«Кыргыз эл жомокторун сүрөт-китеп кылып чыгарам»

Кыргызда “жигитке жетимиш өнөр аздык” кылат деген сөз бар. Анын сыңарындай учурда сүрөтчүлүк, акындык, манасчылык жана график- дизайнердик өнөрдү бирдей алып жүргөн Самат Асылкеримов деген миң кырлуу жигит бар. Дайыма бир идеяны башында бышырып жүргөн бул замандашыбыздын тарткан сүрөттөрүн, жараткан эмгектерин карап отуруп көз тойбойт. Анын өзгөчөлүгү калем сап менен кандай керемет сүрөттөрдү тартса аны электрондук калемсап менен да графикалык планшетте укмуш келтирет. Анда таланттын кебине кулак түрөлү.

– Самат мырза, айылга кетип калыпсыз, шаардан тажадыңызбы?

– Чыгармачыл адамга чөйрө алмаштырып турган дагы жакшы экен. Чөйрө алмашканда көкүрөк дүйнөдө башкача ачылыштар, кубулуштар жаралат тура. Учурда айылда бекер жатпай бөбөктөргө арналган ырларымды жазып, “Кыргыз эл жомокторун” сүрөт кылып тартып жатам. Буюрса, жомоктордун 90 пайызы сүрөт, калганы текст болгудай кылып китеп чыгарсамбы деген тилегим бар. Себеби, чет өлкөлөрдө фантастикалык чыгармалар сүрөттүү комикс жанрында балдарга, чоңдорго ылайыкталып китеп болуп чыгып турат. Аларды балдар гана эмес чоңдор дагы кызыгып окушат. Ошондуктан балдар жомокторду текст түрүндө эле эмес элестүү сүрөт түрүндө да кабыл алышса алардын кыялдануусу, фантазиясы, сезим-туюму да өөрчүйбү деген максатта бул ишти баштадым. Азыр бөбөктөр чөнтөк телефондон түстүү сүрөттөрдү, оюндарды көрүп тез кабыл алып жаткандыктан биз дагы улуттук баалуулуктарыбызды баланын табиятына жараша сунушташыбыз керек болуп жатат. Жалаң текст болгондо бала жомокту жакшы түшүнбөй деле калышы мүмкүн. Ошондуктан балдар адабиятында сүрөттөр көп болсо ал балага түшүнүктүү жана таасирдү . болобу дейм.

 – Айылда жүрүп чыгармачылыктан алыстай түшкөн жоксузбу?

– Адам туура ойлонуп, туура иштесе чыгармачылыкты айылда туруп деле өнүктүрсө болот. Азыр заманбап технологиянын жардамы менен үйдө, тоодо отуруп алып деле маалымат, тажрыйба алмашып, иштей берсең болот. Болгону шаарда адамдар менен көбүрөөк алака, байланыш болсо, айылда байланыш азыраак болгону менен өзүңдү өзүң издеп, тарбиялоого кенен шарт бар.

– Бир топ белгилүү акындардын поэтикалык китептеринен адамды терең ойго сала турган сүрөттөрүңүздү көрүп жүрөбүз. Ар бир ырды окуп көрүп анан тартасызбы?

– Поэтикалык чыгармаларга сүрөтт өрдү тартканымдын себеби, жогоруда айткандай өзүм да ыр жазгандыктан чыгармачылык дүйнөгө жакынмын. Ыр китептерге сүрөт тартарда автордун чыгармаларын толук окуп чыгып, акын ырында кандай ойду бергиси келгенин түшүнүүгө аракет кылам. Айрым ырлар абдан элестүү жазылгандыктан аларга сүрөт тартуунун деле кажети жок. А кээ бир ырлар өздөрү сүрөт сурап турат. Мисалы, бир акындын он чакты ырына бир образ же бир пейзаж же бир каарман чыга берет. Ошондуктан бир нече чыгармага бир кыздын же жаратылыш сулуулугун графикалык сүрөт менен бергенге аракет кылам. Болжолумда бүгүнкү күнгө чейин он бештен ашык акындын китептерине сүрөттөрдү тартып бердим. Акындардын социалдык акыбалын жак-__шы түшүнгөндүктөн алардан өтө көп деле калем акы сурабайм.

