Чет өлкөлүктөр талантыңа карап баа беришет

Чет мамлекеттерге кыргыз өлкөсүн ар тараптуу чыгармачылыгы менен таанытып келе жаткан Лира Севен айым менен маек.

 – Карантин убагында кайсы шаарда болдуңуз, кандай кыйынчылыктар болду?

– Ал убакта жаңы эле Дубайдан Бишкекке учуп келгем. Атам Догдурбай Урмамбетов экөөбүз филармонияда концерт коймокпуз. 20дан ашуун өзүм тиккен көйнөктөр ошондой эле шөкүлөлөр да көргөзмөгө чыкмак. Атамдын чыгармаларын 80 студенттен турган хор жана аккордеонисттер ойноп чыгышмак. «Шөкүлө майрамын» уюштурууну көксөп жатканбыз, бирок, пандемиянын айынан биздин концерт белгисиз мөөнөткө жылды. Өзүмдү алаксытуу үчүн, үйдү оңдоп-түзөө иштери менен алектендим. Ата-энемдин жанында болдум. Кыйын кырдаалда, жашоону кызыктуу кылыш өзүбүздүн колубузда. Адам баласы ар дайым умтулуп, жаңы нерселер менен алектенип, кыймыл-аракет кылбаса бат чөгүп кетет. Ошондуктан карантинден кийин дароо эле Жумадыл Эгембердиев уюштурган марафонго катыштым. Ысык-Көлдү велосипед менен айланып чыктым. Мени менен Рита Карасартова эжекебиз да катышты. Белгилүү инсандардын спортко кызыгуусу мени аябай таңгалдырды. Спорт адамдын ден-соолугун чыңдайт, оорудан да алыс кармайт тура. Ар дайым ден соолукка кам көрүү зарыл экен. Туура тамактанып, иммунитетиңди чыңдап турсаң итирейген КОВИД-19дан алыс болосун.

 – Шөкүлөлөрдү жасап конкурстарга катышканыңызды угуп калдым эле. Кандай конкурстар, кайсыл өлкөдө болду, кантип бул тармакка кызыгып калгансыз?

– Модельер-дизайнер катары Дубайда “Arab Fashion Week-2019” мода жумалыгына чакыруу алып, заманбап шөкүлө, кийимдерим менен көрсөтмөсүнө катышып келдим. Учурда Дубайда өтүп жаткан “Gueen of USSR 2020” конкурсуна Кыргызстандын атынан чакырылып, катышып жатам. Париж, Нью-Йорк шаарларында өтүүчү мода жумалыгына жолдомо алгам. Бирок, дүйнөгө жайылган коронавирус оорусу масштабдуу өтүүчү концерт, фестивалдарга тоскоол кылды.

 – Кыргызтанда иштеген оңойбу же чет мамлекеттерде иштеген жеңилби?

– Кыргызстанда чыгармачылык менен иштегендин өзүнүн оорчулуктары бар, бирок акчасы барлар ийгиликке тез жетишет. Өзүңүздөр көрүп жүргөндөй, акчасына таянган жылдыздар канча. Чынын айтсам, мен өз талантыма көбүрөөк басым жасадым, ушундан улам убактымды көбүрөөк кетирдим. Иштедим, тытындым, ойлогон ой максаттарыма жеттим. Биздин шоу-бизнестин эки тарабын тең көргөндөй болдум. Бирок, эмнегедир жан дүйнөм дагы умтулууну, башка мамлекеттерге чыгууну эңседи. Азыркы учурда дүйнө жүзүн кыдырам деген аруу тилегим орундалды деп айта алам. Чет өлкөлүктөр талантка, шыкка карап иштешишет. Балким тил билгендигимден да алар менен бат тил табышып кеттим окшойт. Чет мамлекеттин сахналарында болдум, кызыл килемчесинен да өттүм, андай жакка баарын эле чакыра беришпейт. Негизи чет мамлекеттерде деле иштеш жеңил эмес, мен келишим менен көп мамлекеттерди кыдырдым. Убакытка так, өз кесибиңдин майын чыгарышың керек. Колун жайып наны менен тосуп алышпайт. Өтө көп аракет кылып, жумушуңду 100 пайыз жакшы аткарган күндө гана сени менен иштешишет.

 – Чет өлкөдө ырчылыктан тышкары да башка жумуш менен алектенесизби?

– Ырчылыктан тышкары тикмечилик менен алектенем. Өзүмдүн «Design By Lira Seven» (Дизайн Бай Лира Севен) аттуу линиямды ачкам. Ал жакта улуттук кийимдердин заманбап үлгүсүн, өзүмдүн көз карашым менен ойлоп тапкан көйнөктөрдү тигип чыккам. Андан тышкары зымдан жасалган шөкүлөлөрдүн көргөзмөсүн өткөрдүм. Мындай шөкүлөлөрдү мурда эч ким жасай элек эле жана унутта калып бараткан. Кыргызстанды, кыргыз элин башка улуттар баш кийиминен, улуттук кийимдеринен тааныйт. Анын ичинде ак калпак, элечек, шөкүлө бар. Илгери шөкүлөнү тектүү жердин кыздары жана күйөөгө узап жаткан кыздар гана кийген. Азыркы учурда баш кийимдерибизди унутта калтырбоо максатында заманбап ыкмага салып тигип чыккам. Бүткүл дүйнө жүзүндөгү сулуу бийкечтер биздин улуттук баш кийимибизди кийип жүрүшсө деп тилейм.

 – Чет мамлекеттерге алгач каттап жатканда кандай кыйынчылыктарга туш болгонсуз?

– Эмнегедир чек ара, бажылардан көп суроолорду берип көпкө чейин кармашат. А кээ бир учурларда дароо эле таанышып “Лира Севен эми мында кайда учуп жатасыз?”, – деп тамашалап, жылмаюу менен өткөрүшөт. Ар дайым кызыктуу учурларга көп кездешем.

 – Учурда эмне менен алексиз?

– Азыркы учурда мен Москва шаарындамын. Mail.ru компаниясынын Гикбреинс аттуу окуу жайына тапшыргам. Окуу, окуу жана окуу демекчи, окууга тойбой койдум. Ойлоп турсам 7 жылдык консерваторияны, андан тышкары 6 жыл Эл аралык инновация технологиялар университетинде окугам. Көптөгөн диплом, сертификаттарым бар. Бирок мен үчүн бул да аздык кылып тургандыгынан улам IT жагын көздөп жатам. Мындан ары айтишниктердин арасында эмгектенем.

Асел СҮЙӨРКУЛ кызы, «Кыргыз Туусу»