«Билимди баалоо системасын өзгөртсөк окуучуларга стимул болмок»

Эгемендүүлүктү алгандан тарта эле өлкөбүздөгү билим тармагын реформалоо, билим сапатын жакшыртуу маселеси көтөрүлүп келе жатат. Тилекке каршы, бул тармак боюнча азырынча байкаларлык жылыш жок. Ошол эле мезгилде булл маселеде дайыма мугалимдердин, айрыкча элеттик мугалимдердин пикири, сунуштары көңүл сыртында калып калат. Ошол себептен “Кыргыз Туусу” гезити мындан ары ушул рубриканын астында элеттик мугалимдердин кызыктуу маектерин жарыялап турууну туура көрдү. Бул жолу ата-энеси, бир туугандары жана кайын атасы менен кайын энеси да мугалимдикти аркалаган, көп жыл Бишкектин мектептеринин биринде иштеп өзүн мыкты педагог катары көрсөткөн, учурда Ысык-Көл облусунун Түп районунда жашап жаткан кыргыз тили жана адабияты мугалими Нуржаз АСАНБЕКОВАны кепке тарттык.

 – Бир кезде Бишкектин мектептеринде иштеп, тажрыйбалуу педагог катары таанылдыңыз эле. Алыскы Түп районунда жашап билим берүү системасына азыр да кабатыр болуп жатсаңыз керек?

– Чынында бул тармакта азыр көйгөйлөр абдан көп. Менимче, билим берүү сапатын жогорулатыш үчүн ата-энелердин да билимин, маданиятын, түшүнүгүн өстүрүшүбүз керек. Ошол эле мезгилде окуучулардын жан-дүйнөсүн башка нукка буруп, ойготуу учур талабы болуп жатат. Ата-эне, мугалим, окуучу бир бүтүн болуп, эриш-аркак аракет кылбаса эч качан билим берүү сапатын жогорулата албайбыз. Тилекке каршы, азыр билим берүү түйшүгү мугалимге гана үйүлүп калып жатат.

 – Мугалим демекчи, айрым мектеп директорлору окуучулардын көзүнчө мугалимдерди тилдеп, кадыр-баркын түшүрүп койгон учурлар бар. Бул дагы билим берүү сапатына кандайдыр бир деңгээлде терс таасирин тийгизсе керек?

– Негизи бул педагогикалык этикага жатпайт. Мугалим окуучу эмес, ал чоң адам. Аны менен жай сүйлөшүп, кемчилиги болсо директор жеке өзүнө түшүндүрсө иш алдыга жылат. Тилекке каршы, пендечиликке салып айрым директорлор кол алдындагы мугалимдерге басынтуу менен мамиле кылган учурлар көп. Менимче, бул туура эмес. Азыр мугалим эмес керек болсо окуучунун укугу корголуп жатканда мугалимдин мугалимге чоң сүйлөөгө укугу жок.

 – Мугалимдик кесип чынында абдан оор. 13 жылдык эмгек жолуңузда бул кесипти таштап, башка адистикти аркалап кетсем деген ой болду беле?

– Андай ой болгон. Бирок, мугалимдик кесипти берилип сүйгөндүктөнбү же мугалимдин үй-бүлөсүндө тарбиялангандыктанбы, бул кесипти таштай албадым. Атам Асанбек Жунушев, апам Гүлнар Кошоева Кочкор районундагы Асыранбек Мааткеримов атындагы Эпкин орто мектебинде көп жыл эмгектенишкен. Ата жолун улап кийин мен, эки сиңдим жана иним дагы мугалим болдук. Кыскасы, бизди мугалимдер династиясы деп койсо да болот.

 – Мугалим катары бул кесиптеги сиз үчүн эң жагымдуу нерсе эмне?

– Мен үчүн эң жагымдуу нерсе окуучуларга татыктуу билим, тарбия берип алардын жылуу мамилесине, урмат-сыйына арзуу. Ар бир окуучунун өзүнчө жан дүйнөсү бар. Ошондуктан класста отуз окуучу болсо мугалим ар бирине жүрөгүнөн орун берип, алар менен дос да болушу керек. Албетте, окуучунун баары эле бирдей эмес. Бирок, чыныгы педагог аларды жаман, жакшы деп бөлбөйт. Окуудан жетишпей калган окуучуну мыкты кылууда ата-эне менен мугалимдин аракети маанилүү. Эгер кайсы бир окуучу сабакка анча көңүлдөнбөй, тентектик кылып жатса мугалим аны менен көзмө-көз сырдашып, анын ички максатын, көксөөсүн таба билиши керек. Кыскасы, балага мээрим төгүп, достой мамиле кылбаса мугалим жакшы натыйжага жете албайт.

 – Ачууга алдырып окуучуларга тилиңиз, колуңуз тийген учурлар болду беле?

  Андай учурлар жаш кезде болгон. Бирок, ал жоругума кийин өкүнүп, таарынтып алган окуучуларым менен тил табышып, достошконго аракет кылдым. Азыр андайга жеткирбей мамилени оңдоого тырышам.

– Сиздин баамыңызда азыр мугалим СССР убагындагыдай бааланып жатабы?