– Сиз калем менен дагы, компьютер менен дагы сүрөт тартасыз. Жараткан чыгармаларыңыздын контурлары, сызыктары өтө так, чеберчилик менен берилгенин көрөбүз. Сүрөттөрдү көбүнесе кыл калем, карандаш менен жаратасызбы же компьютерде тартасызбы?

– Негизи сүрөт алгач акыл-оюмда жаралып, андан соң эскизи кагазга түшүрүлөт. Анан аларды китепке ылайыктап компьютерге түшүрөм. Себеби, кандай сүрөт болбосун басмага берерде компьютерге түшүрүп, аны бир сыйра жасалгалап чыгышат. Ошондуктан тартылган сүрөттөрдү компьютерге түшүрүп туруп алымча-кошумча өңдөрдү берем. Кээде тапшырыктарга жараша сүрөттөрдү кагазга же материалга тартам. Айрым учурда тапшырык ээсинин каалоосу боюнча графикалык планшетке электрондук калемсаптын жардамы менен тартып берем. Бирок, сүрөттү эмне менен тартпайын баары бири чыгармачылык түйшүк керек. Кыскасы, сүрөтчүлүктүн бардык жанры менен алектенип, изденип жүрөм. Дубалдарга сүрөттөрдү түшүрөм, майлуу боек менен пейзаж тартам. Укмуш бир чыгарма жаратып жибербесем дагы тапшырыктар боюнча көп эмгектерди жараттым. Өзүмдүн кесибим график-дизайнер бол-гондуктан көбүнесе графикалык чыгармалар менен көбүрөөк иштеп келе жатам.

– Билишибизче “Көчмөндөр оюнуна” да бир топ салым кошконсуз. Ушул сыяктуу кайсыл ири долбоорлорго эмгегиңизди сунуштадыңыз?

– Ооба, “Көчмөндөр оюнунда” Кыргыз Республикасынын Көркөм сүрөт фонду менен иштегем. Андан тышкары 2019-жылы график-дизайнер катары “Роза Отунбаева демилгеси” фондусу уюштурган “Жибек Жолу” интерактивдүү сүрөт көргөзмөсүнүн жасалгасын баштан аяк иштеп чыккам. Ошондой эле Көркөм сүрөт фондусу менен биргеликте улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгынын жасалгасына катыштым. А кал-ган учурда катардагы инсандардын сунушу менен ар кандай эмгектерди жаратып жүрөм.

– Чыгармачылык менен жан багыш азыр кыйын. Сиз алектенип жүргөн графикалык дизайн менен тыңыраак жан сактоого мүмкүнбү?

– Бул дайыма изденүүнү, эмгекти талап кылган кесип. Эгер графикалык дизайн менен алектенүүдө дайыма жаңы нерселерди жаратууга далалат болсо ал адам өзүн эле эмес башкаларды дагы багып кете алат. Анткени азыр ар кандай сайттарды шөкөттөөдө, логотиптерди жасап, бөлмөлөрдү кооздоодо, мультфильмдерди тартып, анимациялык кыймылдарды чагылдырууда графикалык дизайнерлердин, башкача айтканда сүрөтчү-дизайнерлердин эмгектери көп талап кылынат. Анын үстүнө азыр интернеттеги ар кандай кооздуктарды, шөкөттөөлөрдү, сайт беттеринин жайгашуусун график-дизайнерлер түзүп берет. Анан бир кесипти окуп бүтүрүп андан ары эмгектенбей, мага жумуш чыкпай жатат деп отура берүү тура эмес.

– Бир кезде “Манас” эпосун мультфилим кылып тартуу идеясын көтөрүп жүрдүңүз эле. Муну кантип ишке ашырсак болот?

