Бишкекте катуу шамал бактарды сындырды

Ушул тапта Бишкекте болуп өткөн катуу шамал, бак дарактардын бутактарын сындырып,  айрым үйлөрдүн жана имараттардын чатырларын алып кетти.

Күбөлөр билдиргендей, Бишкектин Шопоков көчөсүндө бир терек сынып, токтоп турган жеңил автоунаанын мандай жагын басып калган. Андан тышкары электр зымдарын үзүп кеткени да айтылууда.

Эске сала кетсек, ӨКМ бүгүн Бишкекте ылдамдыгы секундасына 18-22 метрге жеткен катуу шамал болоорун билдирген.