 – Союз мезгилинде мамлекеттик идеология, тарбия таптакыр башкача эле. Ата-эненин, окуучунун, мугалимдин да түшүнүгү азыркыдай эмес болчу. Ал кездеги мугалимге болгон урмат-сыйды азыркы менен салыштырып болбойт. Бирок, мугалимдер таптакыр эле кадыр-барктан кол жууп калган жок. Эл азыр да педагогдорду__сыйлайт. Болгону “бир кумалак бир карын майды чиритет” болуп өз кесибин жакшы аркалай албаган айрым мугалимдер жалпы педагогдорго сөз тийгизип коюп жатат. Мындай кесиптештер тааныш-билиш аркылуу ишке орношуп жатышканы жашыруун эмес. Ошол себептен ЖОЖдордо мугалимдик кесипке бала кезинен ушул адистикти дегдеп жүргөн, мектепти ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр кабыл алынса, билим берүү сапаты да кыйла жогоруламак. Тилекке каршы, бул жалпы коомдук көйгөй болгондуктан муну тез арада чечип жиберүү мүмкүн эмес.

 – Мугалимдик эмгек жолуңузда эсте каларлык кызыктуу окуялар көп болсо керек?

– Ооба. Бир жолу 9-класстын окуучуларына бүтүрүү экзаменинде «Тарыхый инсан – Курманжан датка» деген темада баяндама жаздырдык. Алымбек датканы өлтүрүп кеткенден кийинки окуяга боору ооруган бир окуучу: «Байкуш Курманжан эми эмне кылат, датканы өлтүрбөй эле койсо болмок. Бирок Курманжандын колдоочусу жолборс. Ага эми эч ким тийише албайт. Анткени эми анны жолборс коргойт», – деп жазыптыр. Окуп алып аябай күлгөнбүз. Балалык баёо сезим менен ал өзү кандай ойлосо ошондой жазыптыр.

 – Мугалим катары азыркы онлайн билим берүүгө ичиңиз чыктыбы?

 – Мындай билим берүү өз жемишин толук кандуу бере алган жок. Эгерде онлайн окутуунун багыттарын, максатын толук кандуу ишке ашырсак анын деле ийгиликтерин көрмөкпүз. Бирок, шартка байланыштуу айрым окуучуларда чөнтөк телефон же бирдик жок, кээ бир мугалимдерде компьютер, ноутбук жок болгондуктан сабактар ойдогудай өтүлбөй жатат.

 – Окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун кантип арттырса болот?

 Ал үчүн баалоо системасын өзгөртүшүбүз керек. Мисалы, ЖОЖдордогудай же Европадагыдай окуучунун билимин баа менен эмес балл__менен бааласак окуучуларга стимул болот беле деп ойлойм. Анткени “2” менен “3”түн же “3” менен “4”түн ортосундагы билим “3” менен бааланып калгандыктан окуучулардын көбү окууга кызыкпайт. Айрым окуучулар “канчалык аракет кылып даярданып келсем деле “3” алам, чала-була окуп жооп берсем деле “3” алам дешет. Ушундан улам баалоо системасын өзгөртүп, окуучуларды өздөрү кызыккан багыттарга басым жасоо менен бөлүп-бөлүп окутсак жакшы натыйжа болмок.

 – Сиздин оюңузча кыйын педагог начар окуган окуучуну өзүнүн предметинен мыкты окуучу кыла алышы мүмкүнбү?

– Албетте, кыйын педагог да окуусунан жетишпеген окуучуну бардык сабактардан отличник кылып жибере албайт. Бирок, өзүнүн сабагынан начар окуган окуучуну шыктандырып, кызыктырып отуруп жакшы окуучуга айландырган мугалимдер арбын. Тилекке каршы, начар окуган окуучуга таптакыр көңүл кош караган педагогдор да жок эмес. Мунун баары мугалимдин иш билгилигинен көз каранды.

 – Кыргызстандагы билим берүүнүн эмнесине сүйүнүп, эмнесине санааркайсыз?

– Билим берүүдө мени жаңы технологиялардын кеңири колдонулуп, интернет китептердин көп чыгып, билим алууга ар тараптуу шарттардын түзүлүп жатканы кубандырат. Окуйм деген окуучу азыр кайдан болбосун өзүнө керектүү булактарды таап окуй алат. Тескерисинче, билим берүүдөгү ойлондурчу маселе – биз мектеп бүтүрүүчүлөрүн заманга шайкеш келген билимдүү, тарбиялуу адам кылып чыгара албай жатабыз. Тилекке каршы, окуучуларыбыз татыктуу билимге, тарбияга сугарылбаган боюнча эле мектепти аяктап жатышат.

 – Акыркы мезгилде мектеп рэкетчилиги өтө чоң көйгөйгө айланды. Буга мугалимдерди айыптай алабызбы?

– Кандайдыр бир деңгээлде мугалимдердин да буга тиешеси бар. Бирок, окуучунун мындай ишке аралашып, аралашпоосу үйдөгү ата- эненин тарбиясынан толук көз каранды. ¯йдө ата-эне балага жетишерлик мээрим төккөн болсо ал бала эч кимге үстөмдүк көрсөтпөйт деп ойлойм. ªкүнүчтүүсү, балдардын курсагынын, кийим-кечесинин эле камын көрүп жүрүп көпчүлүк ата- энелер аларды туура тарбиялай албай калып жатышат. Эртеден кечке иште жүрүшүп же чет өлкөгө иштеп кетишип, баласынын эмне менен алектенип жүргөнүн билбеген ата-энелер бар. Ошондон улам бала агрессивдүү болуп чоңоюп жанагындай рэкетчиликке барып жатат. Балким, мугалим ушундай балдарга убагында көңүл буруп үйдөн ала албаган мээримди мектептен бере алса ал азаймак.

«Кыргыз Туусу» Мелис Совет уулу