– Баса, 2016-2017-жылдары Саякбай Каралаев фондунун көмөгү менен Данияр Жолдошбеков деген досум экөөбүз “Каныкейдин Букарга качышы” деген комиксти сүрөт менен тартканбыз. Негедир ошол комикс ушул кезге чейин элге чыкпай келе жатат. Негизи “Кыргыз эл жомокторун” тартып бүткөндөн кийин мен кыргыз эл дастандарын комикс жанрында тартканга өтсөм деп турам. Дастандарды тарткан соң акырындап “Манас”, “Семетей”, “Сейтекке” да кол жетет го деген оюм бар. Азыр айылда жүрүп манасчылык өнөр боюнча “Аян” аттуу беш мүнөттүк анимациялык тасма тартып жатам. ¯ч-төрт айда буюрса аны аяктап калам.

– Жакынкы убактарда өзүңүздүн сүрөт көргөзмөңүздү уюштуруу планы барбы?

– Мурда-кийин сүрөт көргөзмөмдү өткөргөн эмесмин. Келечекте өзүм иштешип жүргөн акындардын чыгармачылыгына байланышкан сүрөт көргөзмөмдү өткөрсөмбү деген максат бар. Орто кылымдагы ойчул, сүрөтчү Леонардо Да Винчинин “Поэзия – бул кулак уккан сүрөт, а сүрөт бул – көз көргөн поэзия” деген укмуш сөзү бар. Ошол сөзгө таасирленип өзүм менен замандаш кырк акындын чыгармаларына тартылган кырк сүрөтүмдү “Көз көргөн сүрөт, кулак уккан поэзия” аттуу көргөзмө кылып элге тартууласамбы деп жүрөм. Бул узак убакытты талап кылган процесс болгондуктан ал иш боюнча изденип жатам.

– Учурда жарык көрүп жаткан балдар адабиятында, окуу китептеринде көп каталар чыгып жатат. Сүрөтчү катары айрым китептердеги туура эмес берилген сүрөттөрдү байкай алдыңызбы?

– Ооба, айрым катачылыктарды байкап жүрөм. Балдарга арналган китептерде сүрөттөр баланын жаш өзгөчөлүгүнө жараша берилбей калып жатат. Мисалы, жаңы методикалык китептерге качанкы бир эски сүрөттөрдү коюп коюшат. Китеп чыгаруучу адистер ушул жагына көңүл бурушса жакшы болмок. Кээде жакшы сүрөттөргө туура эмес түс, боектор берилип калат. Ошондуктан жаңы методика менен чыгарылган китептерге заманбап жаңы сүрөттөр коюлганы жакшы го деп ойлойм.

– Бизде баланы өзүнө тарта турган, тарбиялык маанидеги кыргызча мультфильмдер жокко эсе. Булл жагынан сизде кандай сунуш, идеялар бар?

– Негизи кыргыз эл жомоктору эмне деген идеяларга, фантазияларга бай. Андан сырткары кенже эпосторубуздан баштап дүйнөлүк деңгээлдеги улуу “Манас” эпосубузда керемет идеялар бар. Ошолорду кыргызча, сонун мультфильмдер сериясы кылып тарта берсек болот. Учурда бизде анимациялык фильмдер тармагында иштеп жүргөн тажрыйбалуу жаш адистер көп. Бирок, алар өз эмгектерин негедир Ютуб каналына чет тилдеринде чыгарганга аракет кылышат. Анткени ал жакта көрүүчүлөр көп болгондуктан киреше да көбүрөөк. Ошол себептен алар башка нукка ооп кетип жатышат. Эгер мамлекет же бир бизнесмен каржылай турган болсо бизде кыргызча мультфилмдерди тарта турган таланттар өтө көп. Кол-буттан алып тартып кетерине ишенем.

– Өзүңүз Манас да айта калчу элеңиз. Азыр Манас айтып жүрөсүзбү?

– Мурда анча-мынча түш аяндар болуп Манас айтып калчумун. Бирок, убакыттын өтүшү менен манасчылыкты да кастарлап багуу керектигин түшүндүм. Антпесең ал өнөрүң деле бара-бара токтоп калат экен. Бирок, жалгыз калганда “Манас” айткым келип, бугумду чыгара айтып алам.__