелис байкем ыр жазат. Анын аңгеме жазганга дагы шыгы бар.

 – Чыгармачыл адам болгондуктан ал киши балдарынын жеке майрамдарына да терең маани берсе керек?

– Ооба. Туулган күнүбүздө таң атпай туруп куттуктап, камдап койгон белегин берчү. Ар бирибиздин туулган күнүбүздү атам майрамга айлантып жиберчү эле.

 – Атаңыз үйдө кандай тамактарды жактырчу эле?

 Атам негизи тамакты тандап жечү. Бирок, менин тамактарыма бир да жолу сын айткан жок. “Кызым, эмкиде мындан да жакшы жасайсың”, – деп көңүлүмдү көтөрүп койчу эле.

 – Зайырбек байкенин калемдеш же досторунун балдары, кыздары менен байланышыңыз барбы?

 – Жакында эле мен Элмирбек байкенин балдары, кыздары менен тааныштым. Ага чейин атамдын досторунун балдарын таанычу эмесмин.

 – Кээде атаңызды эстеп, көкүрөгүңүздөгү бугуңузду кагаз бетине түшүргөн учурлар болобу?

 – Азырынча атам тууралуу эч нерсе жаза элекмин. Бирок, учурда атабызды эстебеген бир да күнүбүз боло элек. Күнүгө атам менен өткөн жакшы күндөрдү эстейбиз. Балким, кийинчерээк атам тууралуу көп жазат болушум керек. Эсимде, 1-классымда атамдын “Падыша эл” деген ырын “Замана” студиясында көркөм окуп, биринчи жолу интервью бергем. Кийин атам бир нече жолу чакыруу болгон жерлерге алып барып мени сүйлөткөнү эсимде.

– Атаңыздын акыркы китеби “Жүрөктөгү бороондон” кийин да бир китеп болгудай чыгармалары калыптыр. Аларды окуп көрдүңүзбү?

– Ооба. Атам көбүнесе ал чыгармаларында биз тууралуу кара сөз менен жазыптыр. Күнүмдүк эсте каларлык окуяларды элестүү чагылдырган экен. Азыр атамды тааныгандар да, тааныбаган карапайым адамдар дагы анын китеп-терин сурап кайрылып жатышат. Апрель айында атамдын жылдыгын өткөрүп алгандан кийин белибизди бекем бууп китептерин чыгаралы деп турабыз.

 – Билишибизче Зайырбек агабыз көп редакцияларда иштеди. Гезит-журналдарга чыккан макалаларын, чыгармаларын топтоочу беле?

– Негедир атам гезиттерди архив кылып жыйнаган жок. Бирок, бизде азыр атамдын макалалары, чыгармалары чыккан айрым гезиттер бар. Окурмандар алып кете берип китептеринен да бирден эле нуска калыптыр.

 – Азыр атаңыз түш үңүзгө көп киреби?

– Атам иштен келгенде дайыма “ата, келдиңизби?” деп сурасам “жок, кызым, мен эртең же бүрсүгүнү келем” деп тамашалап калчу. Атам жерге берилер түнү эле түшүмө кирип, түшүмдө адаттагыдай эле ишинен келип жатыптыр. Атама “Ата, сиз өлбөй калдыңызбы?”, – десем – “дарыгерлер адашып калбадыбы кызым”, –деп айтты. Ошондон бери дайыма эле түшүмө кирет.

 – Зайырбек байкенин дүкөн ачам деген тилеги өзүнүн көзү өткөндө ишке ашыптыр. “Эл азыгы” деп дүкөндүн аталышын ким койду?

– Ооба, атам да тиричилик кылыш үчүн былтыр апама дүкөн ачып берсемби деп жүргөн. Коронавирус чыкканда “дүкөндү бул оору таптакыр жоюлганда ачабыз, азыр аралыкты, санитардык талаптарды сакташыбыз керек” – деп калды. Тирүү адам болгондон кийин аракет кылып жан- сакташ керек экен. Дүкөндү былтыр жайында ачып, атам мурда айтып жүргөндөй “Эл азыгы” деп атадык.

 – Атаңыз бир топ республикалык, эларалык адабий сыйлыктарды алды. Булардын ичинен өзгөчө кубанган сыйлыгы кайсыл болду?

– Атам бул сыйлыгым жакшы, тигил сыйлыгым жакшы деп бөлчү эмес. Бирок, “Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери” сыйлыгын алганда жаш баладай кудуңдап аябай сүйүнүп жүрдү. Тилекке каршы, ал кубанычы көпкө созулбай калды.

 – Зайырбек агабыз коомчулукта өзүн таза, тыкан, салабаттуу алып жүрөр эле. “Атанын жакасын кыз агартат” дегендей кийим__кечектерин сиз да дайындап берип калсаңыз керек?

– Көбүнчө атамдын кийимдерин апам даярдачу. Апам эртең менен эрте туруп атамдын кийимдерин дайындап, чайын берип узатчу. Мен да кээде апама жардамдашып атамдын кийимдерин үтүктөп, тазалап калчумун. Чыгармачыл адам болгондуктанбы айрым учурда атамды ишине узатпай калсак таарынгансып калчу. Таң эрте биз менен чай ичүү, биздин атабызды жакшы маанай менен узатканыбыз ага аябай жакчу.

 – Өзүңүз залкар акындын кызы атанып мектепте да жакшы окусаңыз керек?

– Ооба, мектепте жакшы окудум. Буюрса быйыл билим уямды кызыл ат-тестат менен аяктайм деп турам. 11 жыл жалаң жакшы баалар менен окудум. Атам буга сүйүнүп: – “Кызым азамат, буюрса кийин мен тууралуу кызым айтат” – деп калчу. Кичине кезимде эле бир жерге барып калсак: – “Ой бул Зайырбек Ажыматовдун кызы турбайбы”, – дешип мага көп көңүл бурушчу. Ошондон улам кичинемден эле акындын кызы аталып жүрүү чоң жоопкерчилик экенин билем. Ошондуктан атамдын татыктуу кызы болуп, аны көп уят кылбаганга аракет кылам.

 – Атаңыздын ырларын, чыгармаларын азыр анализдеп окуп, мурда байкабаган нерселерди таба алдыңызбы?

– Көзү барда атамдын ырларына көп маани бербептирмин. Азыр ырларындагы таасирдүү, күчтүү, элестүү саптарына таң калып жатам. Бир жолу атамдын ырларын компьютерден терип берген элем. Кечээ карасам китептин артында “ырдын текстин терген Айназик Самаганова” деп жазылыптыр. Убагында ушуну байкап атама ыраазычылыгымды билдирбегениме абдан өкүнүп калдым. Азыр ойлосом атам бизди жанынан артык көрчү экен. “Силер кайсыл жерде болсоңор менин үйүм ошол жерде”,-дечү. Ал сөзүнүн баалуулугун азыр түшүнүп отурам. Бир жакшы жерге же айылга эс алып барып калса аз өтпөй бизди да ошол жакка чакырып алчу. Кээде туруп “кийин айылга барып жашасакпы” деп да калчу. Азыр атам менен бирге болгон ар бир көз ирмемди сагынып отурабыз.

«Мелис Совет уулу, Кыргыз Туусу»